Garsu pasaulis

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул макаланын мазмунуна таасир эткен жок.

Кыргызстанда биометрикалык паспортторду өндүрүү тендерин жеңип алган Garsu pasaulis компаниясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен (МКК) биригишкен эместигин айтып чыкты. Мурдараак УКМК Мамкаттоонун кызмат адамдары жеңүүчү менен көмүскө сүйлөшүүгө барышкан деп билдирген.

Компания пресс-релиздеги «фирма МККнын жетекчилиги менен байланыштуу делип аткан шек саноону четке кагат» деп айтылган билдирүүсүн 5-апрель күнү таратты. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп аташты.

Витаутас Меляускас

«Эмне үчүн республиканын расмий бийлиги чындыкты аныктоого аракет көрбөстөн эле өз чечимдерин текшерилбеген маалыматтарга негиздешет? Биз Кыргызстандын жетекчилиги жаңы бланктарды өндүрүү тендерин үзгүлтүккө учуратууга жол бербейт деп ишенебиз», — деп келтирилген пресс-релизде компаниянын башкы директорунун кеңешчиси Витаутас Меляускастын айткандары.

Компания «жалган жана ушак таратуу менен фирмага материалдык зыян тийгизип жаткан» кыргызстандыктардын үстүнөн ишкердик беделин коргоо үчүн сотко кайрылганы турат.

Мурдараак Витаутас Меляускас «Азаттыкка» маек куруп, УКМК аларга кандайдыр бир сурамдар менен кайрылбаганын, ал эми иликтөө тууралуу алар интернет аркылуу угушканын билдирген.

«Бардык расмий институттар тарабынан эч кандай кайрылуу алган жокпуз. [...] Аркы жумада бизге Бишкектеги кеңешчибиз байланышка чыккан. Эгер келишимге кол коюлуп кала турган болсо ал биздин кызыкчылыктарыбызды коргойт. Ал коррупцияга каршы кызмат менен байланышка чыгуубузду айтты. Кызматтын өзү бизге кайрылган эмес», — деп билдирген ал.

Анын айтымында, Латвиянын ТИМинин кызматкерлери аны Кыргызстанга баруудан этият бол дешкен. «Биз тергөө органдары менен кызматташууга даярбыз. Мага өзүбүздүн ТИМден чалышып, Кыргызстанга барба деп айтышты жана бул өлкөнүн укуктук системасына өтө ишенген жокмун, анткени мен ал жактан келбей калышым мүмкүн».

Тинтүү жана сурак

УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Кийинчерээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген.

«МККнын мурунку жана азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилери утуп алган компаниянын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болгону такталган», — деп айтылат атайын кызматтын пресс-релизинде.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, аталган компаниянын кызыкчылыгы МККда корголгондуктан, фирма өз атаандаштарына караганда 253 млн сомго көп сумма сунуштагандыгына карабастан тендерди утуп кеткен.

Чуулуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык же жалпы жарандык паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Тендерге беш компания, эки немис, француз, литвалык жана казак компаниялары катышышкан.

Паспортторду даярдоо боюнча кызматтардын баасынын эң аз суммасын, 686 млн сомду Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Тендердик комиссия үч компаниянын билдирмесин квалификациялык талаптарга жооп бербейт деп четке кагып, эки компанияны, тагыраагы өз кызматы үчүн 940 млн сом сунуштаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясын жана өз кызматын 948 млн сомго баалаган IDEMIA француз компаниясын тандап алган.

Комиссия тендердин жеңүүчүсү кылып Garsu Pasaulis компаниясын тандаган. Мындан кийин немис Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер өткөрүү учурундагы эреже бузуулар тууралуу айтып чыгышкан.