Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Аталган материал СЭПОнун (Швециянын мамлекеттик коопсуздук кызматы) соттук териштирүүгө чейинки докладынын негизинде даярдалды. Докладды швед жана кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн «Клооптун» журналисттери менен котормочулары которушту. Материалды жазууда сертификацияланган котормочулар тартылган эмес.

Жылнаамада апрель айынын акыркы күнү, сааттын жебесинде таңкы 4:23. Швециялык куралчан спецназ тобу Стокгольмдон анчейин алыс эмес Сибелиусганген шаарчасындагы турак-жайдын алдында буйрук күтүп турушат.

Бир нече мүнөттөн кийин 1703-батирдин эшиги тарс ачылып, күч органдары шектүүлөрдү алаксытуу үчүн чакан үйдүн жалпы бөлмөсүнө үн гранатасын ыргытышат. Биринчилерден болуп алар кыргызстандык Атабек Абдуллаевди байкашып — аны ашкананын ичинде кармашат. Андан кийин чогуу жашаган кошунасы өзбекстандык Бахтиёр Умаров коридордо колго түшөт. Кармалгандарды автоунаага отургузуп убактылуу кармоочу жайга алып барышат. Жолдо баратканда тергөөчү Абдуллаевге бир нече суроо бергенге аракеттенет, бирок ал англисче да, шведче да түшүнбөйт.

Атабек Абдуллаев Ош шаарына жакын айылдардын биринде туулуп өскөн. Ал чет өлкөгө 500 миңдеген кыргыз мигранттары сыяктуу эле жакшы жашоо жана алгылыктуу киреше табуу максатында чыгып кеткен. Атабек 2017-жылдан тарта Швецияда жарым жартылай легалдуу жашап иштеп жаткан. 2018-жылдын жазында швед бийлиги Абдуллаевди террористтик уюмдарды каржылоого жана террористтик актыларды даярдоо боюнча айыптады. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

***

2006-жылы Атабек Абдуллаев акча табуу үчүн Орусияга келет. Ал жакта үй-бүлөсү менен жашайт. Курулушта иштеп жатып Өзбекстандан келген качкын Давид Идриссонду (ал учурда өзбекстандыкты Фарход Ташмухамедов катары таанышчу) жолуктурат.

Силер качантан бери жакын дос болуп калдыңар эле — Швециядабы же андан да эртеби?

— Биз бири-бирибизди 2006-жылдан бери билчүбүз, Орусияда таанышканбыз. Ошол мезгилде чогуу иштечүбүз. Үй-бүлөбүз менен чогуу жашачубуз — кошуна турат элек.

(тексттеги бардык цитаталар СЭПОнун докладындагы сурак протоколдорунан алынган)

Кийинки жылы Идриссон Швецияга көчүп барып, аты-жөнүн өзгөртөт. Атабек эски досу менен байланышты жандантып, тогуз жылдан соң, 2017-жылы анын жанына барат. Атын өзгөрткөн эски досунун жаңы жашоосу болгон. Давид Идриссон эми — бизнесмен. Ал Абдуллаевге жумуш табууга жардам берүүгө аракеттенет. Атабек Кыргызстандагы карыздарынан кутулуш үчүн көп акча иштеп табышы керек. Швеция бай өлкө, ал Идриссондон аталган мамлекетте кантип акча табышты үйрөнөм деп ишенет.

Бирок Идриссондун жумуштары оңунан чыкпай ал банкрот болот. Анын өз компаниясы болгон, карыздары өсө бергендиктен салыкчылар жаап салышкан. Идриссон бардыгынан кол жууп өзүнүн чоң үй-бүлөсүн багуунун амалдарын издей баштайт. Анын эки аялы жана 11 уул-кызы болгон.

2018-жылдын февраль айында Давид Идриссон банкротко учураган дүкөндөн аукцион аркылуу арзаныраак баада көп санда боёк сатып алат. Бирок анын сатып алган товарларынын арасында бир гана боёк эле эмес, чоң көлөмдөгү кооптуу химикаттар да болгон. Алардын ичинде күкүрт кислотасы, хлор жана башка заттар бар эле. Идриссон кыргыз досун, Атабек Абдуллаевди жана Абдулгани аттуу өзбек досун товарды дүкөндөн алып кетүүнү өтүнөт. Кийинчерээк Идриссондун өспүрүм курактагы эки баласы да кол кабыш кылат. Алар ар башка контейнерлерге куюлган боёк жана химикаттарды ташышууга жардам беришет.

