Текст: Сэвиндж Нуркиязова
Сүрөт: Даниль Усманов
Кантип профессионал киберспортчу болууга мүмкүн?
«Дота 2» оюнчусунун жашоосунан үч жыл — Оюн клубдарында жашаган Бакыт Эмилжановдун акысы жогору төлөнчү профессионал киберспортучукка чейинки басып өткөн жолу
Сиз бул окуянын аудиоверсиясын орус тилинде YouTubeдан уга аласыз.
2015-жылдын күз айы
Туугандарынын бардыгы чоң эне, чоң атасыныкына жыл сайын картошка казууга барышканда 16 жаштагы Бакыттын окуусун таштап салганын билишкен. Алар туугандарын Бакыт окуп жатат деп алдап, жашырбай айта турганы боюнча атасы менен дароо сүйлөшүп алышкан. Суроолор жаай баштады. Каратошка казып атканда байкеси көңүл буруп суроо берип атты: «Эмнеге окуудан кетип калдың? Канча акча тапса болот экен? 25 жашыңда эмне иш кыласың?» Бакыт ага жаш баладай мамиле кылып атышканына жинденип, ызалуу көздөрү менен ойлонуп атты: «Кантип силер жада калса интернетти колдонгонду билбесеңер компьютердин келечеги жөнүндө сүйлөй аласыңар?» Бирок бул суроону ачык айтууга батына албай турду. Ал жеңүүчүлөр алты миллион доллар алышкан The International турнири жөнүндө айтып берди. Байкеси жооп кайтарып суроо салды: «Сен кандай, бир нерсе уттуңбу?» — «Жок… Андай деле эч нерсе уткан жокмун».

Чоң атасыныкынан ал бир күн эрте келди: ал кечте турнир болгон. Окуудан кетип жатып, Бакыт эгер мыкты болгусу келсе, достору менен сейилдөөлөргө, туугандардыкына баруудан жана машыгууларга тоскоол болчу бардык нерселерге караганда оюн дайыма биринчи орунда турушу керектигин чечти. Ал буюмдарын үйгө таштап коюп оюн клубуна жөнөдү. Компьютерде отурганда бардык көйгөйлөр анын башынан чыгып кетти: оюн бардык нерселер жоголуп кеткидей берилүүгө аргасыз кылат. Реалдуулуктан кутулуу мүмкүнчүлүгү үчүн ал «Дотаны» жакшы көрүп калган. Бакыт туугандарынын «эмне утуп, эмне таап атасың?» деген кер-какшык суроолоруна жооп тапмайынча үй-бүлөсүнүн жолугушууларына жарым жылдай катышкан эмес.
Бакыт фотосессияларда «агрессивдүү» көрүнүш үчүн жаак сөөгүн тырыштырып, көзүн объективге бургулайт. Кадимки жашоодо аны мындай жүз менен көрбөйсүң.
Өсүп келе жаткан баладан келечекте киберспортчу чыгаарын ата-энеси тургай эч ким күткөн эмес. Алар агасы сыяктуу ал да математика боюнча олимпиадачы болот деп үмүттөнүшкөн. Бакыт 7-класска чейин үлгүлүү бишкектик окуучу болгон. Ал физика-математикалык гимназияда окуп, спорт менен машыгып, китеп окуп, ата-энесин кабатырлантууга эч качан себептерди берчү эмес.

Бакыт 14 жашында атасын олуттуу сүйлөшүүгө чакырган. «Ата, мындан ары кандай жашашты билбей калдым». — «Балам, сага эмне болду?» — «Эсиңиздеби, төрт жыл мурда шахматка барчумун? Эч нерсеге жетишпедим. Үч жыл дзюдо жана бир жыл күрөш? Ал жактан да эч нерсеге татыбадым. Гитарага бардым — таштап салдым. Бардыгын таштап атам, жашоодо эч нерсеге жетишпедим».
Клубда 200 компьютер жана бир ажааткана бар болчу. Анын эшигин дайыма талкалап кетишчү.
Болжолдуу ошондо анын жашоосунда бир катар өзгөрүүлөр болгон. Бакыт 61-мектептен түрк лицейине которулуп, үйүнө дем алыш күндөрү гана барып, ал жерде жатаканада жашап калган. Лицейде алгачкы жарым жылда таптакыр математика сабагы өтүлгөн эмес, ал эми экинчи жарым жылдыкта англис тилинде көбөйтүү жадыбалын жатташкан. Бир жылдан кийин Бакыт 61-мектепке кайтып келип, окуу ага кыйын болуп атканын, ал эми ата-энеси ажырашканы атканын баамдап калган. Көйгөйлөрдөн кутулуу үчүн Бакыт компьютер оюндарын ойночу. Окууга берилүүгө аны олимпиаданын катышуучусу жана мыкты окуучу болгон сүйлөшкөн кызы гана шыктандырып турчу. Андан соң сүйлөшкөн кызы ага: «Сен кичинекей баладай оюнчук ойносуң», — деп аны таштап кеткен.

