Оштогу жергиликтүү бийлик даваат иштерин көзөмөлдөөнү сунуш кылышты

26 майда президенттик резиденцияда улуттук коопсуздук кызматы жана жергиликтүү бийлик даваат иштерин көзөмөлдөөнү талкуулашты. Дин өкүлдөрү жана диний эксперттер да бул иштер мыйзамдын чегинде болсо, каршы эместигин билдиришти

Мэриянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн адиси Айтбай Масалиевдин даават иштерин жүргүзгөндөрдү «көзөмөлдөө керек» деп эсептейт.
«Бул жерде дааватты тура жолго кою боюнча,жеке хужралар боюнча көп маселелер көтөрүлүп жатат ,бирок бул жерге көбүнчө имамдар чакырылгандыктан тескери эффект берип жатат.[даваат иштерин кыскартуу эмес кайра күчөтүү]»,- деп айтты.

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Исакбай Мырзабеков сырттан келген диний агымдардын даваатынан кооптонуп жатканын айтты.

«Бизде дааватты жамынып туруп муфтияттан күчтүүрөөк структура пайда болду. Бул «Таблиг Жамааты». Көптөгөн коңшу мамлекеттер экстремисттик деп таап, ага тыю салышкан.Мамлекеттик органдар дааватка каршы иш жүргүзбөйбүз. Бул өзү исламдын парзы болуп жатса биз ага каршы чыгабызбы? »,- деп өз өзүнө суроо берди.

Бирок Ош Обладминстрациясынын дин иштери боюнча бөлүм башчысы Токтогул ажы даават маселесин көтөрүп укук коргоо кызматкерлери менен иштешүү кыйын болуп жатканын белгиледи.

«Диний билимдин аздыгынан дин өкүлдөрү менен укук коргоо жана мамлекттик органдардын кызматкерлеринин иштешүүсү бир аз кыйын болуп жатат,ошондуктантан алардын диний билимин жогорулатуу керек .Ошол эле учурда диний кызматкерлердин юридикалык билими аздыгынан укуктарын жакшы билбей жатат»,- деп ал билдирди.

Ошондой эле Токтогул ажы «даават кыяматка чейин токтобойт» экендигин түшүндүрдү.
«Жер жүзүндө адам бар экен кыяматка чейин даават токтобойт.Дааватты токтотом деген Советтер Союзу өзү токтоп калды.Демек биз дааватты токтотууну ойлобой, ким даават кылып жатат, эмнени айтып жатат, ошону ойлонушубуз керек»,-деп айтты.

Дааватка керектүү документтер

Сүйүн ажынын айтымында керектүү документтер болсо күч органдары эч кандай каршылык кыла албайт жана документтерди текшерип туруу коопсуздук үчүн «жакшы» экендигин түшүндүрүп кетти.

«Эгер муфтияттан же казыяттан уруксат кагазы болсо бизге укук коргоо кызматкерлери эч кандай кысым көрсөтпөйт. Дааватчылардын документтерин текшерип турган жакшы, себеби алардын кайсы багытта экендигин күч органдары билип турат»,- деп ажы түшүндүрдү.

Жолборсбек Жорбеков да дааватка зарыл документтер менен чыгыш керектигин айтты.
«Муфтийдин жеке өзүнүн колу коюлган кагаз болуш керек.Даават бул мусулманчылыктагы ыйык иш , ошондуктан даават кылгандардын илими жогору болуш керек», - деп айтты.

Ошондой эле Жоробеков даават иштери мамлекеттин көзөмөлүндө болуш керектигин белгиледи.

«Дин мамлекеттен бөлүнгөн, мамлекет динге кийлигишпесин дегендер бир аз башкача түшүнүп жатышат.Мамлекет өзүнүн ичинде болуп жаткан иштердин баарына кийлигишет, баарын тескейт, баарын көзөмөлдөйт.Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн», - деди эксперт.

Даават- бул исламга чакыруу. Дааватчылар адамдарга Ислам жөнүндө түшүндүрүшөт. Шарият боюнча дааватка бир айда бир жолуу үч күнгө чыгуу керек. Бир жыда кырк күн. Сүйүн ажынын айтуусу боюнча дааватка илими бар жана дааватка чыгууга уруксат кагазы бар ар бир кыргызстандык чыга алат.

Автор: Абдижалил уулу Бекжан