Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов

Кыргызстан боюнча жалпы 2838 мечит бар. Анда кызмат кылган имамдарды жумушка кимдер бекитет, аларга кандай талаптар коюлган жана кандай милдеттер жүктөлгөн? Ушул жана башка суроолор менен Кырызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратовго кайрылдык.

— Саламатсызбы Равшан мырза! Эң алгач имам деген сөз өзү эмнени түшүндүрөт ошого токтолуп кетсеңиз.

— Эгер сөздүктөн ала турган болсок, имам — бул араб тилинен которгондо алдыда дегенди түшүндүрөт. Адамдардын (жамааттын) алдына туруп намаз окуп, элди намазга жыга турган жана алардын намазын мойнуна алган адам.

— Кимдер имам боло алат?

— Мечиттеги жамааттын ичинде жүрүм-туруму жагынан үлгүлүү, такыба, мүнөзү жакшы, адеп-ахлагы менен айырмаланган инсан имам боло алат. Имам илимдүү, өзгөчө дин илимин жакшы өздөштүргөн, куранды кырааты менен окуган, пайгамбарыбыз (с.а.в) хадисинен кабары бар болушу керек. Имамдын күнүмдүк жасалчу диний жөрөлгөлөргө жетээрлик илими болушу талап кылынат. Мисалы жаназа намазын окуу, нике кыюу, жаш баланын кулагына азан айтып берүү.

— Имамдар кимдер тарабынан дайындалат?

— Бизде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставы бар. Ошол уставдын негизинде Азирети муфтий облусттук, райондук казыларды, имамдарды бекитет. Ал эми облусттук казыяттар ошол аймактардагы жума баяндарынын имамын дайындаса, райондук имамдар айылдык мечитердин имамдарын кызматка бекитет. Ал эми имам боло турчу кишини жергиликтүү жамаат өздөрү сунуштайт. Имамдар белгилүү бир мөөнөткө шайланбайт. Башка ишке которулганда же кандайдыр бир себептерден улам имамдыктан бошогондо ордуна бөлөк адам имам болуп бекитилет.

— Имамдарды жумушка бекитүүгө чейин алардын диний сабаттуулугу текшерилеби?

— Имамдыкка дайындалаардан мурда талапкердин билим деңгээли текшерилет. Талапкерлерден сынак алынат. Райондук башкы имам-хатиб (насат берүүчү адам) талапкерге бир канча суроолорду берүү менен анын диний билимин текшерип, андан соң имамдыкка дайындайт. Имамдыкка илими бар, жоопкерчиликти мойнуна алам деген адамдар гана келет.

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

— Имамдардын билимин кантип жогорулатып турасыздар?

— Туруктуу имамдардын билимин жогорулатуу үчүн атайын муфтияттын программасы бар. Алыскы аймактагы имамдар облусттук казыяттарга келип окушат. Муфтияттын курстары болсо 40 күнгө чейин созулат. Мындан тышкары «Ыйман» фондунун колдоосу менен Мусулмандар дин башкармалыгы акыркы төрт жылда жогорку деңгээлдеги окууларды уюштурган. Ушул программанын негизинде алар куран, хадис, шарият эрежелери, дин кайсыл мыйзамдар менен тескелет, мамлекеттин мыйзамдык базалар, каллиография, сөз чеберчилиги, медиа сабаттуулук өңдүү 18 предметтен илим алышты. Бул окутуу программасы өзүнө имамдарды жүз пайыз камтый алды, башкача айтканда республикадагы бардык имамдарыбыз курстан өтүштү. Окутуулардын бардыгы тең акысыз өткөрүлөт.

— Кыргызстан боюнча жалпы канча имам бар, алардын канчасы билимдүү?

— Кыргызстан боюнча жалпы 2838 мечит жана 2,5 миңден ашуун имам бар. Азыркы учурда 280 мечитке имам жетишпейт. Биз имамдардын бардыгын илимдүү деп айтабыз. Илими жок адам имам болуп дайындалбайт. Алардын бардыгы биздин окутуудан өтүп, сертификаттары бар болгондуктан имамдык деңгээлдеги илими бар болуп эсептелет. Имамдыкка дайындоодо шаардык мечиттер менен айылдагы мечиттердин имамдарына өзүнчө илим талап кылынат. Облусттук казыяттардагы, медреселердеги жана жума баян өткөрүлгөн мечиттериндеги имамдардын көпчүгүнүн билими жогорку. Айылдык мечиттердеги имамдардын билими орто.