«Ошол, ошентип анан мен киберспортко баш-отум менен кирип кеттим», — деп эскерет Бакыт.
«Дота» — бул дүйнө жүзүндө 10 миллиондон ашуун адам ойногон онлайн-стратегия. Эрежелери жөнөкөй: беш адамдан турган эки команда душмандардын базасын жок кылууга белсенишет. Эреже боюнча оюн 20 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин созулат. Оюнчунун өз «рейтинги» болот: уткан матч үчүн ал болжолдуу 25 пайызга өсөт, ал эми утулган матч үчүн төмөндөйт. Дүйнөдө эң күчтүү оюнчулардын рейтинги — 9000 упай же андан да жогору. Жыл сайын бир жолу «Дота» боюнча The International чемпионаты өтүп турат. 2017-жылы анын байге фонду 24 миллион долларды түзүп, анын 10 миллионун жеңүүчүлөр алышкан.
2015-жылдын башы
Ал атасы ийнинен жулкулдатып атканынан ойгонуп кеткен. Атасы компьтердик клубда анын артында турган, анткени Бакыт клубдан үч апта чыккан эмес. Анын ичи тамекинин жытына, мониторлорду жарыгына жана мектептен качып жүргөн өспүрүмдөргө толгон. Ал дал ошол клубга барчу, себеби ага ал жактан турнирлерди уюштурганы үчүн акысыз убактысы бар карточка белек кылышкан. Бакыт бул жерде апасына «атамдыкына калдым», ал эми атасына «апамдыкына калдым» деген шылтоолорду айтып нечендеген күн-түндөрдү өткөргөн. Ата-энеси ажырашып кеткен соң алар өз көйгөйлөрүн чечүү менен жүрүп, Бакыттын көрүнбөй калгынан көпкө чейин байкабай калышкан.
Айланада кыйкырып, каткырып, сүйлөшүп атышты; ызы-чуу, кир, караңгы жана шаңдуу болду. Үйгө баргым жок.
Клубда терезенин жанындагы буручта өз адамдары гана отурган Бакыттын он кишиден турган компаниясы бар болчу. Көп ойногондорго компьютердин алдында уктоого уруксат берилген. Столдо отуруп уктап, эч нерсени сезбей калыш үчүн ушунчалык чарчашың керек эле. Ал матч учурунда уктап калган күндөрү да болгон. Компьютерлердин жанындагы столдордо дайыма насыбай аткандар түкүрүнгөн, самсы жана бөтөлкөлөрдөн калган баштыктарды таштап кетишчү. Бакыт аларды компьютердин чычканы менен кулатып албаш үчүн акырын өзүнөн алысыраак жылдырып койчу. Эгерде коңшу компьютер турган столдун отургучу бош болуп калса, ал эки столду бириктирип, ага түпкүчтөй бүктөлүп жатып алууга болот эле.

Ал суткасына бир жолу эле уктап, тамекиге ышталган бөлмөдө аба жетпегендиктен ойгонуп, уктай албай калган күндөр өткөн. Бул жерде аны оюндагы Заяц деген каймана аты менен чакырышчу. Беттери тултуюп, бодурайып жана жылмайып жүргөн Бакытка бул каймана ат төп келишип, өзүнө да жагаар эле. Айланада кыйкырып, каткырып, сүйлөшүп атышты; ызы-чуу, кир, караңгы жана шаңдуу болду. Үйгө баргым келген жок.
Бишкекте жүздөн ашык компьютер клубдары бар, алардын ар биринде «Дота» ойношот.
Клубда 200 компьютер жана бир эле ажааткана бар эле. Анын эшигин дайыма талкалап кетишчү. Оюндардын көпчүлүгүн тынымга коюуга болбойт, ошондуктан клубдун кардарлары аягына чейин чыдап отурушчу. Андан кийин алар ажаатканага беш адам кезекте турганын көрүп, кээде чыдамдары кетип калаар эле. Жууна турган жер жок, клубдун ичи ушунчалык тамекиге ышталып калгандыктан жыт билүү сезимиң өчүп калат.

