Мүлк министрлиги тарабынан ААК «Кыргызнефтегаздын» башчысын алмаштыруу сунушу ишке ашкан жок

4-майда Кочкор-Ата шаарындагы ААК «Кыргызнефтегаздын» коомдук байланыш бөлүмүнүн адиси айтымында «Мулк министрлигинин кызматкери Махабат Исаева Кенешбек Масировду  мурунку кызмат ордуна дайындоо  сунушу менен келди


Нефть казуу  башкармалыгынын жумушчулары  Алмазбек Мустапакулов  азыркы учурдагы болуп жаткан «Кыргызнефтегаздын»  айланасында  чечилбестиктерди таагырак  интервью kloop.kgге айтып берди.

«Ал жерде эч кандай чогулуш болгон жок. Ал аялды [Махабает Исаеваны] Мамлекеттик мүлк министрлиги бул жерге келгенге жана учурдагы «Кыргызнефтегаз» башчысы Каныбек Масировдун кызмат ордуна Кенешбек Масировду коюуга мажбур кылган», деди ал.

Ошондой эле Мустапокуловтун айтуусу боюнча  мындай талапка «Кыргызнефтегаздын» нефть казуу «жумушчулары макул эмес».

«Алар учурдагы башчыны Каныбек Масировду өз ордунда калуусун каалап жатышат. Бул  чечим менен МММ  мыйзамды бузду. Себеби  Махабат Исаева  буга чейин ооруканада дарыланып жаткан. Убактылуу эс алуу убагында, бизге келип мындай сунушту билдирүүгө укугу жок», - деп билдирди Мустапакулов.

Бул маселе боюнча «Кыргызнефтегаз» акционерлери Мамлекеттик мүлк Министрлигин эл аралык Жалалабад сотуна беришти.

Кочкор-Ата шаарынын мэри Тойалы Анарбаев  29 апрель  күнү «Кыргызнефтегаздын»  айланасында болуп өткөн  соттун чечими жөнүндө айта кетти.

«Мында 4-майга чейин эски  курам иштесин жана андан кийин ошол эле курамдын иштөөсүнө тыюу  салынсын», - деп ал айтты.

Кайра шайлоо

Мамлекеттик мүлк министрлигинин  маалыматы боюнча   ААК  «Кыргызнефтегаз» директорлор кенеш курамынын кайра шайлоо себеби пландык иштердин толук эмес аткарылгандыгы, ААК «Кыргызнефтегаз» айланысындагы ишти изилдөө ведомство аралык күйүүчү май – энергетикалык комплекстин алдында түзүлгөн коммисиясынын берген маалыматтарынын  негизи боюнча жүргүзүлдү.

Мамлекеттик мулк министиринин орун басары Таалайбек Аяркулов ААК «Кыргызнефтегаз» директорлор кеңешинин  кайра шайлоо себебин  тагыраак түшүндүрүп кетти».

«Нефтти казып алуу, кайра иштетүүгө тапшырыруу пландары аткарылган эмес. Нефтин өздүк наркы жогорулап кеткен. Мындай көрсөткүчкө карабастан, кызматкерлердин, жумушчулардын  экономикалык эсепсиз айлык акылар көтөрүлгөн, натыйжада мындан ары баанын тез түшүп кетиши, иш кананын иштебей калуу абалына алып келет», - деп кошумчалады.

Аяркуловтун  айыптоолорун  Алмазбек Мустапакулов макул эместигин билдирди.

«2010 жылы план толбой калганынын себеби Кыргызстандын түштүк аймагында июнь окуяларына байланыштуу, бирок баланстык киреше 255 млн сом болду. Ал эми айлык акыларынын жогорулашы мыйзам чегинде эле болгон, инфляцияга байланыштуу», - деп билдирди министиринин орун басары.

Келишпестиктер

Ошондой эле Таалайбек Аяркулов өз сөзүндө  Мамлекеттик Мүлк Министрлиги  «Кыргызнефтегазга» байланыштуу мыйзамды «бузбагандыгын»  айтты.

«Биз ААК  «Кыргызнефтегаз» директорлор кеңешине бир нече жолу кайрылганбыз, алар систематикалык түрдө негизги  МММ атындагы акционердин укугун тоготушпаган. Бизде баары жазуу түрүндө бар»,- деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Бирок  коомдук байланыш бөлүмүнүн адиси Алмазбек Мустапакулов Аяркуловтун сөзүн четке кагат.

«Бул айыптоолор ААК «Кыргызнефтегаз» директолор кеңешин алмаштыруусу негизсиз. Бул жерде   «Мамлекеттик  мүлк министрлиги» эптеп мурдагы коррупциялык схеманы алып келүүнүн аракетин көрүп жатышат», – деп ал нааразычылыгын билдирди.

Жалалабад облусунун губернатору Бектур Асановдун оюу боюнча бул маселени сот чечиш керек. Натыйжасы соттон кийин билинет, деди ал.

ААК «Кыргызнефтегаз» маалыматы боюнча «Кыргызнефтегазында»  иштеген акционерлер  Мамлекеттик мүлк министрлигине нааразы болуп сотко беришти. Ал  Жалалабад Эл аралык сотунда  20 май 2011 жылында өткөзүлөт.

«Кыргызнефтегаз»

ААК  «Кыргызнефтегаз» геологиялык изилдөө иштерин, ошондой эле  нефть жана газ иштетүү булактарын  Кыргызстан боюнча  издөө иштерин жүргүзөт.

ААК  «Кыргызнефтегаз» негизги капиталы бир миллиард сомду түзөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу Кыргыз  Республикасынын   Мамлекттик  комитети   85,16 пайызынын ээси.

Авторлор:Арстанбек кызы Анара, Рахматилло Байбабаев

Редактор: Айзат Шакиева