Оштун мэри: Июнь окуялары башка мазмундагы китепте чыгат

18 майда Оштун мэриясында Мелис Мырзакматов шаардагы бир канча жүздөгөн тургундары менен жолугушуп провакациялык «Час шакала» деген китепти, дисктерди өрттөштү. Жана июнь окуялары тууралуу китеп жазылаарын айтты

Мелис Мырзакматовтун айтуусу боюнча көптөгөн маалыматтар ачыка чыкпай жатат.

«Июнь окуялары тууралуу китеп жазабыз, көп чындыкты сыртка чыгарабыз. Июнь окуялары дежур телеканалдар,газеталар берип жаткандай эмес, алар чындыкты бурмалап жаап- жашырып , окуянын көлөмүн кичинертип, бир багытта берип жатат. Бирок Ош шаарынын эли чындыктын каякта экенин билет»,- деп шаар башчысы жарыялады.

Акциянын өткөзүлүшү

Ош шаарында жергиликтүү бийлик дүйнө коомчулугуна «бизге тынчтык керек, биз өзүбүз уруштукпу өзүбүз жарашабыз» деген кайрылуу жасап акциянын катышуучулары менен «Час шакала» деген китептин макеттерин, дисктерин өрттөштү .

Шаар башчысы мэриянын залында Оштогу баардык улуттардын атынан үчүнчү күчтөргө карата кайрылуу жасады.

«Мынаке жылдык жакындап калды элдин ичинде дагы ар түрдүү ушак айыңдар жана мынандай китептер таркатылып, баракалар таркатылып, «биз өч алабыз , касас алабыз!» деп тополоңго үндөп жатат. Бул китепти Финляндиядан жакшынакай кылып чыгарып, жөнөтүп жаткандарга салам -дуба айталы. Эми бизге ортого түшпөй эле койгула», -деп ал кайрылды.

Серепчи Марс Сариев мэрдин өткөргөн акциясын пайдалуу деп эсептейт.

«Мен ойлойм кече жакшы эле акция өттү. Элди бириктирип, элдин максатын ачуу үчүн ушундай акцияларды өткөрүү керек», деген оюн билдирди.

Ошондой эле серепчи ал жерге өзбек улутунун өкүлдөрү көп катышкандыгын түшүндүрүп кетти.

«Өзбектер да тынч жашагысы келет,канчалаган кылымдардан бери кыргыздар менен бирге жашап келе жатышат. Жана алардын ал жерге көп барганы алардын тынчтыкты каалаганы»,- деп айтты серепчи.

Акциянын катышуучулардын бири Манзура Хасанова Сариевтин оюн колдоп биримдикти жана тынчтыкты кааларын айта кетти.

«Биздин элге согуштун кереги жок. Бизге үчүнчү күчтөрдүн киришүүсүнүн кереги жок, бул согуш улутчулдарга керек болчу, алар эки элдин бирге жашоосун каалабайт»,- деп катышуучу жарыялады.

Жана Хасанова эл достошпосо эч ким жардам бербестигин тушунду.

Китеп «Час Шакала»

Серепчи Марс Сариев үчүнчү күчтөр бул китепти чыгаруу менен бир эле кыргыз менен өзбек улуттардын арасында мамелени курчутуу гана эмес негизги максаты «Өзбекистан болуп жатат» деп эсептейт.

«Менин оюмча бул [китептин чыгышы] провокация. Кыргыз - өзбек жарашып баратканда мунун чыгышын, мен провокация катары көрөм. Тыш жакта жүргөн күчтөр бар. Алардын ою ошол жакты дистаблизация кылып Каримовдун режимин кулатуу деп ойлойм .Бул провокация экенин Ислам Каримов БУУда айткан», - деп Сариев айтты.

Акция учурунда доклад менен чыккан Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош областы боюнча жетекчисинин орун басары Полат Сабиров да бул иштер баары үчүнчү күчтөр тарабынан жасалып жатканын баса белгиледи.

«Бул жерде баарыбыз жабырлануучубуз, мына кудайга шүгүр секин ишенич кайра жаралып жатат. Биздин мэрия 2011 жылды «Улуттар аралык достукту жана биримдикти чыңдоо жылы» деп жарыяланды», - деди ал.

Ош жана Жалал- Абадда 2010 жылы 11-14 июндарында кыргыздар жана өзбектердин ортосунда этникалык кагылышуу болгон. Жана анын натыйжасында 427 адам өлгөн.
Ош жана Жалал - Абад областтарындагы баш аламандыктар тууралуу белгисиз авторлор тарабынан жазылган «Час Шакала» китеби азыркы учурда кыргыз коомчулугунда эң көп талкууланган темага айланды.Китеп түштүктөгү болгон окуяларды камтыган видеодиск менен жабдылган.

Автор: Абдижалил уулу Бекжан