Клубда дайыма жашоого тоскоолдук жараткан нерсе — бул тамак-аш үчүн акчанын жоктугу. Эң эле ач калган күндөр үчүн Бакыт мындай жол тапкан: балдар менен биргеликте беш-он сомдон чыгарып, коңшу ашканадан гречка гарнирин наны менен кошо сатып алып, ал жактан акысыз берилген лазаны ага калың кылып шыбап өзөк жалгашчу. Топук жана арзан болоор эле. Бакыт досу алып келип берип баккан сендвичтин жардамы менен үч апта курсагын тойгузган.

Күн канчалык көп өтсө ошончолук үйгө баргым жок. «Ата-энем окууга барбай жүргөнүмдү билип калат» деген коркуу сезим менен өткөргөн бир нече күндөн кийин ал аягына чейин ойнош керектигин чечкен. Андан соң атасы келген.
Оюн клубдарында киберспортчулардын кийинки мууну өсүп келе жатат — алардын айрымдары мектепте окушат, бирок аймактын мыкты ондугуна киришет.
Үйгө үндөбөй бардык — Бакыт атасына өзү менен өзү сүйлөшүүгө мүмкүндүк берип, машинаны арткы отургучуна өтүп уктап калган. Үйүнө жеткенде ал түз эле керебетке барып жыгылып, 20 саат уктап жаткан. Ал ойгонгондон кийин атасы «Балам, бул жакшы жорук деп эсептейсиңби? — деп сураган. — Элестетип көр, сен мушкерсиң. Мушкер 24 саат тынымсыз сокку мүшөгүн чапкылаганын көрдүң беле? Бул маанисиз да. Сен беш саат ойнодуң, андан соң начар ойноп каласың — андан ары бул натыйжасыз боло баштайт. Эгерде сен чыныгы професионал киберспортчу болом десең, анда сен натыйжалуу да укташың керек».

Ошол күнү атасы экөө өз ара келишип алышты. Биринчи кезекте, Бакыт өзүн профессионал катары алып жүрүп, «натыйжалуу» эс алып иштеп, толук кандуу тамактанат жана ата-энеси чалганда телефонго жооп берет. Экинчиден, ал ага жумалап ойноону токтотууга жардам берген психологго барат.
Ошондо ал берилгендикти андай деле жаман эмес деп чечкен. Мыкты болууга умтулуш үчүн сен абдан берилген адам болушуң керек.
Көз карандылыкты даарылаган психолог аял киши экен. Анын кабинети ооруканадагыдай формалин жыттанчу. Бакыт компьютерге көп убактысын кетирип атканын жана профессионал болуш үчүн канча ойноп жатканын көзөмөлдөгөндү үйрөнгүсү келип жатканын айтып берди. Психолог оюнчуктар жакшылыкка алып барбайт жана оюндар менен профессионалдык түрдө убакыт өткөрүү — бул болбогон нерсе деп жооп берди. Ал киберспорттун реалдуулугунун өзүн танып жатты. Ага жардам тийбесин түшүнүп, Бакыт сеанс башталгандан кийин 10 мүнөттөн соң кетип калды.

Психологдун кабинетинен чыгып ал ойго батты: эмне үчүн эч ким спортчуларды оорулуу деп атабайт, алар деле күнүгө машыгышат да? Ошол эле шахматчылар. Алар оюнга берилип кетишкен жана ойномоюнча тура алышпайт, бирок бул оюнкорлук деп эсептелбейт. Мыкты болгон адамдар жөнүндө канчалаган тасмаларды көрбө, алардын бардыгы тең өз ишмердигин айтып берип жатышканда алаңгазаар көрүнүшөт.

Ошондо ал берилгендикти андай деле жаман эмес деп чечкен. Мыкты болууга умтулуш үчүн сен абдан берилген адам болушуң керек.
Көпчүлүк балдар үчүн «Дота» — бул реалдуулуктан качып кутулуу: оюн ушунчалык берилүүнү талап кылгандыктан, башыңан башка нерсенин бардыгы чыгып кетет.
Бакыт атасы экөөнүн келишимин дагы бир жолу бузуп, телефонун өчүрүп, бир аптага жоголуп кеткенде, атасы жергиликтүү дотачылар отурган форумда тема түзгөн. Тема «бала жоголду» деп аталып, жарыянын алдына Бакыттын сүрөтү жайгаштырылган. Ал ошол замат телефонун жандырып, «Ата бул эмне кылганыңыз?» деп чалган. Бакыттын атасы ал кай жакта жүргөнүн билчү. Атасы: «Сага менин оюм маанилүү эмес экенин түшүнөм, бирок сен бардык тааныштарыңдын алдында уялышың үчүн мен мындайды уланта берем» деп жооп берген. Бул кадам оңунан чыгып, Бакыт дайынсыз жоголгонун токтоткон.
2015-жыл жаз айы
«Дотанын» профессионал оюнчулары клавишаны ушунчалык тездик менен баскылашат, бул тез жүргөн поезддин үндөрүн элестеттирет. Мурда Бакыт мындай кыла алчу эмес, бирок узак сааттарга чейин бул үндөрдү угуп отурчу. Ал Кыргызстандын эң мыкты командасына кошулуу үчүн алар барган ошол эле клубдарга кайра-кайра барып, алар кантип ойноп жатышканын көрүп, артында турчу. Башында ал балдарга түнкү саат экиде команда үчүн баласына бир чоң баштык толо тамак-аш, палоо, эт, момпосуй жана тойдон келген «устукандарды» алып келип берген атасына жараша таанылып калган.

