Чүйдө беш унаа кырсыктап, жети киши каза тапты

Image descriptionБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында Subaru Outback, эки Mercedes-Benz Sprinter, Toyota Camry жана Toyota Voxy үлгүсүңдөгү беш унаа кырсыкка кабылып, жети киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 1-сентябрда саат 15:20 чамасында болгон. Кырсыкка батыштан чыгышты көздөй каттуу ылдамдыкта бараткан Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы сол дөңгөлөгүнүн жарылганы себеп болгон.

«Subaru Outback унаасы башкарылбай каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter менен кагышып, жол кырсыгы ошондон башталган. Натыйжада жети адам каза болуп, калгандарынын ден-соолугу текшерилүүдө», — дешти жол коопсуздугу кызматынан.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.