Химикаттар Давидге кереги жок болгондуктан алардан арылгысы келет. Ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына барып, шаардык бийликке бассейндердеги сууну тазалоо үчүн аларга хлор сатып алууну сунуштайт. Бирок бийлик өкүлдөрү өзбек тектүү адамдын аларга мындай сунуш бергенине таң калышат.

— Ал сиздерге канчалык көп хлор саткысы келгенин айтты беле?

— Менин эсимде жок… Мага анын муниципалдык башкармалыкка келип ушундай жол менен [хлор] сатууга мүмкүн деп ишенгени кызык көрүндү.

Швецияда мындай кылышпайт.

Швециянын мамлекеттик коопсуздук кызматы (СЭПО) Идриссон химикаттарды бомба жасоо үчүн колдонгусу келген деп чечкен. Мындан сырткары, СЭПО Давид өзү жана Абдуллаевдин кошунасы Бахтиёр Сириядагы «Ислам мамлекетинин» өзбек тектүү аскерлери менен кат жазышканын, ошондой эле ал адамдарга бир нече жолу акча которушканын аныктаган. Көрсө, акча которуулардын айрымдары Абдуллаевдин атынан аткарылган экен.

Атабек Абдуллаев жана дагы беш шектүү боюнча сотко чейинки иликтөө иши — полициянын 2200 беттей баяндамасы, сурактардын чечмелөөсү жана күбөлөрдүн билдирүүлөрү «Клооптун» журналисттеринин колуна тийген. Биз өзүбүздүн жеке териштирүүбүздү баштадык, бирок айыптоолор боюнча эмес, Швециянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын иши боюнча.

Европа жана Скандинавия өлкөлөрүндө сот адилеттиги боюнча системасы кынтыксыз иштейт, ал эми ар бир шектүү анын ишинин адилеттүү тергелишине жана акыйкат сотко ишеним арта алаары белгилүү. Ошого карабастан, «Клооп» полициянын сотко чейинки иликтөөсүндө жок эле дегенде 10 олуттуу кемчилик таап чыкты. Алар Абдуллаевдин күнөөсүз болгонун далилдебейт, бирок тергөө тарабынан ага ыктымал көңүл кош мамиле жасалганын айтып турат.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

1. Химикаттар жүктөлгөн жүк ташуучу унаа

Абдуллаев шектүүлөрдүн катарына Идриссонго жүктү ташып келүүгө жардам бергени үчүн кошулуп калган. Бирок Абдуллаев химикаттарды эмес боёкторду ташыган, ал эми аны менен товарларды чогуу ташыган Абдулгани терракт даярдоо боюнча эч бир жоопкерчиликке тартылган эмес.

2018-жылдын 7-февралында Идриссон Абдуллавге Whatsappтан кат жазган. Катта Давид аукциондо сатып алган боёк жана химикаттар сакталган кампанын дареги менен ал жактагы байланыша турчу адамдын номерин берген. Атабек тергөөчүгө Идриссондун товарларын жеткирип берүү боюнча суранычын төмөнкүдөй түшүндүргөн:

«Ал башында өзү барышы керек эле, бирок бара албай калды, анткени анын [Идриссондун] баласын [Стокгольмдун четиндеги] Стрюмсундда врачка кабыл алууга жаздырып коюшкан экен.»

Абдуллаев менен Абдулгани Идриссон кат жазган күнү эле товарга барышкан. Бирок алар жүктү өз алдынча ташый албай калып, арадан бир нече күн өткөн соң товардын кайсы бир бөлүгүн Идриссонго компания өзү жеткирип берген.

Абдулгани жүк ташууга катышканы менен аталган иште шектүү деп табылган эмес. Идриссонго товар саткан компанияга да жоопкерчилик жүктөлгөн эмес, бирок Швецияда атайын уруксаты жок жеке адамдарга химикаттарды сатууга тыюу салынган.

2. Мессенжерлер жана экстремисттик тасма

Атабек Абдуллаев терроризмге шектүү болуп калды, СЭПО анын телефонунан эки видео тапкан. Аларда «Ислам мамлекетин» үгүттөгөн, чыныгы өлүм жазасын камтыган сценалар болгон. Алар Абдуллаевдин телефонунда атайын эле сакталып-сакталбаганы түшүнүксүз болууда.

Абдуллаевдин айтымында, Идриссон ага бул видеолорду болжолдуу 2018-жылы марттын ортосунда жибергенин айтат.

