Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде депутаттардын алдына чыгып сүйлөп жаткан кези. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде кайрылуу менен парламенттин алдына чыгып сүйлөдү. Өлкө башчысы өз ишинин жыйынтыктары тууралуу айтып, келечекке койгон стратегиялык пландары менен бөлүштү, ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен болгон чыр-чатагын үстүртөн айтып өттү.

Жээнбеков өз сөзүнүн негизги бөлүгүн Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги чөйрөлөрү боюнча иш тууралуу отчётко арнап, аягында гана өлкөдөгү саясий кырдаалды баалаганга өттү.

Президент коом «ашкере саясатташып кетти» деп айтты. Бул сөздөр Жээнбеков менен анын мурдагы үзөңгүлөшү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы саясий араздашуунун жана тирешүүнүн шартында айтылды.

«Кээ бир саясий партиялар элдин көңүлүн буруу максатында бир катар аракеттерди көрүүдө», — деди президент.

Президент бул тууралуу өлкөнүн ири партиясы эсептелген Кыргызстандын социал-демократиялык партиясындагы (КСДП) ыдыроо күч алып жаткан учурда айтып чыкты. Жээнбеков өзү ушул саясий бирикменин атынан шайлоого аттанган.

КСДП азыркы бийликтин оппозициясына өтүүсү тууралуу жарыялап, аны менен бирге бир нече бөлүккө бөлүнүп кетти. Социал-демократтардын парламенттик фракциясынын дээрлик бардыгы президентти колдошот, ал эми партиянын башка бөлүгү төрага Алмазбек Атамбаев менен калды.

Ошондой эле президент өз кайрылуусунда Кыргызстанды «жеке таарынычтардын мамлекети» деп атады. Бул тууралуу ал азыр өлкөдө саясий партиялардын жана алардын идеяларынын эмес, саясатчылардын күрөшү болуп жатат деген контекстте айтты.

Президент митинг аркылуу бийликке кысым кылам деген өлкөнүн кыймылдарынын бардыгына эскертүү берип, «эч кандай ультиматум тили кабыл алынбай» турганын айтты. Мурдараак Атамбаев менен анын тарапташтары эгер Жээнбекөв «каталарын оңдобосо» митингдерди өткөрүүнү убадалашкан.

Президенттин айтымында, Кыргызстандын чоң карызы коррупция жана кылмыштуу кландын башкаруусунун айынан пайда болгон, бирок Жээнбеков конкреттүү ысымдарды айткан жок. Ал бул кландын мүчөлөрү азыр «уурулуктарын жашыруу үчүн актанууга» өтүштү деп эсептейт.

«Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин», — деп билдирди Жээнбеков.

Жээнбеков бийликке келген соң Атамбаевдин жогорку кызматтагы үзөңгүлөштөрүнүн бардыгына кылмыш иштери ачылган. Азыр алардын ичинен көпчүлүгү тергөө изолятордо кармалып, алардын иштери сот тарабынан каралууда. Жээнбеков муну коррупцияга каршы күрөш деп эсептейт, ал эми Атамбаевдин тарапкерлери болсо бул иштерди «саясий» деп эсептешет.

Жээнбеков дагы эмне деди?

• Сот реформасы менен коррупцияга каршы күрөшүү уланат;

• Кыргызстан 5 жылдын ичинде Doing Businessтин рейтингинде топ 50 өлкөсүнө түшүш керек;

• Дарыгерлер менен мугалимдердин айлыктары көбөйөт;

• Өлкөнүн бардык мектептери компьютер жана интернет менен камсыздалат;

• 2023-жылга чейин Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын хирургиялык корпусу курулат;

• 2019-2024-жылдары Бишкек, Ош, Талас шаарларында 3 заманбап перинаталдык борбор курулат;

• Өлкөнү санариптештирүү улантылат;

• Токтогул ГЭСи жана башка электр станциялары, анын ичинде Бишкектин, Оштун жана Ысык-Көлдүн аэропорттору реконструкцияланат.