Акыркы эки айда доллар орто ченеминде 2 сомго арзандады

Кыргыз улуттук банкынын маалыматында АКШ доллардын курсу сомго карата орто эсепте 2 сомго азайды. Алар буну валютатнын башка мамлекеттерден көп келгендиги менен түшүндүрүшөт. Эксперттер жана тургундар курстун төмөндөшүнө ар түрдүү карашат

Улуттук банкта «отчеттук» тенденцияны АКШ долларынын курсу сомго карата төмөндөшүнүн белгилешти.

Алардын айтымында башка мамлекеттерден Кыргызстанга америкалык валюта көп санда келип жатат.

Ошол эле убакта долларга болгон суроо-талап ички валюталык базарда мурдагы бойдон калууда.

«Божомолдого караганда ушул жылда март-апрель айларында таза 218,7 миллион АКШ доллары келип түшкөн, бул былтыркы жылга салыштырганда 56,9 млн. долларга көп », ― деп улуттук банк билдирди.

Улуттук бактын билдирүүсүндө доллар ички валюталык базарга коммерсиялык банктар аркылуу орусиялык рублден жана казак тенгесинин операциялары аркылуу да түшөт.

КУБнын официалдуу сайтынан маалыматында 2011 - жылы марттын башталышында доллардын курсу 47,4238 сом түздү, апрелдин башында — 47,2580.

1 майга курстун доллары 47,7766 сомго барабар болду, 6 июнга доллардын официалдуу курсу 45,2500 сомго барабар.

Эксперттердин ою

Экономист Бектур Аматов доллардын арзандаганынын себеби Кыргызстанга күйүүчү заттардын алып келинүүсүнүн токтотулгандыгында деп айтат. Анын айтымында акыркы учурда нефтин баасы өсүшүнө байланыштуу күйүүчү заттардын өлкөгө алып келүүсү токтолулган.

«Нефтини кайра иштечүлөрүнө чикий нефть сатуу аны кайра иштеп чыгаруудан көрө, көбүрөк пайдалуу, ошол үчүн алар күйүүчү заттарды сатышпайт. Кыргызстандын нефтетрейддери күйүүчү заттарды долларда сатып алыш керек. Күйүүчү заттар жок, долларга сунуш да жок», ― деп Аматов kloop.kg ге берген интервьюсунда айтты.

Эксперт божомолуна караганда Кыргызстандын нефтетрейлери күйүүчү майлоочу заттарды чет өлкөлөрдө сатып алууну башташканда долларга болгон суроо- талап күчөйт ошону менен доллардын баасы да жогорулайт.

«Нефтетрейддер башка өлкөлөрдөн нефтти доллар менен төлөп сатып алууну башташканда бул нерсе доллардын көтөрүлүшүнө алып келет, сомдун девальвациясы болот, ал эми доллардын ревальвациясы»,―деди Аматов.

Бирок экономика өнүктүрүү министирлигинин өкүлү Насирдин Шамшиев Аматовтун божомолдоруна кошулбайт. Анын ою боюнча доллардын курсу төмөндөшүсү презеденттик шайлоого карата созулушу мүмкүн.

«Жакында президенттик шайлоолор башталат жана дагы ар түрдүү акчалар ташталып эл арасында акчага талап күчөйт[улуттук валютага] жана кайрадан сомдун курсу көтөрүлүшү мүмкүн.Сомдун күчөшү бизде акчага талап жоктугун билдирет.Реваливация[курстун түшүшү] дагы улунышы мумкун » ― деп Шамшиев kloop.kgнин коресспондентине берген интервьюсунда айтты.

Бирок, Шамшиев курстун төмөндөшү бүт нерсеге бирдей таасир этпешин айтып өттү.Анын ою боюнча курстун төмөндөшүнөн импорт кылган компаниялар утат,ал эми иштеп чыгаруучулар жана товарларды сыртка экспорт кылуучулар «уттурушат».

Дизелчилердин ою
Кыргызстандагы белгилүү дизель форумунун колдонуучулары АКШ долларынын курсунун төмөндөшү боюнча ар түрдүү ойдо.

Форумдун колдоонучусу azattyk.kg өзүнүн ишкер тааныштары банкка кредитти доллар менен төлөшкөндүктөн доллардын курсу төмөндөгөнүнөн кубанып жаткандыгын жазды.

Мен ушундай көрүнүштү байкап жатам.Дордой базарында кредит алып иштеп жаткан ишкерлер курстун төмөндөшүнөн абдан кубанып жатышат,себеби алар кредитти долларда алып,сом менен соода кылышат,жана кредитти жабып салууга акчаны азыраак төлөп калышат» , ―деп azattyk kg аттуу колдонуучу жазды.

Башка колдонуучу Batat кубануунун кереги жок себеби курстун төмөндөшү бизден өндүрүлгөн «товарлардын баалык атаандашуу мүмкүнчүлүгүн кыскартат».

«Ансызда өндүрүүшүбүз араң араң турат. Импорттолуп келген товарлар биздин ички базарда бир топ жогору туруп калат...» , ―деп жазды Batat.

Колдоонучу continent Кыргызстан «эч нерсени экспорт кылбайт». Анын айтымында мамлекет «товарды жалаң гана импорт кылат».

«Доллар же Евронун курсунун төмөндөшү бизге бир гана плюс! Импортулган товарлардын баалары төмөндөш керек[…] Эгерде баалар түшпөсө анда баардыгыбыз монополисттерге рахмат дешибиз керек, бизде баалар көтөрүлгөн артка жол жок», ― деп жазды continent.

Элдин реакциясы

Оштун тургуну Бекжан Булдуров өзүнүн акчасын долларда сактагандыктан «күйүп кетпөө» үчүн «тез арада» сомго алмаштырат.

«Албетте, тез арада алмаштырам, кооптонуп жатам», ― деп kloop.kg ге берген интервьюсунда айтты.

Үсөн Базарбаев акчаны долларда сактоо «ишеничсиз» деп эсептейт.
«Кээде рубльда, көбүнчө сомдо сактайбыз, долларда кармабайбыз», ― деди ал.

Автор: Авазбек кызы Нурзада