— Давид силерге ал видеону кантип жөнөтүп калды?

— Мен ага ушул эле суроону бердим. Мага анын буларды жибергени жаккан жок. Ал мага буларды көрүп коюшуңду каалагам деп айтты, болду. Мен анын эмне үчүн муну каалаганын билбейм.

Бирок СЭПО бул видеолорго таянып, Абдуллаев менен ИМдин ортосунда байланыш болгон деп эсептеген: «Атабек “Ислам мамлекети” менен байланышы бар жана аларды колдойт деген маалымат табылган»

Смартфондор көпчүлүк учурда колдонуучулардын кээ бир мессенжерлери аркылуу келген бардык медиафайлдарды автоматтык түрдө түзмөктүн эс тутумуна сактайт. Бул функцияны өз алдынча жандырып же болбосо өчүрүп деле койсо болот, бирок СЭПОнун докладында аталган функция Абдуллаевдин смартфонунда күйгүзүлгөнбү же жокпу түшүнүксүз.

3. «Исламдык» сөөмөй же кадимки белги?

Абдуллаев Борбор Азиянын башка динчил жашоочулары сыяктуу эле бир нече сүрөттөрүндө «Тавхида» (Кудай жалгыз) концепциясын көрсөтөт. Бул швед полициясын ал экстремист экендигине ишендирген.

Атабек менен ИМдин ортосундагы байланыш тууралуу кеп козгоого, СЭПОнун версиясы боюнча, анын мусулмандардын «Кудай жалгыз» дегенди билдирген «Тавхида» концепциясын жактагандыгы себеп болгон. Ага ылайык, Аллах — бул сыйына турган жалгыз гана кудай. Бул идея байма-бай өйдө жакты көрсөткөн сөөмөй менен бекемделип келет.

СЭПО Абдуллаевдин скайптагы никнейминде «Тавхид» cөзү камтылганын аныктаган. Ошондой эле, алар анын өгөй баласы менен бирге сөөмөйлөрүн өйдө каратып түшкөн сүрөттөрүн табышкан. СЭПО сурак маалында буга кызыккан.

— Бул белги сиз үчүн кандай мааниге ээ?

— Чындыгында расмий эч нерсе жок. Айрымдар үчүн аталган белги жалгыз кудай бар дегенди билдириши мүмкүн, бирок мен үчүн эч кандай маанини деле туюндурбайт. Мен үчүн чындыгында бул белги өзгөчө мааниге деле ээ эмес.

[…]

— Анткени бул белгини биз көпчүлүк учурда «Ислам мамлекетин» үгүттөө менен чогуу көрөбүз?

— Менин билишимече бул белгинин ИМ менен байланышы жок. Албетте, мен жалгыз кудай бар экенине ишенем, бирок мындай белгини көрсөтүү ИМди колдоо дегенди билдирбейт.

Швед тергөөчүлөрү Швециянын коргоо изилдөөлөрү агенттигинен (ШАОИ) аталган белгини «Ислам мамлекетин» үгүттөө деп эсептөөгө болоор-болбосун түшүндүрүп берүүнү суранган. Агенттиктин отчётунда мындай деп жазылган:

«ИМди колдогондор тарабынан пайдаланган “Тахвид” үчүн башка символ болуп, жогору жакты көрсөткөн сөөмөй болуп эсептелинет. Бул символду кылмыштуу топ же улутчулдарды колдогондордун белгиси менен салыштырса болот. Аталган белги жалгыз кудай бар экенин көрсөтөт»

АКШнын Вашингтондогу Вилсон Борборунун Борбор Азиядагы экстремизм боюнча эксперти Эдвард Лэмон «Клооптун» журналистине курган маегинде мындай деп түшүндүрдү: «“Тавхид” — Кудай жалгыз болгондугу тууралуу ишеним — Исламда бордордук дин тутуу болуп саналат. Борбор Азиянын базарларында жана башка жерлерде сөөмөйүн жогору караткан адамдарды тез-тез кезиктирүүгө болот.»

Кыргызстандагы дин тануучу жана экстремизм боюнча эксперт Икбалжан Мирсаитов ШАОИнин мындай бүтүмүн аша чапкандык деп эсептейт: «Эгерде оң колдун сөөмөйүн жогору каратсаң, бул кудай жалгыз жана Аллага ишенүү дегенди билдиргени бардыгына эле маалым. Бир четинен мындай белгини террористтик уюмдарды колдогондор, алардын аракеттерине Аллах гана жаза бере алаарын билдириш үчүн колдонушат. Чындыгында ал сөөмөйүн жогору көтөрүп, бир-нерсе айтып койгону үчүн эле аны соттоп жиберүү туура эмес. Бул көбүртүп-жабыртуу болгону айдан ачык».