Бакыт белгилүү дотачылардын командасына суранганы менен беркилер начар оюнчуну («Дотада» мындайларды «селсаяк» деп коюшат) кошууну каалашкан эмес. Алар аны мыскылдап, «суу ташыгыч», майда-чүйдө тапшырмаларды аткаруу үчүн чуркаган бала болууну сунушташкан. Ал макул болуп, бирок бир нече күндөн кийин андан баш тарткан. Жергиликтүү турнирлердин биринде Бакыт оюнчулардын артында туруп утулуп жаткан команда — ал анын утулуп калышына мелдешүүгө да даяр болчу — капитандын көрсөтмөлөрүнө ылайык утуп кеткенин көрүп калат. Ошондо ал терең ойго батып, «Дота» — бул клавиатурадагы соло эмес, чыныгы стратегия экенин жана кадамдардын планын алдын ала ойлонуп туруп, аракет кылса алмашкыс оюнчу болуп калууга мүмкүн экенин түшүнгөн.

Айланада киберспорт жөнүндө кыялдар — бул кичинекей баланын ойлору деп көшөрүп атышканда алар окууну бирге таштап, клубдарда жашап, бири-бирин колдоп акыркы акчаларын бөлүшүшкөн.
Бакыт капитан боло алган, анткени компьютерде бардыгынан да көп отурган. Каталардан сабак алыш үчүн өз оюндарыңдын жазмаларын кайра көрүп чыгыш керек. Көпчүлүгү муну кылгандан жалкоолонот. Ал эми Бакыт башка оюнчулар кайсы жерден ката кетирип, келечекте мындай болбошу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрүп берүү үчүн матчтарды ар кандай оюнчулардын позициясында кайталап көрүп чыга алчу.

Бир жылдан кийин 2016-жылы Бакыт Кореяда өткөн WESG турниринде 2-орунду ээлеп, 17 миң доллар байгени алган кыргызстандыктардын командасынын капитаны болуп калган.

Балдар өздөрү да мындай ийгиликти күтүшкөн эмес. Алар турнирге эки апта калганда гана даярдана баштап, пландалгандан да беш эсе аз машыгуу өткөрүштү. Бардыгынан да бир эле форс-мажор кайталанып туруп алды: оюнчулардын бири күтүүсүз жерден тренировкага келбей уктап калды. Турнирде аларга ийгилик жылмайды — Бакыт атаандаштары финалга жакындап калганда гана билип калышкан стратегияны сунуштаган.

Турнирге кетүүнүн алдында Бакыт тамашалап: эгерде алар биринчи алтылыкка илинсек, ал боёнуп алууну убада кылган. Команданы сыналгыдан көрсөтүштү. Бакыт түсү өчүрүлгөн чачы менен аздыр-көптүр райондун атактуусу болуп калды. Аны жада калса поликлиникадагы апа да таанып, «Сен ошол киберсиңби… кандай экен ал жакта?» деп сурады.
Бакыттын айланасындагылардын көпчүлүгү «Дотанын» башка оюнчулары. Алар аны дээрлик өз атынан чакырбай бир гана «Заяц» же «Шоко» деп чакырышат. W_Zayac деген каймана ат «Шоколадный Заяц» деп чечмеленет.
Жеңиштен кийин аларга маяна, батир, компьютер жана тамак-аш менен камсыздоону сунуштап, команданы Кореяда ойноого чакырышты. Ошол эле учурда Бакытка орусиялык эки командадан чакыруу түшкөн. Бирок бул командалар кыргызстандыктардыкына караганда деңгээли боюнча жогору турчу, ошентсе да ал баш тарткан. Ал кыргызстандыктардын курамында «достук» сыяктуу абдан чоң артыкчылыгы бар экенине ишенген. Бул балдар ага жөн гана дос эмес, тилектеш да болчу: айланада киберспорт жөнүндө кыялдар — бул кичинекей баланын ойлору деп көшөрүп атышканда алар окууну бирге таштап, клубдарда жашап, бири-бирин колдоп акыркы акчаларын бөлүшүшкөн.

