Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов видео кайрылуу жарыялап, анда ал Кыргызстанга азырынча кайтып келбесин билдирди.

Саясатчынын айтымында, ал баарын терең ойлонуу менен азырынча келбей туруу чечимин кабыл алган, бирок кудай буюрса ушул жазда кайтмакчы.

Бабановдун айтымында, «үчүнчү күчтөр» анын тарапташтарынын митингин жаман көрсөткүсү келет, ал эми өзү болсо аны колдогон адамдардын «бирөөлөргө курал болушун» каалабайт.

Ал өз тарапташтарынан аны колдоо митингине чыкпоону суранды.

«Бүгүнкү күнү боло турган тынчтык митингди токтотуп, тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай буюрса жакынкы күндөрү сөзсүз келем»