Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия Кубогунун ⅛ финалында өз талаасында ойногон Бириккен Араб Эмирликтеринин командасына 2:3 эсебинде утулуп калды. Калыстын талаш жараткан чечиминин негизинде Кыргызстандын дарбазасына берилген пенальтиде орун алган гол чечүүчү болду.

Кыскача:

  • Кыргызстан командасы оюндун жүрүшүндө эки жолу эсеп сандарын теңеп, Турсунали Рустамовдун экинчи голу беттештин кошумча мүнөттөрүндө кирди.

  • Оюндун экстра-таймында кытайлык калыс Фу Минь Кыргызстан дарбазасына талаштуу пенальти белгилеп, Ахмед Халил 11 метрлик тебүүдөн гол киргизди.

  • Кыргызстан Азия курамаларынын арасындагы эң барктуу турнирден четтегени менен, команда өзүнүн тарыхындагы эң мыкты жыйынтыктарына жете алды.

Кененирээк:

Бириккен Араб Эмирликтеринин курамасы оюндун эсеп санын 14-мүнөттө эле ачышкан: Исмаил Матардын айып зонасына көтөрүп берилген тобун Халифа Исмаил башы менен Хамис Эсмаилге өткөрүп берип, ал башы менен Кутман Кадырбековдун дарбазасына таамай сокку узаткан.

12-мүнөт өткөн соң Кыргызстан эсепти теңеп, Кайрат Жыргалбек уулу топту оң канаттын түпкүрүнөн Ахлидин Исраиловго чыгарып берип, өз кезегинде ал топту Мирлан Мурзаевге өткөрүп берген. Ал эми Мурзаев эмирлик дарбазачы Халид Эйсти алдап өтүп, атаандашынын ээн дарбазасына гол киргизген.

Мирлан Мурзаев БАЭ курамасына гол киргизип жаткан учуру/Suhaib Salem, Reuters

Оюндун алгачкы жарым саатында БАЭ курамасынын үстөмдүгүнөн кийин кыргыз оюнчулары биринчи таймдын акырында жанданган. Бирок Александр Крестининдин командасы эң коопту абалды оюндун экинчи таймында жараткан.

53-мүнөттө Валерий Кичин Кыргызстан курамасын алдыга чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, бирок анын чимирте тепкен тобу дарбаза мамысына тийип калган.

Экинчи таймдын жарымында бир катар кооптуу абалдарды Бекжан Сагынбаев жараткан. Оюндун 59-мүнөтүндө Сагынбаев бурчтан чыгарып берилген топту дарбазага багыттап, бирок топ дарбазадан кайып өткөн.

Кыргыз курамасынын чабуулдук оюнунан пайдаланып, БАЭ курамасы каршылашынын коргоосунан жылчык таап, оюндун 64-мүнөтүндө кайрадан алдыга чыгышкан. Мустафа Юсуповдун кетирген катасынан кийин Али Мабхут Кадырбеков менен жалгыз чыгып, гол жараткан.

БАЭ курамасы голду белгилеп жаткан учуру / Сүрөт: AFC

Экинчи таймдын соңуда Кыргызстан топкө көп ээлик кылып, Эмирликтердин дарбазасына бир катар чабуулдарды уюштурган. Жыйынтыгында экинчи таймдын кошулган мүнөттөрүндө алмашуудан чыккан Антон Землянухин бурчтан көтөрүп берген тобун Турсунали Рустамов башы менен Эйстин дарбазасына таамай сокку узаткан.

Турсунали Рустамов (№7) кошумча убакытта эсепти теңеген учуру / Сүрөт: AFC

Бирок кыргыз командасы эсеп теңелгенден кийин психологиялык артыкчылыкты туура пайдалана албай калып, овертаймда атаандашынын кайрадан басым кылуусуна мүмкүнчүлүк берип койгон.

Матчтын кульминациясы болуп кытайлык калыс Фу Миндин 102-мүнөттө кыргыз дарбазасына койгон пенальтиси болгон. Калыстын чечими боюнча, Бекжан Сагынбаев өзүнүн айып зонасында Али Мабхутту жыгып койгон.

11 метрлик аралыктан тепкен Ахмед Халилдин соккусунун багытын Кадырбеков таба албай, топ кыргыз дарбазачысынын бутсысынан сантиметр аралыкта дарбазага кирди.

Ахмед Халил Кыргызстанга киргизген жеңиштүү голун майрамдап жатат / Сүрөт: AFC

Кошулган таймдын акыркы мүнөттөрүндө БАЭ командасы ээлик кылуусунда өткөн — оюнчулар убакыт чоюп, бир нече жолу талаага өздөрүнүн медициналык бригадасын чакырышкан.

Анткени менен Кыргызстан овертаймдын акыркы мүнөтүндө дагы чабуул уюштуруп, Турсунали Рустамов эки жолу өзгөчөлөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон, бирок анын соккусу дарбаза мамысына тийип калган.

Кыргызстан өзүнүн тарыхындагы биринчи Азия Кубогунда жаркын оюн көрсөтүп, турнир убагында киргизилген алты голу менен Азия Кубогунан четтелди.

БАЭ курамасы чейрек финалда 21-январда Өзбекстанды пенальтилер сериясында уткан Австралия командасы менен кездешет.

Тексттин үстүндө иштегендер:
Элвира Султанмурат кызы, Кайрат Замирбеков


Оюн кандай өткөн (тексттик трансляциянын архиви)