Сулайман-тоосунун түштүк этегинде жайгашкан мечит 2007 жылы март айында курула баштаган. Муфтияттын түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн айтымында борбордук мечиттин курулушу август айында бүтүрүлөт
Муфтияттын түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн катчысы, курулуштун жетекчиси Жанарбек Матиев мечиттин өзгөчөлүктөрү жөнүндө kloop.kgге ой бөлүштү
«Акыйкаттан бул мечит түштүк эле эмес бүтүн Кыргызстанда, кооздугу, көлөмү боюнча чоң мечиттердин бири. Бишкетеги мечиттер курулуп бүткөндөн кийин бул мечит чоңдугу боюнча экинчи мечит болмокчу, азырынча бул мечит Кыргызстан боюнча эң чоң мечит»,- деп билдирди
Мечит Сулайман тоонун жанында жайгашканына байланыштуу «Сулайман Тоо мечити» деп аталган. Эки кабаттан туруп, төрт мунарасы бар. Мечиттегилердин айтымында мечит бир учурда жыйырма миң адамды тейлей алат.
Ошондой эле Матиевтин айтуусу боюнча ыйык тоонун алдына мечиттин курулуп жатканы шаардыктар үчүн ыңгайлуу жана эң туура.
«Сулайман -тоонун айланасындагы кичинекей, майда мечиттерге жума намаз окуганга мүмкүнчүлүк берилген. Аларды бир жерге топтоп үгүт-насаат иштерин жүргүзсө жеңил болмок», - деп ал кошумчалады.
Адистердин ою
Кыргыз Республикасынын диний иштер боюнча Мамлекеттик Комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Борумухаммед Эсенов мындай масштабдагы мечиттин курулушун колдойт.
«Биздин өлкөдө динге эркиндик берилген, ошондуктан мечиттин курулушу туура, андан тышкары майда мечиттер көбөйүп кеткенине байланыштуу учурда сапаттуу, чоң, облустук деңгээлдеги бардык мусулмандарды топтой алган мечит керек», - деп ал эсептейт.
Имам аль Бухари-Алай мечитинин жардамчы имамы Камбаралы Акматов Борумухаммед Эсеновдун пикирине кошулбастыгын билдирди.
«Майда мечиттер көбөйүп кетет деген, бул орунсуз сөздөр. Мечит канча көп болсо ошончо эле жакшы, бирок тартип болуусу шарт», - деп айтып өттү.
Ошондой эле Камбаралы Акматов «ислам дининде дүйнөдө эң жакшы шаар мечиттери көп шаар, жана эң жаман шаар базарлары көп шаар экени айтылат» - деп кошумчалады.
Тургундардын пикири
Равшан Турсунов жергиликтүү тургун, анын ойунда бир борбордук мечиттин курулушу калктын биримдүүлүгүнө алып келет.
«Сөзсүз андай мечит бизге керек, бирок анын курулушун менимче созуп жиберишти», - деп айтты.
Бирок Мухаммедали Алимов тескерисинче, кичи райондору көп шаарда жер жерлерде майда мечиттердин болушун оң деп эсептейт.
«Майда мечиттердин деле ар жерде болгону туура. Анткени Асыр же Пешим намазын окуганы мен ал мечитке убара болуп барбайм да. Мисалы мен Юго-Востокто жашасам Араванскийге келгеним мен учун алыс болуп калмак», деди ал.
Курулуш 2007 жылы март айында башталып, 2010 жылы июнь айында бүтүшү керек болчу. Бирок ошол кезде болуп өткөн окуяларга байланыштуу курулуш токтоп калган. Курулуш ушул жылдын август айынын башында толугу менен аяктап, орозо учуруна иштетүүгө берилет.
Мечиттин курулушуна 1 миллион 300 миң АКШ долларынын тегерегинде сарпталышы мүмкүн. Жана анын негизги демөөрчүсү болуп Аравия өлкөлөрүнүн бүткүл Жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми эсептелинет. Андан тышкары колдоо шаар жана облус бийлиги,мечиттин өзүнүн имамы жана жөнөкөй жарандардан, жеке ишкерлер тарабынан да болуп жаткан.
Автор: Данияр Өскөнбаев
Редактор: Айзат Шакиева