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

4. Мага акча жөнөтүүгө жардам бере аласыңбы?

Атабек Абдуллаевди ошондой эле терроризмди каржылоо боюнча айыпташууда. Анткени ал досторунун суранычы менен жөнөткөн же анын уруксаты жок которулган акчалар ИМдин Сириядагы согушкерлерине түз жөнөтүлгөн.

Абдуллаев эки жолку акча которууларын эстей албайт. Анын биринчиси Түркияга, экинчиси Украинага жөнөтүлгөн.

Биринчи учурда Абдуллаевдин атынан акчаны RIA эл аралык системасы боюнча Давид Идриссон шектүүлөрдүн биринин атасы Шоахмад Махмедовго украиналык ортомчу аркылуу жөнөткөн. Акчалардын акыркы алуучусу Сирияда ИМге кызмат кылышы мүмкүн деген божомол бар. Абдуллаев бул күндү жакшы эстей албайт.

Ал RIA картасы аркылуу акчаларды анын ээси жок деле жөнөтсө болоорун, картада пин-код жок экенин жана аны колдонуу үчүн паспорт көрсөтпөй деле койсо болоорун түшүндүрөт. Абдуллаев бул карта менен анын уруксаты жок башка бирөө колдонушу мүмкүндүгүн тастыктап, бирок ал чындыгында эле бир нече жолу Идриссон үчүн акча жөнөткөндүгүн кошумчалады.

— Ал [банкта Давид] менен чогуу болгонбуз. Же ал жакта жалгыз эле болгом. Бирок чогуу эле болсок керек эле. Кызматкер “карта мененби же накталайбы?” деп сурады. Давид “карта” деп жооп берип, кодду киргизип, картаны кайра алды. Мен болсо дүмүрчөктү алдым.

Атабек эстей албаган экинчи жолку акча которуу Түркияга даректелген. Абдуллаев өз картасынан акчаны кошунасы Бахтиёр Умаров үчүн жөнөтүп бергени эсинде. Умаров акча Түркиядагы үй-бүлөсүнө жөнөтүлөөрүн айткан.

— Сиз RIA картаңызды кимдир бирөөгө берип көрдүңүз беле?

— Бир жолу гана Умаровго акча жөнөтүү үчүн бергем.

Чындыгында бул акчалар кийинчерээк Сирияда ИМ үчүн согушуп аткан өзбекстандыктар үчүн кайра жөнөтүлгөн.

Тергөөчүлөр эмне үчүн Абдуллаевди досторунун бейтааныш адамдарга акча жөнөтүп алуу суранычтары таң калтырбаганын түшүнүшкөн эмес. Абдуллаев түшүндүрүүгө аракет жасаган:

«Бизде негизи үйдө, Кыргызстанда, эгер сизде өз документиңиз жок болсо, акчаны бул балага жөнөтүп коё аласың, а мен аны кийинчерээк ошондон алып алам деп койсо болот ...»

Эдвард Лэмондун айтымына караганда, мындай практика Борбор Азиядан чыккан мигранттар үчүн адаттагы эле нерсе: «Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы Орусиядагы мигранттар үйүнө жөнөткөн акчаларга абдан көз каранды — алар Тажикстандын жана Кыргызстандын экономикасынын үчтөн бир бөлүгүн жана Өзбекстандын экономикасынын 10% ашуунун түзөт. Мигранттар муну дайыма кылышат жана алар кээде акчанын соңку алуучусун анчейин тааныбаса деле бул кадыресе эле көрүнүш».

Булардан башка Абдуллаев Кыргызстанга 16 жолу акча которгон. Бирок СЭПО алардын бирөөсү менен да байланышкан эмес.

5. Регион боюнча эксперттер менен консультациялардын жоктугу

СЭПО да, прокурор да, эмне үчүн айыпталуучулар аларга тагылып аткан айрым нерселерди кылышканын жакшыраак түшүнүш үчүн Борбор Азия боюнча экспертти чакырышкан эмес.

Швеция жана Борбор Азия — бул таптакыр эки башка жер. Борбор Азияга келип көрбөгөн шведдер аймактагы оор саясий абал менен маданий өзгөчөлүктөрдү түшүнө алышпаса керек.

