Ош: этникалык конфликттеги жабыр тарткан жаш бала инвалидтин статусун ала албай жатат

Былтыргкы ош окуясында ок жараатын алган 15 жаштагы Зиедилло бир жылдан бери инвалидтин статусун ала албай жатат. Медицина- социалдык экспертиза ал жаш бала атайын жасаслган аппаратсыз баса алат, деп тастыктайт
Өзүнүн жараатын Зиедилло Джурабаев 2010 жылы 12 июнда алган 18 саатын чамалырында оштун А. Каримова көчөсүндө кооголандын үчүнчү күнү болгон. Ошондо Джурабаевке белгисиз адамдар ок аткан, эң азы — бул эки ок сол бутуна тийген.

Зиедилло менен кошо анын үй-бүлөөсү да болгон. Джурабаевтер өз жанын сактап калыш үчүн ал маалда зордукка камтылган районунан качып чыгышкан.
«Биз ондон [адам] көп болчук бир кичинекей машинада. Биз «Киргизия» кинотеатрына жеткенде сол жактан бизге атып жатышты, башка жактан таштар менен атып жатышкан. Ал маалда арка жактан ок Зиедиллонун бутуна тийди»,-деп эстеди баланын апасы Одина Джурабаева.

Бул окуядан кийин ал бала беш ай баса ала албай үйдө жаткан. Зиедилло бир жылдан бери мектепте болгон жок.

«Балам беш ай баса албай үйдө жаткан, андан кийин балдак менен гана басты. Бул окуялардан кийин балам өтө өзгөрүлдү, окууга, жумушка кызыгуусун жоготту, буга чейин атасы менен магазинде иштеген болчу»,-деп айтты Джурабаева.

Өзүнүн апасынын сөзүнө Зиедилло да кошулат.

«Кээде бутум оруйт, мектепке баргым келбейт», - деди ал.

Денесиндеги чачырандарды алып салуу үчүн Зиедиллого беш жолу операция кылынды. Алардын төртөөсү оштогу ооруканаларда болуп өттү. Джурабаевтердин үй-бүлөөсүнө бул операциялар акысыз болуп өткөн.

Бешинчи операцияны 2011 жылы февралда Кыргызстандагы Саламаттык сактоо министрлиги демилгеси жана финансалык колдоосу менен Бишкектеги илим – изилдөө борборунда травматолигия жана ортопедия бөлүмүндө өткөзүлдү.

Инвалид статусуна баш тартуу

Азыр Одина Джурабаева баласына инвалидтин статусун алып алуу аракетинде, бирок Ош район аралык медицина-социалдык экспертиза комиссиясы бул нерсеге баш тартып жатышат.

Өзүнүн чечимин МСЭК Зиедилло өзү басалат деп түшүндүрдү.

«Биздин комиссия инвалидность берүү үчүн ошол адамгда ок тийген жерде ирин болуш керек. Же ал адам атайын жасалган аппарат менен жүрүү керек андан ары дарылоого мажбур болсо. Ушул гана учурда биз группа бере алабыз. Азыркы учурда биз мындай нерселерди көрбөй жатабыз»,-деп МСЭК өзүнүн позициясынын түшүндүрдү.

Жаш баланын энеси Одина Джурабаева бул чечмелеге нааразы.

«Биз биринчи жолу МСЭКке келгенде, ал жактагы адамдар менин баламды чечиндирип карап чечим кылышты, баламдын ден -соолугу жакшы экен деп»,- өзүнүн нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында Джурабевтер Зиедиллону дарылоого ар айда эң азы 900 сомдон жумшашат.

«Эгерде инвалид группасын алсак айына балам 1500 сом алып турмак»,- деп үмүттөнөт энеси.

Бишкектик илим-изилдөө борборундагы Джурабаевти дарылаган Ийгилик Казаков бул маселеге комментарий берген жок. Доктурлар инвалид группасын алаганга компетендүү эмес деген ойду билдирди.

«Инвалид группасын берүүнү атайын уюштурулган комиссия гана чечет. Биз бөлүмдүн башчысы менен макулдашып алар [Джурабаевтер] инвалид группасын аныктоо үчүн жергиликтүү МСЭКти текшерүүсүнөн өтсө болот»,- деп доктур kloop.kgге берген интервьюсунда айтты.

Эксперттер: ал азыр инвалид

Балдардын укугун коргоо боюнча эксперттер Джурабаевтер үй-бүлөөсүн тарабын алышты.

Социалдык укукту коргоо боюнча иш алып барган «Улыбка» коомдук фондунун директору Эльмира Умарованын айтымында Джурабаев азыркы убакта жаш богон үчүн өзүн алып жүрөт. Бирок убакыт өткөндөн кийин ден- соолук абалы начарлашы мүмкүн.

«Ал азыр инвалид себеби денесинде дагы канча чачырандар бар. Жаш баланын бойдун өсүшү токтоп калды»,- деди ал.

Укук коргоочу Елена Воронина МСЭКтин чечимин «өзүн өзү алдоо» деп атайт.

«Бишкектик доктурлар операция башталган учурунда инвалидикке документтерди жасоо керек деп айтышкан, ал эми оштуктар танып жатышат –бул нерсе өзүн өзүү алдоо»,- деп ойлойт укук коргоочу.

«Улыбка» фондунун маалыматында — бул окуя жалгыз гана эмес.

Былтыркы этникалык конфликтте эң азы он жаш балдар жабыр тарткан. Алардын ичинен үчөөсү оор жараат алган. Алардын эчкими инвалид статусун алган эмес.

Автор: Аида Ахмедова