Өзгөн: Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелген беш кызматкер кармалды

Image descriptionБул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө Өзгөн районунда базар баасы 1 млн 350 миң сомду түзгөн жер тилкеси ал аймакта жашабаган кишиге мыйзамсыз менчикке берилгени аныкталган.

Шектүү катары Өзгөндүн Дөң-Булак айыл аймагынын мурдагы башчысы, мурдагы жана учурдагы жер адиси, «Кадастр» мекемесинин кызматкери жана айыл өкмөт башчысынын орун басары кармалды. Тергөө уланууда.