Иллюстративдүү сүрөт. Pixabay

Кыргызстанда кичинекей балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны өсүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эгер 2016-жылы алардын саны 4,6 миң болсо, 2017-жылы бул сан 8 миңге чейин өскөн.

Эмдөөдөн баш тарткан адамдар боюнча 2018-жылдын статистикасы дагы деле эсептелүүдө. Бирок, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, эмдөөдөн баш тарткандардын саны 7 миңди түзгөн.

Эмне үчүн балдарды эмдетүүдөн качуу — бул көрөгөч чечим эмес экенин айтып беребиз.

Эмне үчүн эмдөө маанилүү?

Эмдөө «аскерий машыгууларга» окшош: иммундук система реалдуу коркунучка чалдыкканда ал натыйжалуу реакция кыла алгыдай кадамга даярдайт.

Вакциналардын курамында өлүк же алсыз бактериялар жана вирустар бар. Алар адамдын, кичинекей баланын организмине иммундук системаны бекемдөө үчүн киргизилет.

Организм үчүн бөтөн клеткаларды аныктоочу иммундук система алар менен күрөшө баштайт. Ал антителолорду иштеп чыгат — бул өзгөчө коргоочу белоктор.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, эмдөө жыл сайын кептөөр, көк жөтөл, кызамык же тырышма сыяктуу оорулардын 2 млндон 3 млнго чейинки өлүм учурларын алдын алууга көмөктөшөт.

Эмдөө адамзатты суу чечек сыяктуу оорудан арылтууга жардам берип, полиомиелитти дээрлик жок кылды. Азыр болсо окумуштуулар гонорея, рак жана АИВ-инфекция сыяктуу ооруларына каршы вакциналардын үстүндө иштөөдө.

Эмдөөдөн өтпөсөм деле ден соолугум чың

Эгер сиз эмдөө жасаткан эмес болсоңуз, анда бул сизди коркунучка кептейт.

Адам тоого чыгып, ал жактан аны энцефалит жуктурган кене чагып алды дейли. Бул оору ага каршы эмдөө жок болгон учурда өлүмгө алып келиши ыктымал.

Экинчи мисал — кызамык. Ал өтө жугуштуу жана аба менен кошо берилүүчү оору. Кызамык өлүмгө алып келет, өзгөчө бул кичинекей балдарда байкалган болсо. Ага каршы эмдөө бар, ал эки жолу жасалат: бир жашта жана алты жаш куракта. Ишенапысованын айтымында, кызамыкка каршы бул эки процедура адамдын иммунитети ооруга туруштук бергидей болушу үчүн жетиштүү.

Билип туруп эмдөөдөн баш тартуу — Кыргызстандын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү. Ал Европадагы кызылча эпидемиясынын себептеринин бири — бул тууралуу европалык ЖМКлар 2018-жылдын августунан тарта жазып келишет.

ДСУнун маалыматы боюнча, Европада 2018-жылы кызамыктын дээрлик 60 учуру катталган. Бул 2017-жылга караганда эки эсе көп. ДСУ эмдөөдөн баш тартууну «2019-жылы ден соолукка каршы 10 глобалдуу коркунучтардын бири» деп атаган.

Эмдөөдөн баш тартуу эмнеси менен кооптуу?

Кичинекей баланын кызылча, көк жөтөл же тырышма оорулары сокурлукка же пневмония сыяктуу ар кандай кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Ал адам өлүмү менен аякташы да ыктымал.

Эмдөөдөн массалык түрдө өтүү оорулардын алдында жамааттык иммунитетти колдоого жардам берет. Эгер аны кылбаса, анда эмдөөдөн өткөндөн соң жайылышын токтоткон сейрек кездешүүчү илдеттер тескерисинче адамзатка маселе жаратып коюшу мүмкүн.

Вакцинация эмделген адам ооруп калбайт деп ишеничтүү кепилдик бербейт. Бирок, эмделгендер инфекцияны жугузуп алса, анда алардын оорусу жеңилирээк формада өтүп, өөрчүшүп кетүү коркунучу кыйла аз болот.

Вакцинанын курамында чочконун каны жана сымап бар дешет. Чын эле ошондойбу?

Вакцинада эч кандай чочконун каны жок, буга кабатырланбай эле койсо болот.

Сымап жөнүндө айтышканда кеп тиомерсал тууралуу болот — бул айрым вакциналарга кошулган сымап кошулмасы бар консервант.

Вакциналарда тиомерсалды колдонуудагы коркунучтар тууралуу 1990-жылдардын аягынан баштап эле айтылып келет — ага каршы чыккандар бул зат ден соолукка залал келтирет деп ырасташкан. Бирок ДСУ бул коркунучтар тастыкталбаган бир катар изилдөөлөр менен байкоолорду жүргүзүшкөн.

Анын үстүнө, вакцинанын бир дозасындагы тиомерсалдын саны абдан аз, андыктан ал зыян келтире албайт. Эгер сиз сымаптан корксоңуз эмдөө кылганыңыз оң, бирок тонбалыктарды жебеңиз. Анткени анын курамында сымаптар алда канча көп болгондуктан, чын эле ден соолукка коркунуч алып келет.

Эмдөө кичинекей балдардагы аутизмдин өөрчүшүнө түрткү болобу?

Жок.

Мындай кептер гастроэнтеролог Эндрю Уэйкфилддин кызылча-паротит-кызамыктан (КПК) эмдөөнүн киргизилиши аутизмдин өөрчүшүнө түрткү бериши ыктымал деген изилдөөсүнө негизделет. Уэйкфилддин изилдөөсүн 1998-жылы медицина боюнча беделдүү The Lancet журналы жарыялаган.

Бирок бул тема боюнча жүргүзүлгөн кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, аутизмдин өөрчүшү менен вакцинациянын ортосунда байланыш жок — Уэйкфилд жаңылган.

Уэйкфилддин теориясы боюнча окуя аны атайын бурмалады деген айыптоолор менен аяктаган. 2010-жылы британиялык бийлик анын медициналык тажрыйбалар менен изилдөөлөрдү жүргүзүшүнө тыюу салган.

Дин боюнча кандай? Исламда эмдөөгө тыюу барбы?

Исламда тыюу жок. Андан тышкары, мусулман өлкөлөрү эмдөөнү кеңири колдонушат. Мисалы, Сауд Арабиясы. Эгер сиз ыйык жерлерге же ажылыкка баргыңыз келсе, анда сиз керектүү эмдөөдөн өтүшүңүз керек, болбосо ал өлкөгө кирүүгө уруксат бербей коюшат.

Теолог Бактыяр Токтогазы уулунун айтымында, дүйнөдө бир да дин адамды ден соолукту чыңдоо жана оорулардын алдын алуу маселелеринде чектебейт. Тескерисинче, ал ден соолукка аяр мамиле кылууга үндөйт.

Эмдөө организмдин кыйыр реакциясын жаратпайбы?

Эмдөө кыйыр реакция болушун четке какпайт. Негизинен ал ийне сайылган жерде кызаруу, көгөрүү, мурун бүтүү, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу учур менен байкалат.

Ишенапысованын айтымында, эмдөөдөн кийин болгон организмдин мындай реакция көрсөтүшү кадыресе эле нерсе жана андан коркпоо керек.