Сүрөт: jcomp / Freepik

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат. Бул колонканын автору — сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча консультант Айканыш Эралиева. Анын телеграм каналына жазылып, секс жөнүндө жана бул боюнча башка да кызыктуу маалыматтарды алыңыз.

Сексуалдуулук — көрк же интеллект сыяктуу адамдын инсандык элементтеринин бири, ал эми секс — коммуникациянын ыкмасы. Бирок көпчүлүгүбүз өз каалоолорубузду айтууну билбейбиз. Ошондуктан, секс темасы «уят» деп эсептелинет. Мындан улам, биз дагы деле секс жөнүндө, аны канткенде жагымдуу жана коопсуз кылууга болоору тууралуу кеп козгоону билбей келебиз.

Бүттүңбү? Оргазм алдыңбы? Сага жактыбы? — деп сурады ал менден дароо эле секс бүткөндөн кийин.

Мм… ооба… — деп оңтойсуз жооп бердим аны капалантып алуудан коркуп, калп айтканым аз келгенсип өз сөздөрүмө ишенүүгө аракет жасап.

Ал менин жигитим жана ал мага жагат, буга чейин бизде өбүшүү жана ойноктошуу сыяктуу нерселер болгон. Бирок эмне үчүн мага секс жакпай калды?

Бир эле маалда мамиледе болуп же адамды акылдан адашкыча сүйсөң болот, бирок бул силердин алгачкы жыныстык катнашыңар кинодогудай укмуштуу жана кумарлуу болот дегенди айгинелебейт. Эгер силер мамиледе болуп, бири-бириңерди сүйсөңөр, бири-бириңерди сөз айтмайын түшүнө албайсыңар, айрыкча секс учурунда. Ошондуктан секс ачык сүйлөшүү менен коштолушу керек.

Албетте, секс менен катар эле өз каалоолоруң тууралуу айтуу оңой эмес, өзгөчө кыз киши үчүн. Кыз сексте бир нерселер жаккан жок же башкачараак бир өзгөчөлүктү каалап жаткандыгы тууралуу ооз ачаары менен ага толгон-токой ярлыктар тагылып калышы мүмкүн. Ал эми аягында өнөктөшү ага таптакыр эле басмырлоого кирген “фригиддүү” деген диагноз коюп салышы ыктымал.

Секс жөнүндө сүйлөшүү үчүн учурду туура тандоо маанилүү. Аны адамдар көп жүргөн жерде же болбосо секс учурунда баштабоо керек. Силерге эч ким тоскоол жаратпагандай жана бири-бириңерди шашпай угуу үчүн жетиштүү убакыт талап кылынат.

Башында силер секстен эмне алгыңар келип атканын түшүнүп алууңар керек — бул өнөктөш менен диалог түзүүгө жардам берет. Маектешүүнү дайыма «сен» эмес, «мен» деген сөздөн баштоо зарыл. Эгер «сен» деген сөздү колдонсоң маектешүү кол салуу же айыптоо сыяктуудай көрүнүп калышы мүмкүн. Ал эми адамга кол сала баштаганда ал коргоно баштайт. Ошондо анан силер эч бир ымалага келе албай каласыңар.

Мисалы, эгер силерге секстин алдында ойноо жакса, анда диалогду мындай сөздөр менен баштаса болот: «Мага сенин моюнумду/колдорумду/бетимди/чачымды сылаганың жагат. Бул мени жумшартат. Секс учурунда буга көбүрөөк маани беришиңди каалайт элем».

Эгерде сизге каалооңузду түшүндүрүш үчүн сөз жетишпей жатканын түшүнсөңүз, анда өнөктөшүңүздүн колун алып, сизди кандай кармаган жагаарын көрсөтө аласыз. Атүгүл бул оюнга да айланып кетиши мүмкүн — денени көбүрөөк таануу үчүн эксперимент.

Ошентип сиз өнөктөшүнүздү өзүңүзгө жакпаган нерсени жасады деп айыптабай, тескерисинче ага жагымдуу нерсе кылганга жардам берген болосуз.

***

Секстеги бир нерсе жакпай калган учурларда ал жөнүндө өнөктөшкө айтып, аны капалантып алгандан көрө бир аз чыдап, үн катпай коюу артыгыраак деп көп ойлоносуң. Бул туура эмес, анткени андан эч кимге деле жакшы болуп кетпейт — өзгөчө сизге. Эгер секс кандайдыр бир жаман, жагымсыз жана «каалабастан» болуп аткан нерсени чагылдырса, анда ал ырахат алуу ыкмасына эмес, өзүңө кыйноо алып келүүчү ыкмага айланып кетет.

Жаман көрүнүп, өнөгүмдүн сезимин жаралантып алам же ал сизди туура эмес түшүнүп алат деген ойлордон коркпош керек.

Сүрөт: sasint / Pixabay

Жогоруда айтылгандай эле башында сизге эмне жакпай калганын так түшүнүп алган оң. Мындай диалогду да «мен», «менин байкашымча», «мен каалайт элем» жана башка ушундай сыяктуу сөздөрдөн баштоо зарыл.

Мисалы, өнөктөшүңүздүн секс учурунда сизди чачтан алып же тиштегилегени жакпайт деп коёлу. Андай учурларда диалог болжолдуу мындай болушу керек: «Мага дененин ооруганы жакпайт. Күчкө салып чачтан алуу менен денемди оорутуп жатасың, бул мага жагымсыз. Мындай учурларда мен ырахат ала албай калам. Кошулуу учурунда мындай кылбай эле коёлу». Же болбосо сизге тиштегилеген жагат, бирок ал кандай күч менен болуп атканы жакпай атат дейли, бул учурда өнөктөшүңүз менен бирге жеңил тиштегилөөдөн баштап, алтын ортону таап алсаңыздар болот.

***

Секс аркылуу ички дүйнөгө жол ачып, ырахатка батса болот. Бирок бул үчүн сүйлөшүп, өз эмоцияларың жана сезимдериң менен бөлүшүп, эмне жагаарын же жакпасын айтып, эмнени баамдап көргүңүз келээрин сүйлөшүп туруу маанилүү.

Тилекке каршы, биз бири-бирибиздин ойлорубузду окуй албайбыз. Ал эми мектептен секс боюнча билим албай калганыбызды эске алуу менен бизде жыныстык катнаштан толук ырахат алууга жолтоо болуучу стереотиптер толтура болушу мүмкүн.

Секс — бул адамдардын ортосундагы коммуникация болгонуна карабастан, аны ар ким ар кандай кабыл алат. Кимдир бирөөгө секс — бул тукум улоочу ыкма; кимдир бирөөгө — бул өз сүйүүсүн, сезимдерин билдирүүнүн жана жакын болуунун мүмкүнчүлүгү; башкалар үчүн бул болгону ырахат алуунун же болбосо физикалык чарчоодон эс алуунун жолу. Сиз үчүн секс кандай гана мааниге ээ болбосун, анда дайыма ачык диалог болушу керек. Анткени бул секстин коопсуз жана жагымдуу болушун шарттайт.

Айканыш Эралиева