Алексей Елисеев

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ӨИИБА) башчысынын мурдагы орун басары Алексей Елисеев 24.kgге маек куруп берди. Елисеев Курманбек Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн президенттик режими кулатылган 2010-жылдагы апрель окуясы тууралуу өз версиясын айтып берген.

Алмазбек Атамбаевдин штабында Елисеевдин аны бийликтин басып алынышы тууралуу кабардар кылган маалымат ташуучусу болгон. Елисеев өзү бул тууралуу Бакиевдерди жана анын айланасындагыларды кабардар кылган, бирок аны күч түзүмдөрү бардыгын көзөмөлдөп жатышат деп тынчытып коюшкан. Адамдарды атуу боюнча буйрукту Кыргызстандын тышындагы адамдар берип турушкан. Бийликтин алсыздыгынан жана атайын кызматтардын саткынчылыгынан улам революция болуп кетти. Кан төгүүлөр менен башаламандыктар «атайын уюштурулган», ал эми иштеп аткан бийлик менен оппозиция ошол кайырмакка түшүп калышкан.

Елисеевдин айтымында, ал Максим Бакиев менен эч качан дос болгон эмес, жөн гана аны менен жумушчу мамилелерин сактап турган. Анткени менен ал Максим Бакиев менен чогу ӨИИБАдагы иши менен сыймыктанат. Елисеев өз ишинде өлкөгө инвестицияларды тартууну жана керектүү мыйзамдарды түртүп өткөрүүгө аракет кылган. Азыр ал Латвияда адвокат болуп эмгектенип, башка өлкөлөрдө башкалка издеген кээ бир чоң мансаптагы кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргойт.

Контекст: Алексей Елисеев — качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын тарапкерлеринин бири. Айрым булактардын айтымында, Елисеев менен Бакиев универститтен тарта эле дос болушкан. Ал 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен, ал эми өлкөнүн жаңы бийлиги аны сыртынан сегиз жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Максим Бакиев сыртынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Ал азыр Улуу Британияда жашап жатат.