Архивдик сүрөт. Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясында

Экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыкка» курган маегинде өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу айтып берди. «Клооптон» супер кыска баяндоо.

Атамбаев бизден тескери бурулуп кетти. Кайсы бир учурда, Атамбаев президент болуп турган кезде Фарид Ниязов экөө башка жол менен кетүүнү жана көп керектүү нерсени тамырынан жок кылууну чечкен — биз биргеликте ушунчалык көп нерсени кыла алмакпыз. Атамбаевдин президент болуп шайланышы катачылык деп бир чечимдүү айтса болбойт. Анын убагында көп жумуш жасалган, бирок биз алардын кээ бирлеринин кесепеттерин дагы деле сезип жатабыз.

КСДПда демократия жок. Мен КСДПнын мүчөсү болуп турган кезде партияда демократия жок экенин түшүндүм. Атамбаев өзү эч качан партиянын ичинде иштеген эмес, ал жөн эле буйруктарды берип жүргөн. Азыр болсо ал өз сөзү менен чыгып жүрөт да анын угушун талап кылып жатат. Кагылайын кыргыз эл, Атамбаевди айланчыктап жүрүү, ал дагы кимге кандай ысым ыйгарат деп күтүү жетиштүү го.

Жээнбековдор КСДП үчүн түштүктө көп нерсе кылышты. Атамбаев Жээнбековдор партия үчүн эч нерсе кылган жок деп уятсыз нерселерди айтып жатат. Мен муну Жээнбековду колдоо үчүн айтып жаткан жокмун. 2008-жылы мени КСДПга жаңы чакырышкан, биз парламенттик шайлоого даярданып жатканбыз. Ошондо түштүктө эч ким жок эле. Мына ошентип Асылбек Жээнбеков келип, түштүктө штаб пайда болгон. Мен бул региондордун баарына баргам. Эгер Атамбаев түштүккө барган болсо, анда да салтанаттуу сапары учурунда гана.

Атамбаев шайлоолордо Жээнбековду алдыга жылдырып жаткан, бирок мен каршы болчумун. Атамбаев шайлоодо өзүнүн талапкерин алдыга сүрөдү, мен ал жакта байкоочу болчумун жана ушуга каршы болгом. Бирок бул чын жана муну баары көрүшкөн. Бирок Жээнбеков эч качан коррупцияга аралашкан эмес, жыйынтыгында шайлоодон утуп алды. Мен Жээнбеков Атамбаевди сатып кетти деген сөздөргө макул эмесмин.

Атамбаевдин үй-бүлөлүк кландык башкаруусу. Ал президент болуп турганда анын айдоочулары, катчылары жана туугандары мамлекеттик курамдарда сонун эле иштеп жүрүшкөн.

Эмне үчүн баары эле алты-жети жигитти айланчыктап калышты? Атамбаев жана Жээнбеков тууралуу сөздөрдүн айынан эч ким экономика, таза суу, миграция жөнүндө айтпай калды. Менимче Кыргызстанда маанилүү темалар көп, бирок коомчулук саясатка байланып калды. Баарына ким эмне дегени маанилүү, баары тең алты-жети жигиттин айланасында жүрүшөт.

Өкмөттүн ишинин жыйынтыктары жок. Бийликтин колу Жээнбеков менен Атамбаевден бошобой жатканда чек арада 200дөн ашуун оор жүк ташуучу унаалар турат жана алар менен эч кимдин иши жок. Өкмөтүбүздүн иштегени кана? Экономика өспөй турат. Бир жарым жыл ичинде эч нерсе кылынган жок. Бул чоң убакыт. Президентте ал биринчи күндөн тарта иштей турчу өзүнүн программасы болушу керек. Бизде өкмөт бар, бирок жасалган иштердин жыйынтыктары кана? Экономиканын өсүүсү, жумуш иштери кана? Бизде алардан талап кылуучу киши жок.