Мындай түшүнбөстүктүн бири тергөөчү эмне үчүн шектүүлөрдүн баары, анын ичинде Абдуллаев, бир эле маалда расмий жана бейрасмий аттарды колдонушканын түшүнө албагандыгында болгон.

— Балким бул мен түшүнбөгөн жөн гана маданий өзгөчөлүктөр, анткени мен жашаган дүйнөдө сен өз атыңды колдоносуң. Бирок силер жашаган дүйнөдө бул мындай эместир?

— Үйдө өзбектердин көпчүлүгүндө экинчи аты бар. Мекениндеги диктатурадан коркушат. Ошондуктан алар жада калса жакын адамдарына өз аттарын айтуудан чоочулашат. Эгер сен, мисалы, Али деген адамдан расмий документ боюнча атың ким деп сурасаң ал чоочуп кетет. Биз мындай нерселерди бири-бирибизден сурабайбыз.

Швециядагы өзбектердин көпчүлүгү — бул өзбек бийлиги менен болгон олуттуу маселелерден улам Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон качкындар, анткени алар Ислам динин тутунушат.

Сотко чейинки иликтөө учурунда да, сот отурумдарында да бийлик Борбор Азия боюнча экспертке кайрылган эмес — болгону экстремизм, химикат жана бомба боюнча гана эксперттер чакырылган.

Эдвард Лэмон жогоруда айтылгандай болбошу керек деп эсептейт: «Жактоочулардын же айыптоочулардын ишке тиркелген далилдеринин контексттин түшүндүрүш үчүн эксперттин чакырылышы — бул кадимки эле көрүнүш. Мындай эксперттик комментарий судьяга жана сот арачыларына иш боюнча [туура] чечим чыгаруу үчүн баасыз нерсе.

6. Гуглдан издеп көргүлө

СЭПОнун докладында тамашалуу бир учур сүрөттөлөт, анда тергөөчүлөр Абдуллаевден «Бомба» деп аталган жамандыгы жок романтикалык өзбек комедиясы тууралуу сурак алышат.

Атабек Абдуллаевдин Телеграмдагы «бомба» сөзүн камтыган каты СЭПОнун көңүлүн бурган. Чындыгында Абдуллаев «UzbekTV» телеграм-ботуна фильмдин толук версиясын алууга жеткилик сураган.

— Бомба тууралуу кандай тасма?

— Эсимде деле жок. Кандай тасма экенин элестете албайм.

— Сиз кээде бомба тууралуу видеолорду көрүп турасызбы?

— Фильмдерде көпчүлүк учурда ар кандай бомбалар болот. Бирок эгерде сен бомба камтылган тасма көрсөң, ал сен бомбаны көрүүнү каалап жатканың тууралуу билдирбейт.

Убакыттын өтүшү менен Абдуллаев эмне тасма болгонун эстей баштайт: «Ооба. Эми мен эстедим. Ал жакта [ UzbekTVнын чатында] фильмдин кайсы бир бөлүгүндө тамашалуу эпизод болгон. Тасма “Бомба” деп аталат, бул эски тасма...»

Атабек өзбек комедиясы тууралуу берилүү менен айтып берүүнү улантат. Тасмада абышка үйлөнөт, Абдуллаев борбор азиялык маданияттын салттык элементтерин түшүндүрүүгө аракет жасайт.

Эртеси күнү СЭПО «Bomba UZBEK TV» сөзүн гуглдан издейт жана 1990-жылдары ушундай эле сюжетте тартылган өзбек комедиясын табат. Сурак учурунда Абдуллаев аталган тасманы сүрөттөп берген.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

7. Селфи

Атабек Абдуллаев «Одноклассниктеги» баракчасында Стокгольмдогу эл жыш жайгашкан жерлердин сүрөттөрүн бөлүшө баштайт — бул СЭПОдо көптөгөн суроолорду жаратат.

«Аккаунт активдүү жана Абдуллаев айрыкча Стокгольмдогу эл көп болгон жайлардын сүрөттөрүн бөлүшөт», — деп жазылган СЭПОнун отчётунда. Алар бул теманы сурак маалында бир нече жолу көтөрүшкөн.

Абдуллаев селфи кылганын жана аны курчап турган айлана-чөйрөнүн сүрөттөрүн бир туугандары менен байланышта калуу үчүн тартканын айтат.