Кореядагы жеңиш кыргызстандыктардын командасын байге фондусу бир жарым миллион долларды түзгөн Кытайдагы турнирге жетелеген. Бирок утулаарыбыз анык болчу. Машыгуулар улам-улам үзгүлтүккө учурап, балдар уктаганын уланта беришти. Бакыт бир да машыгууну калтырбай Кореяда бардыгы башкача болооруна ишенген: алар чогуу жашашат жана алардын оюн үчүн бардык шарттары болот. Башкалары машыгып жаткан учурда уктап жатууга мүмкүн болмок беле?

Кореяга көчүп аргандан кийин Бакыт адамды ойготуу канчалык оор экенин түшүнгөн. Биринчи айда балдарды кореялык уюмдун кызматкери тургузуп атты, бирок бардыгы кореялык оюнчулардын артында туруп алып «Вейк ап! Вейк ап!» деп кыйкырып, ал эми беркиси реакция кылбай койгону менен бүттү. Уктап жаткандар достору кечиришет деп ишенип, ал эми калгандары ушунун айынан урушуп кетмек белек деп достукту абдан баалашкан. Кореядагы беш айда алардын командасы болуп өткөн бардык турнирлерден жеңилип калышкан.
Бакыт да тынчтанып, эс алууну чечти. Ал Бишкектеги үйүндө бекинип алып, маалы-маалы менен дүкөнгө гана барып келип, үч апта катары менен ойноду.
Алар эмнеге татыктуу экенин көрсөтүү үчүн Перуда июль айында өткөн турнир акыркы мүмкүнчүлүк болгон. Перунун борбору Лима Бишкектен ошончолук алыс жайгашкан: жер шарынын карама-каршы жагында. Бакыт бала кезинде эле саякаттоону кыялданчу. Классташтары жайкы каникулдарда Дубай же Барселонага учуп барып келишкенин айтканда кызгануу менен угуп, качандыр бир кезде бир жерге барып келүүнү каалаган. Апам Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо Казакстан тараптагы май куюучу жайга токтоп калганда чет жакка чыгып келдим деп эсептей берсең болот деп тамашалачу. Бирок Бакыт Перуга маанайы чөгүңкү бойдон учуп жатты: учууга бир күн калганда оюнчулардын бири Илгиз кеткиси келип жатканын айтып, команданын келечеги бүдөмүк болуп калган. Бакыт алар турнирди утуп, Илгиз ойлонуп кайтып келет деп үмүттөнгөн.

MVP.Revolution — кыргызстандыктардын революцияны жакшы көргөнүнө арналып аталган команда — турнирден экинчи күн дегенде четтеп калган.

Матчтан кийин оюнчулар эшикке чыгышты. Күн батып калган: эшик ысык жана үп болуп аткан. Оюндардын ортосундагы тыныгууларда көрүүчүлөр имараттын ичинен тышкары чыгып, темир торчонун артынан оюнчуларды карап атышты. Биринчи күнү кыргызстандыктар биргелешип сүрөткө түшүү үчүн эч кимден баш тартпастан, кол талып калгыча кол белгилерин таратышты. Фанаттар алар утулуп калганына карабастан, команданын атын атап, сүрөп жатышты.
Дотачылар жолугушуу учурунда көбүнесе акыркы матчтарды, сүйүктүү каармандарын жана оюндагы учурларды талкуулашат.
Эшикте чуулдап атышты, бирок Бакыт эч нерсе укпады. Эмоциянын айынан кулагы тунуп атты. Команда капалуу үндөбөй отурду. Машыктыруучу «Балдар койгулачы, бардыгы жакшы эле» деп маанайларын көтөрүүгө аракет кылды. Баладар бири-бирин карап: Эмнеси жакшы? Кыйрап калдык. Болбогон бир ката үчүн утулуп калдык: бир планды макулдашып туруп таптакыр башкача кылып салдык. Атаандаштарыбыз турнирди аутсайдерлери болуп эсептелгени менен чындыгында өздөрү аутсайдер болуп калышты. Илгиз келээри менен менеджерге чечими тууралуу өзү билдирээрин айткан.

