Ноокат районунда кичи автобустардын айдоочулары митингге чыгышты

60 ка жакын айдоочулар Ноокат районунун Мамлекеттик авто инспекциясынын башчысын кетүүсүн талап кылып борбордук көчөөнү тосушту. Айдоочулардын айтымында МАИ кызматкерлери алардын айдоочулук күбөлүктөрүн мыйзамсыз алып жатышат

Айдоочу Асилбек Жунусбаевдин Ноокат районундагы МАИ кызматкерлерине өз нааразычылыгын билдирет.

«Башка облустарга барсаң жол эрежесин бузганда гана тосот. Ал эми бизде күнүгө тосуп текшере берет. Биз МАИнин жетекчисин иштен кетүүсүн каалайбыз.Бизди адамдарды ашыкча саласыңар дейт, биз элге кызмат кылабыз. Адамдар жолдо кол көтөрүп турса алып кетебизда. Анын үстүнө азыр күйүүчү май да кымбат», - деп ал айтып берди.

Ноокат райондук МАИ кызматынын башчысы Ибрагим Ханбабаев айдоочулардын астына чыгып болуп жаткан иштер тууралуу айтты.

«Мен бардык айдоочуларга жардам берем. Кээде айдоочулук күбөлүктөрүн да алып берем. Аксакалдарды кезексиз киргизем. Эгер проблемаңыз болсо мага кайрылңыздар. Ал эми сиздерди кыйнап жаткандарды мага көрсөтүп коюңуздар», -деп жарыялады кызмат башчысы.

Кыжырланткан айыптар

Митингдин катышуучуларынын бири Ибрагим Жанибеков кандайча маичилердин колуна түшүп, канча төлөп чыкканын да ачык айтты.

«15- май күнү машинамды алып барып камап койду.Протоколду да акыры өзүм жалынып жатып жаздырдым. Начальниктин кабинетине эки миң сом таштап чыктым.Машинамдын айнеги сынык болгону үчүн айып салышты», - деп нааразычылыгын билдирди.

Ушундай эле ойду айдоочу Ажим Касымов аттуу катышуучу да айтып берди.

«Мага МАИ кызматкерлери бир жарым миң сом айып салып айдоочулук күбөлүгүмдү алып койду да акча таап келсен беребиз деп жөнөтүп жиберишти» деди ал.

«Айыптар мыйзамдуу»

МАИ кызматкери Мухаммед Кадыралиев айыптар закондуу түрдө салынып жатканын айтып өттү.

«Бизде айыптар да графиктин негизинде коюлат. Анда максималдуу жана минималдуу айыптар каралган», - деп белгиледи.

Ошондой эле Мухаммед Кадыралиев жасалып жаткан иш аракеттер да баары мыйзамдуу түрдө деп кошумчалады.

«Бизде рейд боюнча уруксат бар жана рейд өткөрүүнүн планы бар. Биз балдарга ал планды беребиз жана анын негизинде отчет сурайбыз», -деп түшүндүрдү.
Ал эми Ноокат шаарынын мэри Абдыш Турдукулов МАИ кызматкерлерин иш аракеттерин колдойт.

«Ооба рейд болуп жатат себеби канчалаган адамдар пачкалап өлүп жатат. МАИ кызматкерлеринин иш аркеттери туура ал эми айдоочулардын жүргүзүп жаткан аракеттери натуура»,- деп белгиледи.

Ноокат райондук волейбол федерациясынын президенти жана пенсиядагы айдоочу Дооран Жусупов да МАИ кызматкерлеринин ишине канааттанбастыгын билдирди.

«Ноокат районунун МАИ башчысы кетмейинче айдоочулар тынчыбайбыз деп ант беришти.15 күн мөөнөт беребиз болбосо Ош-Кызыл-Кыя жолун тособуз деп ант беришти. Мен да 45 жыл айдоочу болуп иштегем.Азыр байлар 100-150 дө [чакырым] өтүп кетсе да Ноокаттын МАИ кызматкерлери карашпайт», - деп өзүнүн нараазылыгын билдирди.

Ал эми шаар мэри Абдыш Турдукулов да бул сөздөргө карама каршы ойду айтты.

«Айдоочулар үчүн рейд мезгилиндеги кароолор жат көрүнүш болуп жатат.Алар ашыкча адам алган үчүн айып салыш керек. МАИчилер тосуп айып салса бала чакам бар, зорго тиричилик кылып жатам деп зордуктап 100 сом 150 сом таштап кетишет. Анан алар да коюп жиберүүгө мажбур болушат.Бүгүн рейд мезгилинде мыйзам чегинде айып салынды эле, алар тополоң кылып жатышат»,- деп оюн жыйнтыктады.

15 күндүк мөөнөт

16-май күнү эрте менен Ноокат районундагы кичи автобустардын айдоочулары митинге чыгып акимияттын алдында жолду тосушту.Алар райондук МАИ башчысын жумуштан четтетүүнү талап кылып акимге кайрылышты. Андан кийин анын үстүнөн иликтөө иштерин жүргүзүү талабы менен райондук прократурасына арыз менен кайрылышты. Прократура кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин чогулган айдоочулар жолду ачып, райондук МАИнин жетекчиси менен жоолугушууга авто бекетке келишти. Ал жерде өздөрүнүн нараазылыктарын ачык айтып райондук МАИнин жетекчиси Ханбабаев Ибрагимдин кызматтан кетүүсүн талап кылып бул маселени чечүүгө 15 күн беришти.

Автор: Абдижалил уулу Бекжан
Редактор: Айзат Шакиева