«Мен Стокгольмдун Борбордук бекетин сүрөткө тартып аны “Одноклассникиге” саякаттоого мүмкүнчүлүгү жоктор да кооз жайларды көрүүгө мүмкүнчүлүк алышса деп жүктөдүм», — деп түшүндүрөт ал.

Соттук отурумда прокурор Пер Линдквист төмөнкүдөй билдирүү жасаган: «Мен бул сүрөттөрдүн маанилүүлүгүн көбүртүп-жабырткым келбейт, бирок аны чабуул жасоого ылайыктуу жерлер кызыктырганы айдан ачык… Бул чабуул жасоонун пландалышынын белгиси. Бул пазлдын чоң эмес бирок маанилүү бөлүгү».

8. Көптөгөн тил маселелери

Сотко чейинки териштирүүдө жана сот отурумундагы документтерде «Клооп» материалдарды талдоодо көптөгөн тил каталары кеткенин байкады.

Которууда көйгөй жаралганы тууралуу шектүүлөрдүн бардыгы айтышкан. Ал маселелер көбүнчө Швецияда өзбек жана башка борбор азиялык тилдердин котормочулары менен эксперттери аз болгондугу үчүн жаралган.

Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иши учурунда ШАОИнин даярдаган талдоосу маанилүү. Ал тууралуу докладда жазылгандай, «тилде эркин сүйлөгөн кызматкерлер» шектүүлөрдүн телефондорунда табылган ИМге байланыштуу материалдын талдоосу менен жардам беришкен. Ал жерде ИМди пропагандалаган видеого «борбор азиялык тилде үн коштоо» кошулган деп бир нече ирет айтылат.

Эдвард Лэмон ШАОИдеги изилдөөчүлөрдүн тил билүү жөндөмү адекваттуу эмес, мынтип жалпылоого болбойт деп эсептейт:

«Борбордук Азияда көп тилде сүйлөшөт, алар белгилүү бир тил топторуна киришет: түрк, иран жана славян тил топторун кошкондо. Негизинен бул регион боюнча ар бир эксперт тигил же бул тил кайсыл тил тобуна кирээрин так айырмалай алмак жана бул “борбор азиялык тил” деп эч качан айтмак эмес. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн он миңдеген жарандары ИМге кошулду, ошондуктан алар [изилдөөчүлөр] кантип [видеодо] так борбор азиялык тилде сүйлөшкөн деген тунарган чечимге келгени мага кызык болуп жатат».

Стокгольмдогу ШАОИнин өкүлдөрү «Клоопко» курган маегинде билдиришкендей, алар бул документти даярдашкан эксперттердин тил билүү жөндөмү тууралуу маалыматты ачыктай алышпайт.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

9. Котормолор

Шектүүлөр сурак маалында көпчүлүк учурда аларга эмне деп айтып жатышканын түшүнүшкөн эмес. Ага өзбек тилдүү котормочулардын жетишсиздиги же алардын орусча тыңыраак билбегендиги себеп болгон. Абдуллаевге кыргыз тилинен котормочу беришкен эмес, болбосо ал анын эне тили.

Сотко чейинки сурактардын көпчүлүк бөлүгүндө Абдуллаев менен орус тилдүү котормочу иштеген, анткени ал башка шектүүлөргө караганда орус тилинде жакшы сүйлөйт. Абдуллаев берген 12 сурактын ичинен 11и орус тилине которуу менен өткөн, ал эми дагы бирөөсү — кыскача — өзбекче.

Абдуллаев орус тилинде жакшы сүйлөгөнүнө карабастан, айрым учурда ага суракта берген көрсөтмөлөрүн окуп берип жатышканда өз сөздөрүнүн котормолорун түшүнгөн эмес. Бул этапта анын сөздөрүн орусчадан шведчеге оозеки которуп, протоколго жаздырып, андан кийин аларды орусчага оозеки которуп окуп беришкен.

Сотко чейинки сурактын докладында Абдуллаевдин кыргызча жазышкан фейсбуктагы каттарынын котормосу бар. Бирок кээ бир материалдар туура которулганы менен «Клооп» котормолордогу бир нече олуттуу каталарды таба алды. Швед тилине которулган каттар таптакыр эле башка маанини туюндурганы аныкталды.

Мисалы, «Кечээ дагы арзан кылып атасынар дейт, биз дагы айла жоктон кылып атабыз да» деген сөздү шведдик котормочулар «Кечээ да алар [атуунун?] баасы арзаныраак болушу керек деп айтышты, эгер биздин шаар куласа, биз атабыз» деп которушкан. Төрт бурчтуу кашаада шведдик котормочунун комментарийи көрсөтүлгөн.

Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн «Клооптун» котормочуларынын пикири боюнча, бул сүйлөм туура эмес которулган. Сүйлөмдүн түп нускасы: «Кечээ дагы арзан кылып атасынар дейт, биз дагы айла жоктон кылып атабыз да».

Швед жана кыргыз тилдеринин келип чыгышы ар башкача. Швед тили индоевропалык тил тутумуна, ал эми кыргыз тили — түрк тилдеринин катарына кирет.

«Атасыңар» сөзү сүйлөмдө жалгыз этиш болсо атуу деген маанини туюнтат. Атабектин катында болсо «атасыңар» сөзү жардамчы этиш катары колдонулгандыктан, ал эч кандай маани бербейт. Бул учурда «кылып» сөзү негизги этиш болуп, кыймыл-аракетти билдирет.

Сүйлөмдүн экинчи бөлүгү таптакыр эле туура эмес которулган, себеп дегенде «айла жоктон» деген сөз — бул «шаар куласа» деп которулбайт, бул «арга жок» дегендей эле туруктуу маанини туюндурат.

Терроризм жөнүндө иште каталардын кеткени шектелген адам үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

«Клооп» СЭПОдон котормо маселелерине комментарий берүүнү сурап кайрылды. Ал жактан учурда сотто каралып жаткан иштердин сотко чейинки иликтөөлөрү тууралуу комментарий бере алышпасын билдиришти.

10. Динге ишенгендиги тууралуу

Абдуллаевдин ишинде анын мүнөзүнө жана ислам боюнча баштапкы түшүнүгү боюнча жетиштүү баа берилген эмес.

Сурактардын биринде тергөөчү Абдуллаевдин ислам боюнча түшүнүгү тууралуу көбүрөөк билүүнү каалаган, тагыраагы ал Атабектин мусулман эместерге карата көз карашын билүүгө кызыккан.

— Сиз мусулман эместерге жана динчил эмес адамдарга кандай мамиле кыласыз?

— Мен аларды сындай ала турган адам эмесмин. Бир гана Жаратуучу чечет. Жазалап же жазалабоону ал гана чечет. Мусулман эместердин да укуктары бар. Мусулман эместердин жанында жүрүүнү жактырбаган мусулмандар да бар. Атүгүл мусулман эместер менен да достошсо болот деп эсептегендер да бар.… — деген Атабек өзүнүн адвокаты Кристофер Стардини көрсөткөн.

Абдуллаевдин СЭПО изилдеген кат жазышууларында башка шектүүлөргө салыштырмалуу, ал мусулман эместер тууралуу кеп кылганда «капырлар», «иттер», «таракан» сыяктуу сөздөрдү колдонгон эмес. Сурак маалында Абдуллаев исламда бир адамды өлтүрүү жер жүзүндөгү адамдарды жок кылууга барабар экенин белгилеген.

Ага карабастан, Атабек Швецияда мусулмандар менен өзбектерге карата жасалган мамилеге канааттанган эмес. Сурак учурунда ал өзбекстандык Рахман Акиловдун 2017-жылдагы Стокгольмдогу террористтик чабуулун эскерген.

«Эмне үчүн бул кем акылдын айынан бизди кылмышкер көрүшүңөр керек? Менин ДАИШ же ИМ менен эч кандай байланышым жок, мен аларды жөн гана тааныбайм… Сакалы бар мусулмандардын бардыгы эле террористтер эмес.

Мусулмандар мунун айынан эле террорист болушпайт. Колго химикат алуу — бул террористтик кылмышпы? Анда эмне үчүн аларды [химикаттарды] сактаган сатуучу — террорист эмес? Бул жөн гана ал мусулман эмес болгону үчүнбү? Биз, мусулмандар, колубузга бир нерсе алсак эле аны жардырат дегенчеликпи?

Биз силер издеп аткан адамдар эмеспиз. Кандай болгон күндө да мен биринчи кезекте жаратканга ишенем — Кудайга. Андан кийин гана мен швед сотунун акыйкаттыгына ишенем».