Кийинки матч башталганда бардыгы таркап кете башташып, Бакыт алар кантип утулуп калышканы жөнүндө жана оюн тууралуу ойго чөмүлүп кетти. Ойлор учуп жатты: «Мен аны айтпаганда эмне болмок, эгерде аны кылбаганда кандай болоор эле, эгерде, эгерде, эгерде...» Ичиндеги бук жарылып кетти окшойбу, айтор ал башын көтөрүп кыйкырып жиберди. КМШдан келген башка команалардын балдары жабалактап келип: «Заяц, сен жакшы элесиңби?» — «ооба, ооба, жакшы». Ал бөтөлкөнү ачып, өзүнө суу куя баштады, анткени ачуусун баскысы келген.

Бакыт отура калып, ойго батты: «Маселе эмнеде? Эмне үчүн менен эч нерсе кыла албайм? Эмнеге биз утулуп жатабыз? Эмне үчүн бизге шарт түзүп беришип, биз бардыгын талкалайбыз деп күткөнбүз, эмне мунун бардыгы бала кыялдар болуп калдыбы?» Ал ушунчалык ойго батып кеткендиктен күн кандай батып кеткенин байкабай, караңгы тез эле кирип кеткенине таң калды.
Анын тартиби — оюнчу компьютерден болгону ашкана менен ажаатканага гана бара алат — дотачылар муну «ноулайф», «жашоо жок» деп аташат.
Команда бир айдан кийин Кореяда кооз бакчада чогулду, алар ал жакка кечкисин отургучтарда жатып алып, асмандагы жылдыздарды карап, сүйлөшүү үчүн келип турушчу. Илгиз мекенге кайтып, анын ордуна бала табуу кыйынга туруп, күндөр натыйжасыз учуп жатты. Бакыт эгерде балдар өздөрүн профессионал эмес алып жүрүүнү улантып, уйкунун айынан бир эле машыгууну калтырышса, достукка карабастан командадан кетем деп шарт койду. Ал Кореяга чейин жакшы командалардан баш тартып, ал эми балдар анын үмүтүн акташпаганын эстеди. «Балдар биздин достук эч кандай жардам бербей атканын силер өзүңөр деле түшүнүп турасыңар да? Мен канча жолу "Аны таарынтып алуудан корком, ал менин досум да" деген сөздөрүңөрдү уктум. Өзүңөр деле биз ар бирине эмне туура эмес болуп атканын бетке айтабыз деп айтып жүрчү элеңер. Натыйжада эмне болду? Бардыгы тетири».

Алар 2017-жылы агуст айынын соңунда Кыргызстанга кайтып келишти. Калгандары эс алыш үчүн Ысык-Көлгө кетишти. Бакыт да тынчтанып, эс алууну чечти. Ал Бишкекте үйүндө бекинип алып, маалы-маалы менен дүкөнгө гана барып келип, үч апта катары менен ойноду. 20 күндүн ичинде ал өз рейтингин 7 400 упайдан 8 900 упайга чейин көтөрүп, аймактын мыкты жыйырма оюнчусунун катарын толуктады.

Октябрдын ортосунда Бакытка Орусиянын Vega Squadron команасы үчүн ойноо сунушу келип түштү. Ал кыргыз командасын таштап, Москвага учуп кетти.
2018-жыл жаз айы
Ал күндүр-түндүр уктабай ойноп жаткан учурда таңдагы азан Бакыт уктап эс алышың керек деген белги болуп калган. Анын тартиби — оюнчу компьютерден отурганда болгону ашкана менен ажаатканага гана бара алат — дотачылар муну «ноулайф», «жашоо жок» деп аташат. Оюнчулар «ноулайфка» сыймыктанышат, анткени ал оюнга олуттуу мамиле кылууга түрткү кылат. Бакыт компьютерде күнүнө 10 саат отурганын жумушум деп эсептебейт: жумуш — сен каалабаган нерсе, бирок аткарышың керек.

Бишкектин борбордук мечинен алыс эмес жерде жашайт. Анын үйүнүн терезеси таң атаары менен жумушуна жана окууга шашып бара жаткан кошуналары баскан короону карап турат. Терезенин текчесинде «акча багы», алоэ жана ар жеринен соолуюн деп калган кичинекей пальма турат. Столдо кактус бар — Бакыттын пикири боюнча, ал үчүн кактус идеалдуу өсүмдүк. Ойгоноору менен ал биринчи кезекте компьютерди күйгүзүп, креслодо жуурканга жабынып, бир аз убакыт ойногонго отурат. Компьютерлердин үстүндө китеп текчеси илинип турат: «Манас» (окуган), «Куран» (окуй элек), Дэн Браун (162-бетке жеткенде таштап койгон) шахмат боюнча материалдар, жомоктор жана байкесинен алынган судоку жыйнагы бар. Негизинен Бакыттын бөлмөсүндө чачык буюмдар өкүм сүрөт. Чаңдан чүчкүрө баштаганда ал үч айда бир жолу клавиатурасын тазалап коёт.

