Сүрөт: Султан Досалиев

7-апрель революциясынын жылдыгында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен биргеликте курман болгон митингчилерди эскерүү иш-чарасына катышты.

Алар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде курман болгондорду эскерүү монументине гүл коюшту.

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев мемориалдык комплекске өз тарапкерлери менен бирге буга чейин бир күн мурда барып келген. 7-апрель күнү ал «Медиафорум» имаратынын алдында сөз сүйлөп, ошол жердеги 2010-жылдагы апрель окуясына арналып тургузулган эстеликке гүл койду.

Сүрөт: Наргиза Өмүрбек кызы \ Super.kg

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда революция болуп, анын натыйжасында президент Курманбек Бакиев өлкөдөн качкан. Каршылык акциясы учурунда митингчилерге карата курал колдонулуп, 80ден ашуун адам каза тапкан.

Тема боюнча:

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуу: бардык материалдар