Ош: Селден кийин кармалган мурдагы чиновниктердин камактагы мөөнөтү узартылды

Image descriptionОш шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, мурдагы башкы архитектору Алтынбек Токошев, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев жана Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяз Сансызбаевдин камактагы мөөнөтү 18-ноябрга чейин узартылды.

Бул тууралуу токтомду 13-сентябрда Ош шаардык соту чыгарган. Маалыматты «Клоопко» 17-сентябрда Ош облустук сотунун маалымат кызматы тастыктады.

25-июлда УКМКдан жетекчилер сел өтүүчү жерлерди менчикке мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалганын билдиришкен.