Керебеттин жанында ачыла элек чемодан турат: акыркы жарым жылда ал үйүндө бир ай гана өткөргөн. Жаңы жылда майрамды үй-бүлөсү менен тосуу үчүн атайын кайтып келген. Бакыт киреше таба баштаганда жакындары анын тандоосун жайдары кабыл алышты. Чоң атасы небересинин жеңиштерине кубанабы же жокпу деген суроого «Мен, албетте, кубанычтамын, бирок жан-дилимдин түпкүрүндө ал утулуп калып, окуусуна кайтат деп үмүттөнгөм» деп жооп берди. Бир кездерде жагымсыз суроолорду жаадырган байкем күйөрманым болуп калды. Ал Бакыттын маанилүү матчтарын көрүп, оюн бүткөн соң аны куттуктап коюш үчүн телефон чалат же тарбиясыз орус тилдүү комментаторлордун пикирлерин окуп алып, «эмне үчүн жаман ойнодуң?» деп сурап да калат.
Негизинен Бакыттын бөлмөсүндө чачылган буюмдар өкүм сүрөт. Чаңдан чүчкүрө баштаганда ал үч айда бир жолу клавиатурасын тазалап коёт.
Айрым бир туугандар Бакытты башка балдарга жаман үлгү берет деп кооптонушат. Эжем «Дота» ойногон 15 жаштагы баласын эсине келтирүүнү суранган. Бакыт ал менен сүйлөшкөн: «Анын болгону үч-төрт миң эле упайы бар, бул абдан аз. Мен ага "Сен жинди болбо. Мен окууну таштап, бардыгына каршы барсам да, менин мүмкүнчүлүгүм бар экенин сезип, түшүнгөм. А сен бир болсо окугуң келбейт, же болбосо бул оңой эмес экенин түшүнө албаган келесоосуң" деп айткам. Иним сиздей болуп ойноп кетүүнү каалаган эмесмин, болгону апам ашкере кабатырланып кетти деп жооп берди».

Коомдук тармактарда Бакытка байма-бай фанаттары жазып, ал ар бирине жооп берүүгө аракет кылат. Негизинен ошол эле кайталанма суроолорду беришет: кантип кесипкөй киберспортчу болсо болот? Жооп: сени белгилүү команда байкашы үчүн оюндагы рейтингиңди көтөрүш керек.

Бакыттын фанаттарын Vega Squadronдун башка күйөрмандарынын арасынан айрымалоо оңой эле. Алардын ысымдары кыргызча же казакча. Команда утулуп калса, алар аны кууп чыгууну эмес тескерисинче анын аракеттерин макташат. Бакытты жаңыдан орусиялык командага кошулган кезде коомдук тармактарда КМШнын короолорунун биринен пайда болгон белгисиз оюнчуга ишенбестик менен мамиле кылып, маал-маалы менен Заяцтан арылууга чакырып турушкан. Бүгүн «Вегада» эки «кыргыз» бар. Январ айында командага Бакыттын досу жана мурдагы командалашы Евгений Ри кошулган.
Киберспортчулар колдонгон механикалык клавиатуралар басмакана машинкасы сыяктуу үн чыгарат.
Азыр Бакыттын оюнчуларды таанымал жана миллионер кыла турган The International турнирине катышуу мүмкүнчүлүгү мурдагыга салыштырмалуу абдан чоң. Учурда ал экинчи лиганын командасында жана ири турнирлерге барып турат. Бакыттын «Кипс» каймана аттуу Нидерланддардан машыктыруучусу бар. «Кипстин» командалары акыркы эки жылда The International турнирине катышуу жолдомолорун алышкан. Буга чейин эки жыл мурда Бакытта атасы күнүгө жол кире кыл деп берген жүз сому эле бар болчу. Ал окуудан кеткенден кийинки биринчи жарым жылдыкты орто кылымдардагыдай ачкачылык, чума, ырайымсыздык өкүм сүргөн «кара убакыттар» катары эстеп калат. Жеңишке жетүү мүмкүн эмес эле. Маанайы ушунчалык пас болгондуктан ал досторунан да оолактап качып калган. Үйүнө кайтып келе жатып ал жолдо катар капысынан классташтары көрүп, клубда жашап жүдөп кеткен Бакытты таанып калышпашы үчүн башындагы шапкасын кашына чейин баса кийип, жүзүн моюн орогуч менен жаап алчу. Атасы баласы бир жыл ойноп, анан окуусун улантат деп ишенген. Апасы ал окуудан чыгып кеткенин билген да эмес, ошондуктан Бакыт апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн коркчу.

