Ош шаарында биринчи жолу мектеп окуучуларынын арасында «Мектеп периси 2011» сынак өткөзүлдү

Ош облустук Рысбай Абдыкадыров атындагы филармониясында болуп өткөн  иш чарага шаардан тогуз мектеп катышты

Бул сынак беш турдан  туруп, кийим  көргөзүү интеллектуалдык оюндар жана  үй бекеси сынактарын камтыды. Тыныгуу учурунда  жергиликтүү ырчылар  жана КВН командалары коштоп турду.

Ош шаарынын мериясынын алдында түзүлгөн  Жаштар иштери боюнча  комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаевтин  айтымында  бул иш чаранын негизги максаты  улуттар арасындагы  ынтыкамкты бекемдөө.

«Бул конкурс кыздарга ыйман туурасында тарбия берет жана келечекте тураа түз жолдо жүрүүсүнө өбөлгө түзөт», - деп түшүндүрөт ал.

Ошондой эле С. Жунусбаев бул сынак  «өтө жогорку деңгээлде өткөндүгүн жана жаштар өздөрүнүн көңүл ачуу  убактысынын  текке кетпегендигин» тастыктайт.

Сынактын көрүүчүсү Ислам Шаршекеев   анын ойюна  кошулат.

«Бул иш чара  абдан  жогорку деңгээлде өттү,  мага абдан жакты». Ал  бул иш чарада калыстар тобу кыргыз маданияты жана үрп адаттарына көбүрөөк басым жасашканын билдирет.

Катышуучуларды телеканал өкүлдөрү жана Ош шаарынын жаштар иштери боюнча  комитетинин өкүлдөрү баалашты.

Калыстар тобунун өкүлү Турсун Умаров бул иш чаранын жакшы жактарын жана кемчиликтерин айтып кетти.

«Мага кыздардын бийи жана убакытка карап картошка арчуусу көргөзгөн таланттары абдан жакты. Бирок саламдашуу учурунда сөздөрүн унутуп кайра эстеп айтканы жакпады»,- деп айтты.

Сынактын жеңүүчүсүнө дем алууга  Ыссык- Көлгө  жолдомо берилди. Бул сынакта № 33 мектептин 11 классынын окуучусу жеңип алды. Анан айтуусу боюнча биринчи орунду алуу ойуна да келген эмес.

«Мен абдан кубанычтамын, менин мектебим жана эжекелерим мага ишенген болчу жана мен Озгур айылымды уят кылбадым»  деп kloop.kg  сайтына билдирет.

Бирок   «Мектеп периси- 2011» катышуучусу  Айгерим   Исакова   бул сынактын жыйынтыгына нааразы.

«Туура эмес кылышты, биринчи орунду алган кыз ылайыктуу эле, ал эми калгандары  ылайыктуу эмес. Мен бир да орунга илешкен жокмун. Орунду алууну каалаганда жокмун», деди Исакова

Катышуучулардын айтуусу боюнча  «өздүк чөнтөгүнөн»  эң азы 2000 сом каражат кетиришкен.

Ал эми конкурста болуп өткөн чыгымдарды уюштуручулар өздөрүнө алышты.

«Биз акчаны бей өкмөт уюмдарынан албайбыз, же болбосо америкалыктардан да албайбыз. Биздин өзүбүздүн бюджети бар»,- деп билдирди уюштуручу  Сонунбек Жунусбаев .

Ош  шаарында жашаган америкалык кыз  kloop.kg интервью берүүсүндө  белгисиз бойдон калуусун калады жана бул иш чарага нааразычылыгын билдирди.

«Бул  эң пайдасыз, жиндиче жана кереги жок иш чаралардын бири. Чындыгында, алар биринчиден сулуукту гана баалашат,  алардын акылы жөнүндө сөз да болбойт. Мен бул сынактын деңгээли өтө төмөн», - деп эсептейт ал.

«Сулуулар сынагы» Европага  Америкадан келген. Бул  америкалык сынак 1854 жылы Бармуномдо уюштурулган. Ошондо бул атактуу наамды алыш үчүн 30 кыз аракет кылган.   Олимпиалык жана дүйнөлүк футбол мелдештерине караганда  «Дүйнөлүк  Пери»  сынагы өзүнүн  кечки көйнөктө чыгуусу  чоң келишпестиктер жана интигалары менен таарыхта өзүнө көп күйөрман камтыйт.

Авторлор: Бекжан Джусупов, Ариет Туратбеков

Сүрөттүн автору: Аскатбек уулу Ибрагим

Редактор: Айзат Шакиева