Башкы шектүүлөр

Атабек Абдуллаев

Атабек Абдуллаев: 39 жашта, Кыргызстандын жараны. Үй-бүлөлүү, эки баланын өгөй атасы. Анын үй-бүлөсү Ошто жашайт. Атабек Европага 2017-жылы Польшага жумушка орношууга алган уруксат кагазы менен келген. Кийинчерээк ал жумуш издөө максатында Швецияга көчүп барып, бирок иш табууда кыйынчылыктарга туш болгон. Абдуллаев террористтик чабуул даярдоого жардамдашкан, терроризмди каржылаган жана жасалма документтерди колдонгон деп айыпталууда. Атабек кармалган маалда Бахтиёр Умаров менен чогуу жашап турган.


Давид Идриссон

46 жашта, бул иште башкы шектүү. Фарход Ташмухамедов деген ат менен да белгилүү. Ал террористтик чабуулду даярдоо жана терроризмди каржылоо боюнча айыпталууда. Эки жолу үйлөнгөн, 11 баланын атасы, алардын баары Швецияда жашайт. Анын улуу балдары өспүрүм куракта. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун режими тарабынан катуу куугунтукка алынгандыктан улам мекенинен 1990-жылдардын аягында качып кеткен. Швецияга көчүп келгенге чейин Идриссон үй-бүлөсү менен БУУнун макамы боюнча качкын катары Казакстан менен Орусияда жашаган.


Бахтиёр Умаров

30 жашта, Өзбекстандын жараны. Али деген ат менен белгилүү. Швецияга 2013-жылы келип, 2016-жылы саясий башпаанек алууга билдирме тапшырган. Анын аялы менен эки баласы Түркияда жашайт. Швецияга көчүп кетүүнүн алдында ал өзбек бийлиги менен болгон олуттуу көйгөйлөрдөн жана Исламды тутунуунун айынан Өзбекстандан качып кеткен. Ал террористтик чабуул даярдоого, терроризмди каржылоого жана жасалма документтерди колдонуу боюнча айыпталууда. Умаров Атабек Абдуллаев менен бирге жашаган.


***

Атабек Абдуллаевди жалган документтерди колдонуу боюнча да айыпташууда. 2017-жылы декабрда Абдуллаев шведдик банктан эсеп ачууга аракет кылган, бирок керектүү документтери болгон эмес. Ошондуктан ал жасалма эмгек келишимин жасаткан. Абдуллаев банкка Идриссон менен келген, ал швед тилинен которуп бермекчи болгон. Атабек бардык документтерин банктын кызматкерине берет, анын ичинде паспортунун көчүрмөсү да болгон. Кийинчерээк банктан Абдуллаевдин эмгек келишими боюнча жумушка орношкон клинингдик компанияга чалышат. Компаниядан Абдуллаев ал жакта эч качан иштеген эмес деп айтышат.

Ош облустук милициясынан «Клоопко» Атабек Абдуллаев тарабынан мыйзам бузуу аракеттери буга чейин катталбаганын билдиришти. Алардын маалымат базасына ылайык, ал тыюу салынган экстремисттик уюмдарда эч качан мүчө болгон эмес. Ошондой эле, Атабек эл аралык санкциялык тизмеде да жок. Милициядан маалымдашкандай, СЭПО же швед прокуратурасы кошумча маалымат алуу үчүн аларга кайрылган эмес. Материал жарык көрөөр алдында «Клооп» Кыргызстандын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинен Швециянын бийлиги аларга кайрылып-кайрылбаганы туурасында жооп ала алган жок.

Швециянын «Экспрессен» басылмасы кабарлагандай, прокурор бул иш боюнча үч башкы шектелүүчүнү 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратууну жана андан кийин Өзбекстан менен Кыргызстанга депортациялоону талап кылган. Гезиттин маалыматына ылайык, Швециянын миграциялык кызматы буга каршы чыккан, анткени өзбекстандык шектүүлөр мекенине баргандан кийин кыйноого жана каттал жазага тартылышаарына негиз бар деп эсептешкен.

Давид Идриссондун жактоочулары шектүүлөрдү сотко чейин эле соттоп коюшканын билдирди. Анткени буга чейин СЭПО «террористтик чабуулду токтотконун» кабарлаган. Эми маселе сот буга далил барбы же жокпу деп чечкенинен гана көз каранды.

Атабек Абдуллаев жана беш өзбекстандыктын иши боюнча сот 2019-жылдын 15-февралында аяктаган. Өкүм марттын башында жарыяланат.

Которгондор: Мия Тарп Хансен, Катя Мячина, Элвира Султанмурат кызы, Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков, Айсымбат Токоева

Редакторлору: Катя Мячина, Дмитрий Мотинов, Элдияр Арыкбаев