Депутат Мирлан Бакиров. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

ЖМКлар парламенттин депутаты Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин бардык экс-премьерлери менен спикерлерин өмүр бою камсыздоону сунуштады деп маалымат таратышты. Көп өтпөй эле Бакиров мыйзам долбоорун чакыртып алган, анткени журналисттер анын маанисин туура эмес түшүнүп алышкан. «Клооп» мыйзам долбоорунда чындыгында эле аткаминердерди өмүр бою камсыздоо маселеси каралып-каралбаганын текшерди. (Спойлер: жок)

Кыргыз басылмаларынын (мисалы, «Кактус», «24.kg» жана «Вечерний Бишкек») журналисттери Бакиров мамлекеттик бюджеттин эсебинен мурдагы премьер-министрлерге жана спикерлерге өмүр бою кызматтык унаа, күзөт, өлкө ичиндеги жана анын тышындагы сапарларга акча, мидициналык тейлөө, мамкамсыздандыруу жана мамлекеттик дача берүүнү сунуштады деп ырасташууда.

Коомдук желеде депутатты дароо эле сынга алып, мурдагы премьерлерлеге, спикерлерге жана президенттерге акчаларды өзү төлөсүн деп сунуштай башташкан.

Бир нече сааттан кийин парламенттин басма сөз кызматы сайтынан мыйзам долбоорду өчүрүп салган, анткени коом тарабынан «түшүнбөстүк» жаралгандыктан демилгечи документти чакыртып алган.

Негизи Бакировдун мыйзам долбоору эмне жөнүндө?

Журналисттер 30-январда Бакиров демилгелеген «Жогорку кызмат адамдары жөнүндө» мыйзам долбооруна таянышкан. Бул мыйзамда Бакиров азыркы президент, премьер жана спикер мамлекеттен алып жаткан артыкчылыктардын бардыгын тизмектеген — бирок кеп учурдагы аткаминерлер жөнүндө гана болууда.

Мыйзам долбоору бул шарттарды экс-премьерлерге жана экс-спикерлерге жайылтууну сунуштаган эмес. Ошондой эле, мыйзам долбоорунда экс-президенттер да эскерилген, бирок алар ансыз да «Жогорку кызмат адамдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик камсыздоого алынышкан.

Депутат Бакиров бул мыйзам долбоору менен экс-премьерлер менен экс-спикерлер үчүн кандайдыр бир материалдык камсыздоолору жок эле болгону ардактуу макам гана бекитип бергиси келгенин «Клоопко» курган маегинде айтып берди.

«Мыйзамда социалдык жана материалдык камсыздоо тууралуу эч нерсе жок. Мен аларды конкретүү күбөлүк менен аныктап, [аларга] болгону экс-спикер жана экс-премьердин макамын берүүнү айткым келген. Анын жардамы менен алар мамлекеттик мекемелердин имаратына ээн-эркин кирип чыга алышат, мисалы, парламентке же өкмөткө, тажрыйба алмашып», — деди Бакиров.