НТВ Орусиядагы «Борбор Азиянын үйрөтүлгөн мушкерлери» тууралуу сюжет чыгарды. Аны даярдоодо кандай мүчүлүштүктөр кеткен?

Москвадагы MMA боюнча Aikol ачык турнири, 2016-жыл. Сүрөт: Aikol FC

НТВ телеканалы Орусиядагы Борбор Азиянын мигранттары жөнүндө сюжет жарыялады. Сюжетте мигранттарды «мыйзамсыз жана күмөндүү» мушташ клубдарында машыгышат, ошондой эле, «өз жөндөмдөрүн карактоо жана талап-тоноочулук менен сынашат» деп айыпташкан. Бул сюжетти даярдоодо кандай мүчүлүштүктөр кеткенин айтып беребиз.

Сюжет эмне жөнүндө?

«ӨК (өзгөчө кырдаал). Иликтөө: Чеги жок мушкерлер (Бойцы без границ)» аталыштагы сюжет 15-мартта НТВ федералдык телеканалында жарык көргөн. Сюжеттин авторунун айткандарына караганда, Борбор Азияда туулган адамдар эрежесиз уруштар боюнча спорт клубдарынын эсебинен Орусиядагы криминалдык чөйрөдө чоң роль ойноп келе жатышат.

НТВ эксперттердин сөздөрүн келтирген, алардын айткандарына ылайык, бул клубдардын базасында «ок атуучу куралдары бар жана ролдору так бөлүштүрүлгөн бүтүндөй топтор» түзүлөт. Сюжеттин авторлору клубдарды «мушташкандарга таандык болгонун» жана клубдар «мыйзамсыз» иштеп келген деп айтышкан.

«Ал жакта спорт жөндөмдөрүн үйрөтүшпөйт, кулпуларды бузганды, кандайдыр бир ок атуучу куралды атууга, бычак колдонууга [үйрөтүшөт]», — деп келтирет НТВ эрежесиз эр уруш боюнча спортчу Алексей Олейниковдун сөздөрүн.

Сюжеттин көпчүлүк бөлүгү тажикстандыктарга арналган. Бирок, кыргызстандыктар тууралуу айтылган бир бөлүк бар. Анда авторлор «Ихлас» спорт клубу жана Анарбек уулу Чыңгыз тууралуу айтып беришет. Анарбек уулу 2018-жылы Москвада футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан учурда туристтерди машина менен сүзүп кенткен жаран эле. Ал НТВга курган маегинде 12 жыл бою согуш искусствосу менен машыгаарын айтып берген.

Эксперттердин бири, тарых илиминин доктору Роман Силантьевдин айткандары боюнча, мигранттардын спорт клубдарынан «бандаларга мушкерлерди вербовка кылышат». «Спортчулардын көбү өз карьераларын уюшулган кылмыш топторунда улантышат», — деп айткан.

Мунун эмнеси туура эмес?

1. Беделдүү шилтемелерсиз баалоо

Сюжеттик кадрдын артындагы үн кандайдыр бир беделдүү шилтемелерге таянбастан эле көптөгөн баалоочу ой жүгүртүүлөрдү окуйт. Мисалы, авторлор «эксперттерге» таянып мигранттар «алган жөндөмдөрүн көчөдө карактоо жана талап-тоноочулук менен сынашат» деп айтышат.

Этникалык топтордун УКТ менен байланышы тууралуу НТВнын сюжетинен алынган коллаж

«Көрсө, көптөгөн куруучу, айдоочу жана чач тарач мигранттар рингден муштум менен булгалаганга даяр экен. Ал тургай, алар үчүн соккулар менен ыргытууларды кайсыл жерден машыктыруунун айырмасы жок экен, бетондолгон полдо деле машыга беришет. Болжолдуу эсептер боюнча гана спортчу мигранттардын саны жүздөп эмес, миңдеп саналат. Бирок алардын саналуулары гана ийгиликке жетишип, чоң спортко келе алышат. Ал эми согушканды үйрөнүп алып чемпион болбой калгандар кайсыл жака барышмакчы? Практика көрсөткөндөй, курулуш жумушуна эч ким кайтып келбейт», — деп программанын алып баруучусу Роман Игонин айткан.

