Бишкектин борборунда 8-мартка карата тынчтык жөө жүрүшү өттү. «Кырк Чоро» кыймылынын өкүлдөрү бул жүрүштү үзгүлтүккө учуратабыз деп коркутушкан, бирок ага алда канча көп адам келген. «Кырк Чоро» өзү акцияны токтоткон жок, бирок анын ордуна өздөрүнүкүн уюштурушуп, жолоочуларга гүл тартуулап жатышты.

В Бишкеке проходит мирный марш за права и равные возможности женщин

В Бишкеке проходит мирный марш за права и равные возможности женщин. Участники марша призывают остановить дискриминацию в отношении женщин и требуют равноправие в обществе. Мирный марш в честь 8 марта ежегодно организовывают Бишкекские феминисткие инициативы (БФИ). За несколько дней до марша активисты движения «Кырк Чоро» заявили о готовности «запретить» проведение шествия в честь 8 марта.Текстовая трансляция: https://kloop.kg/blog/2019/03/08/ezhegodnyj-zhenskij-marsh-v-chest-8-marta-chto-proishodit-pryamo-sejchas/

Posted by Kloop on Thursday, March 7, 2019

Жөө жүрүш эртең мененки саат 10до «Россия» кинотеатрынын жанында башталып, ага 400дөй адам чогулган — быйылкы жылы өткөн акцияга мурдагы жылдардагыларына салыштырмалуу адамдар кыйла эле көп катышышкан. Катышуучулардын бир бөлүгү «Кырк Чоро» кыймылы иш-чараны үзгүлтүккө учуратабыз деп коркуткандыгы үчүн келишип, жөө жүрүштү колдошкон.

Жыйынтыгында жөө жүрүштүн өзүндө жолоочуларга гүл таратып, аларды майрамдары менен куттуктап жүрүшкөн кыймылдын бир нече гана мүчөсү байкалган.

Бул жылы иш-чаранын дагы бир өзгөчөлөгү Уркуя Салиеванын айкелинин алдында уюштурулган «Аялдардын тилектештик шаарчасы» болду, ал жакта ар кандай уюмдардын өкүлдөрү аялдардын укуктарын сактоо жөнүндө айтып беришкен.

Кыргыз саясатчыларынын арасынан жөө жүрүшкө экс-депутат Равшан Жээнбеков гана келди — ал жөө жүрүштүн идеяларына тилектеш экенин билдирди. Уюштуруучулар башка да депутаттар менен бийлик өкүлдөрүн чакырышкан, бирок жыйынтыгында алар келишкен эмес.

«Мен депутаттар менен сүйлөшкөм. Алар катышкылары келгенин, бирок иш-чара салттык эмес мүнөздө экенин айтышкан», — деди уюштуруучулардын бири Фарида Лансарова.

Бирок жөө жүрүшкө көптөгөн жарандык активисттер катышышкан, алардын арасында, мисалы, укук коргоочу Рита Карасартова жана министрдин мурдагы орун басары Эдил Байсалов болгон.

Тынчтык жөө жүрүшү Бейонсе жана Зеренин ырларыны бийге түшүү менен аяктады — 13:00гө жакын жүрүштүн катышуучулары чакан топторго бөлүнүшүп, акырындан таркай башташты.