Сүрөт: Кундуз Жолдубаева / КСДП

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев аялы Раиса Атамбаева менен «Өлбөс полктун» жүрүшүнө катышты. Атамбаев колуна өзүнүн атасы Шаршен Атамбаевдин портретин көтөрүп чыкты. Ал 1945-жылга чейин аткычтар дивизясында кызмат өтөгөн — анын дивизиясы Германияда согушкан.

Мурдагы президенттин үй-бүлөсү акцияга 2015-жылдан тарта катышып келет, ал эми экс-президент өзү болсо жүрүшкө биринчи жолу кошулган.

Жүрүштү Атамбаевдин мураскери жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков баштап чыкты. Бирок Жээнбеков өлкө башчылык кызматка киришээри менен дээрлик дароо эле саясатчылардын ортосунда бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткан араздашуу орун алган. Саясатчылардын ортосундагы араздашуу Кыргызстандын эң ири КСДП партиясында ыдыроо жараткан.

«Өлбөс полк» — бул миңдеген кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согуштун урматына жүрүшкө чыгып, жыл сайын 9-майда өтүлүүчү иш-чара. Катышуучулардын көпчүлүгү бул күнү согуш баатырлары жана оорукта талыбай эмгек кылган өз чоң эне, чоң аталарынын портреттерин көтөрүп чыгышат.