2. Масштабы жок статистика

Биринчиден, сюжетте толук эмес статистика көрсөтүлгөн. Авторлор КМШнын жарандары жылына орточо 40 миң кылмыш жасашат жана алардын ичинен жарымы Борбор Азиянын жарандарына туура келет деп айтышкан. Бирок бул көп же аз деп ой жүгүртүүгө оор — НТВ Орусиядагы кылмыштуулуктун жалпы картинасын көрсөткөн эмес. Орусиянын статистикалык комитенин маалыматына ылайык, өлкөдө 2 млндон бир аз көбүрөөк кылмыш жасалат — бул Борбор Азиянын мигранттарына бардык мыйзам бузуулардын 1 пайызга чукулу туура келет дегенди айгинелейт. Орусиянын Башкы прокуратурасы 2018-жылы КМШнын жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайганын айтат. Экинчиден, сюжеттин авторлору «ар бир алтынчы адам өлтүрүү жана үчүнчү зордуктоону мигранттар кылышат» деп айткан учурда «айрым гана маалыматтарга» таянуу менен ишенимдүү эмес булактардын статистикасын келтиришкен. Бул сөздөр Орусиянын статистикалык комитетининин расмий статистикасынан тастыктоо таппайт.

3. Күмөндүү экспертиза

НТВ «тарых илиминин доктору» жана «дин таануучу» деп түшүндүргөн Роман Силантьевдин иш-билгилиги күмөн жаратат. Анын биографиясына ылайык, ал узак убакыт бою диний түзүмдөрдө иштеп, дээрлик 15 жыл мурун катуу сынга алынган «Орусиядагы ислам коомчулугунун жаңы тарыхы» («Новейшая история исламского сообщества России») аттуу китеп чыгарган.

Роман Силантьев. Сюжеттен алынган скриншот

Орусиянын Муфтийлер кеңешинин башчысы Равиль Гайнутдин билдиргендей, китептин бардыгы «текшерилбеген факттарга, ызы-чууларга жана ушактарга арналган». Анын пикири боюнча, Силантьев ошондой эле өз китебинде антисемиттик маанайларды колдонгон. «Айрыкча, келтирилген ушактардын көпчүлүгү жашыруун булактарга же Силантьевдин өзүнө таандык. — Ал “эч тартынбастан эле” биринчи булак катары өзүнө далай жолу таянган», — деп билдирген Гайнутдин 2005-жылы дкабрда.

Кыргызстан бийлигинин реакциясы

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматы Орусиядагы эмгек мигранттары жөнүндөгү НТВнын сюжети боюнча «катуу тынчсызданганын» билдирген. Мекеме материалда айтылган статистикадан да күмөн санайт.

Кыргызстандын миграция кызматы улуттар аралык кастыкты козуткан жана ксенофобдук маанайга чакырган сюжеттин тарап кетишине жол берилбеши керек деп эсептейт.

«Мамлекеттик миграция кызматы физикалык активдүүлүктү жана спортту жактырат жана колдойт. [...] Көптөгөн өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусия Федерациясынын кураммында Борбор Азиянын өкүлдөрү аз эмес экендигин моюнга алыш керек», — деп мекеменин катында айтылат.

Кыргызстандык мекеме Кыргызстандын Тышкы иштер министирлигине сунуш жөнөттү.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери жана кыргыз ИИМнин өкүлдөрү 14-мартта «Бүркүт», «Жаш муун», «Тай-Мурас» жана «Ак-Барс» спорт клубдарын көрүп келишкен.

Алар жаш кыргызстандыктар менен жолугуп, коомдук тартипти бузбаш керектиги жана келген өлкөнүн мыйзамын сакташ керектиги тууралуу профилактикалык маек курушту.

Спортчулардын өздөрүнүн реакциялары

Орусияда жашаган кыргыз машыктыруучулары билдиришкендей, спорт клубдардын тарбиячылары акыркы жылдары оор кылмыштарды жасашкан эмес жана жасоого шектелишкен эмес.

«Биз “Дени сак денеде, дени сак рух” деген макалга таянабыз жана өз ден соолугубузга кам көрүүгө аракет жасайбыз. [...] Биз бекерчи болуп көчөдө, түнкү клубдарда жана башка жайларда жүргөндүн ордуна жаш муунга спорт менен машыгуу жакшы деп эсептейбиз», — деп айтылат машыктыруучулардын билдирүүсүндө.

Алардын карамагындагы кээ бирөөлөрү аралаш согуш искусстволору (ММА) менен машыгышат. Анткени спорттун бул түрү дүйнө жүзү боюнча белгилүү. Алардын айтымында, аталган спорт менен кыргызстандык эркектер гана эмес, кыздар, башка өлкөлөрдүн атуулдары да машыгышат.