«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов ишенимдүү булактарга таянуу менен 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылып кеткени айтылган иликтөө жарыялады.

Токтакуновдун айтымында, анын колунда өлкөдөн аталган сумманын ичинен бери эле дегенде 250 млн доллары чыгарылганын тастыктаган документтер менен банктык дүмүрчөктөр бар.

Акчаларды ким которгон?

Иликтөөгө ылайык, акчаларды Кыргызстандан чет өлкөгө Айэркин Саймаити аттуу адам которгон. Авторлор ал Кытайдын жараны экенин, бирок Ошто Масалиев көчөсүндө катталганын айтышууда. Бирок аталган дарек боюнча аны табууга мүмкүн болгон эмес.

«Азаттыктын» видеосунан алынган скриншот

Бирок аталган көчөнүн бет маңдайындагы үйдө жеке ишкер Вуфули Бумаилиамуну катталган — иликтөөнүн авторлору аны Айэркин Саймаитинин аялы деп аташкан. Ош милициясы Самаитини акыркы эки жылдан бери иликтөөдө аты аталбаган бир кишиден 3 млн доллар алып кайтарбай койгон деген шек менен издеп жатат.

Тастыкталган 250 млн доллардын ичинен 125 млну чет өлкөгө Баткенде катталган «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу чыгарылган. Компаниянын башчысы Назия Турдалиева мурда «Абдыразга» Саймаити менен кошо ээлик кылганын, бирок кийинчерээк фирманы толугу менен өзүнө каттатып алганын айткан.

Акчаларды кайда которулган?

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, Саймаити акчаларды Кыргызстандан Түркия, БАЭ, Германия, Улуу Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Орусия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг жана Ганага которуп турган.

Авторлордун айтымында, кээ бир акча которууларды “AKA Petroleum” менен “AKA Immobilien” компаниялары алышкан жана бул компаниялар Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Бул компаниялардын Матраимовдордун үй-бүлөсү менен кандай байланышы бар?

“AKA Petroleum” компаниясы Германиянын Мюнхен шаарында катталып, анын негиздөөчүлөрү катары Хабибула Абдукадыр менен Кудрат Нурмамат деп айтышууда.

Кыргызстанда алар «Хуавэй» кытай компаниясы менен бирге «АКА Минеразл энд Майнинг» компаниясын негиздеп, эки жыл мурда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга аракет кылышкан. Бирок өкмөт алар менен кызматташуудан баш тарткан.

Ошондой эле, «АКА Минеразл энд Майнинг» мамлекеттик «Мегаком» уюк операторун толугу менен сатып алууну пландаган, бирок бул ишке ашкан эмес.

“AKA Immobilien” фирмасы да Мюхенде катталган. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Кудрат Нурмамат. Бул фирма Бишкектеги «Автостолица» компаниясына ээлик кылып турган. Бирок 2017-жылы фирма кайра каттоодон өтүп, эми болсо анын негиздөөчүлөрү катары Минавар Жумаева менен Канатбек Маматов жазылган. Иликтөөнүн авторлору Жумаеваны депутат Искендер Матраимовдун аялы деп айтышууда.

Компания Бишкектеги Ибраимов жана Жибек-Жолу проспектисинин кечилишиндеги «Эльдорадо» соода борборунун имаратына көчүп барган, кийинчерээк ал жакка «Супер Инфо» гезитинин редакциясы да көчүп барган. Такталбаган маалыматтарга ылайык, гезитти 2 млн долларга дал ошол Матраимовдордун үй-бүлөсү сатып алган, бирок басылманын мурдагы ээси Кылычбек Султан бул маалыматты четке кагып койгон.

«Азаттык» Минавар Жумаевага «Ош Плаза» фирмасы да таандык экенин айтууда жана ал эми Ош шаарынын өзүндө ушундай эле аталыштагы турак комплекси да курулууда. Курулуш иштерин «Ихлас» компаниясы алып барат, ал эми курулуш жүрүп жаткан жер тилкеси МККнын маалыматы боюнча Райымбек менен Искендер Матраимовдордун бир тууган эжеси — Чынара Матраимовага таандык.

Бажыдагы монополия

«Азаттыктын» булактары бажы кызматынын төрагасынын мурдагы башчысы Райымбек Матраимов Кытайдан Өзбекстанга жүк ташууларды көзөмөлгө алган деп айтышкан. Кыргызстанда акчаны алуучулардын бири деп «Абу-Сахи» компаниясы аталган, ал эми өлкөдө ал «Тарим Транс» компаниясына ээлик кылат.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов «Азаттыктын» журналисттерине «Тарим Транс» бажыда монополист болуп алганын айтып берген. Төрөкуловдун айтымында, бул компанияны бир катар жүк ташуучу фирмаларды бир компанияга бириктирген маркум депутат Жыргалбек Калмаматов негиздеген. Бирок быжыдагы таасир үчүн күрөштүн жыйынтыгында анын компаниясынын үстүнөн көзөмөлдү «Абу Сахи» жүргүзүп калган жана бул нерседе нигизги ролду Райымбек Матраимов ойногон.

«Азаттыктын» видеосунан алынган скриншот

«Азаттык» бажыда башка фирмалардын айдоочуларына кошумча текшерүүлөр жаратылып, ошол эле учурда «Тарим Транс» эркин иштеп жатат деп айтууда. Жүк ташуучу айдоочулардын бирөөсүнүн айтымында, мындай кысымдын айынан алар бир жылда 25 млн долларга чейин чыгым тартышат.

«Тарим Транстын» учурдагы директору Нурбек Керимбеков «Азаттыкка» компаниянын дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке каккан.

«Достук» көзөмөл өткөрмө жайынын тескөөчүсү — Матраимовдун кичүү иниси

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Райымбек Матраимовдун иниси — Руслан Матраимов Исмаил Матраимовдун атындагы кайрымдуулук фонду менен «Эрем» спорт клубуна ээлик кылат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Руслан Матраимовдун бажыга эч кандай тиешеси жок, бирок жергиликтүү ишкерлер «Азаттыкка» билдиришкендей, ал «Достук» көзөмөл өткөрмө жайынын тескөөчүсү болуп эсептелинет.

«Азаттыктын» видеосунан алынган скриншот

Жергиликтүү ташып жеткирүүчүлөрдүн айтымында, жүк жеткирүүгө болгон буюртмаларды жоготушууда, анткени Матраимовдор өздөрүнө пайдалуу шарттарды түзүп алышкан. Алар көзөмөл өткөрмө жайында Чынара Матраимовага таандык жүктөр текшерилбесин, ошол эле учурда башка жүк ташуучу унаалар тескерисинче күчөтүлгөн көзөмөлдөн өтүп, ар бир машинага 400 доллардан төлөп беришет деген маалыматты мисал катары келтиришти.

Ал эми Руслан Матраимов өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда. Ал иликтөөнүн авторуна берген интервьюсунда бажы менен байланышы жок экенин айткан. Ал ошондой эле Айэркин Саймаити жана анын аялы менен тааныш эмес экенин билдирген. Бирок, 2015-2017-жылдары Саймаитинин аялынын атынан Түркиядан Матраимовго таандык болгон кайрымдуулук фондунун эсебине 2,3 млн доллар келип түшкөн.

Тема боюнча окуңуз: «Акылдуу шаардын» инвесторунун кафедеги кеңсеси. «АКА Инвест» компаниясы жөнүндө эмнелер белгилүү?