Апам менен жакында болжолдуу мынтип сүйлөштүк: «Силер менин эки бекерпозумсуңар!» — «Апа, мен акча таап жатам». — «Оюн ойноп атасың!» — «Анда канча акча таап туруш керек, түшүндүрсөңүз?» Анда апам мени карап: айына 80 миң сом табыш керек же Бакыт ичинен ойлогондой анын жанын жай коюш үчүнбү деп калды. Ал болжолдуу ушундай эле алат: экинчи лиганын оюнчуларына айына бир миңден үч миң долларга чейин төлөшөт. Жакынкы убакыттарга чейин акчанын бардыгын ал ата-энесине берип келген, андан кийин алар акчаны чогулт деген сунуш киргизишкен. Эми Бакыт «батирге жана машинага» чогулта баштады, бирок ал айдаганды билбейт жана Бишкекте туруктуу жашаарына азырынча көзү жетпей турат.

Өз үйүндө жашап атканда ал жумалап эшикке чыкпай коюшу ыктымал, ал эми дем алыш күндөрдө сейилдеп келүүгө өзүн мажбур кылат. Ал үн кулакты тагынып, Скриптонит менен Кендрик Ламарды угуп, Эмен бакчасында айланып жүрө берет.
Ошондо Бакытка «кыздын айынан карьерасы бузулуп калган оюнчулардын бири болуп калбаймынбы?» деген ой келген.
Бакыт сейилдеп жүргөндө The International турнирин жеңип атканын дайма элестетет. Ал ой чабыттар материалдашат дегенге ишенип, башынан бардык майда-чүйдө деталдарды кураштырып чыгат. Сиэтлдагы «Кей Аренаны», 30 миң фанаттын ызы-чуусун жана бөлмөдө камырабаган жүзү менен отурганын элестет. Жеңиш учурунда камырабагандыгы жоголуп, ошол замат жүзү таң калып, ошол замат кубанып, командасынын эбегейсиз кубанычын туугандары менен бөлүшкөнүн көрөт. Ал олжону көтөрүп, айланадагы шамдардын арасында фанаттарын карап атканын көз алдына келтирет. Ал учурду майда-чүйдө деталдары менен толук бойдон элестетүүгө 15 мүнөт убакыт кетет. Элестетип бүтүп, өзүнө келгенде жүрөгү токтоосуз согуп, ал көчөдө болгон үнү менен кыйкырып жибергиси келет.

Бакыт киного барыш үчүн сүйлөшкөн кыз таап алсамбы деп дайыма ойлонот. Кээде мелодрамаларды көргүң келет, ал эми балдар орунсуз күлүп бардыгын бузуп коюшат. Бирок ал бир кезде кантип, кандай учурда сүйлөшкөн кызына сунуш айтаарын билет: 60-жылдардагы балладаны ырдап, тепкичтен бийлеп ылдыйлап түшөт. Бир маселе бар — ал соңку жарым жылда сүйлөшкөн аял заттары апасы менен дос кызы болгон (Кипс эсепке алынбайт).

Ошентсе да, ал жакында эле уялчаактыгын жеңип, жашыруун түрдө (достору шылдыңдап күлбөшү үчүн) таанышуу тайпасына жарыя таштап койгон. Ал кечте Бакыт биринчи жолу оюнга дыкат көңүл бура албай калды. Жарыяга көңүл бурган кыз менен телефон аркылуу сүйлөшүп атып, ал адаттагыдай эле оюнду күйгүзүп алган. Матчтын ортосунда Бакыт акылсыз эле жеңилип атканын түшүндү. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин деле ал машыгууну уланта албай, кыздын күлкүсү жагып калганы жана буга чейин өзүн мындай сезе элек экени жөнүндө ойлонуп калды. Ошондо Бакытка «кыздын айынан карьерасы бузулуп калган оюнчулардын бири болуп калбаймынбы?» деген ой келген.

Ал көпкө ойлонуп отуруп, «Жок бул андай окуя эмес» деген тыянак чыгарган.
ТЕМА БОЮНЧА:
Текстовые материалы Kloop.kg можно использовать без разрешения, но при обязательном указании авторства и активной гиперссылки на оригинал. По вопросам использования видео и фото обращайтесь по почте ulugbek@kloop.kg
Made on
Tilda