— Имамдарга кандай укуктар берилген?

— КМДБнын уставына ылайык, имамдар мечиттин ичинде насаат айтууга, диний иштерди жайылтууга, келген жарандарды дин илимине окутууга, аймактагы мекемелер менен кызматташууга укуктуу.

— Имамдар атайын түзүлгөн программа аркылуу иш алып барышабы?

— Өлкө аймагында 1050 мечитте жума намазы окулат. Ал мечитеринин имамдарына Жума хутбасы үчүн атайын жылдык бирдиктүү программа бекитилет. Ошол программанын негизинде жума хутбасын өткөрүшөт.

— Имамдарга кызматы үчүн акы төлөнөбү?

— Диний жактан алып караганда имамдык умтулуп, талашып алаар кызмат эмес. Эң негизги максат Аллага кызмат кылуу, динди элге жеткизүү болгондон кийин, имамдын аткарган иштери биринчиден жараткандын ыраазычылыгы үчүн болот. Диний тармактагы эң көйгөйлүү маселелердин бири имамдарга мамлекет тарабынан да, Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан да расмий айлык акы берилбейт. 2014-жылы президенттин демилгеси менен ачылган «Ыйман» фондусунун жардамы аркылуу 2019-жылга чейин имамдарга айына беш миң сом өлчөмүндө стипендия берилип турган. Азыркы күндө стипендия акча каражатына байланыштуу берилбей калды.

«Сулаймант-Тоо» мечитинин көрүнүшү. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

— Мусулмандар имамга кызматы үчүн ыраазычылык билдириши керекпи?

— Ыраазычылык билдирүүнү ар бир адам өзү чечет. Диний тараптан имамдардын кызматы үчүн ыраазычылык билдирсин же билдирбесин деген так бир чечим жок. Бирок салт катары адамдар өз ыктыяры менен ыраазычылыктарын билдирип жүргөн учурлар бар.

— Имамдар мусулмандарга туура жана туура эмес агымдар туурасында да маалымат берип турушабы?

— Имамдар адамдардын туура эмес агымдарга кетип калбоосу жана радикализм, экстремизмди алдын алуу үчүн прафилактикалык түшүндүрүрүү иш-чараларды да жүргүзөт. Жума баяндарынын бир жылдык тематикалык программасына да дал ушул тема киргизилген. Андан тышкары, имамдар айылдагы, мектептеги социалдык иш-чараларга катышып, өз пикирлерин айтып турушат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы имамдарга экстремизмге каршы күрөшүү боюнча тренингдерди өткөрүп турат. Ал эми облустук, райондук имамдарга жылдык иш планын бекитип берет. Ошол жакта да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү каралган.

— Муфтияттын имамдарды атайын даярдоо боюнча программасы барбы?

— Мечиттерге имамдарды медреселер даярдап берет. Муфтияттын карамагында 104 медресе бар. Ошол медресенин бүтүрүүчүлөрү көбүнчө имам болушат. Мечиттерде иштеген имамдарга айлык акы берилбегендиктен, айрым мечиттерде имам жок. Биз канчалык имам дайындаган менен башка иш тапканда которулуп кетишет. Ал эми муфтияттын имамдарды даярдоо боюнча программасы бар. Атайын медресенин бүтүрүүчүлөрүн практика катары аймактарга жиберебиз. Бирок айлык жоктугуна байланыштуу аларды аймактарда кармап калуу абдан оор иш.

— Имамдардын иш убактысы кандай? Белгилүү бир убакта мечитте болуусу керек деген талап барбы?

— Имамдарга иш убактысы бекитилген эмес. Алар 24 саат бою иштейт. Себеби 5 убак намазды өткөрүп берүүсү керек. Ошондуктан, имамдарга белгилүү сааттарда мечитте болушу керек деген талап коюлган эмес. Имамдын милдетине жараша иш сааттары ар түрдүү убакыттарга туура келет.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы