Түштүк жергесинде ички иштер министирлиги жана жергиликтүү бийлик ар түрдүү чагымчыл күчтөргө бөгөт кою максатында жер –жерлерге барып, интернационалдык үй-бүлөлөргө белектерди берип жатышат
4 июнда Мады айыл өкмөтүндө элди ынтымакка чакырган иш чара болуп өттү. Ал жерге 40ка жакын интернационалдуу үй-бүлөлөр чакырылып, аларга үй-тиричилигине керектүү белектер берилди. Ушундай эле иш-чаралар бир гана Мадыда эмес, башка айыл өкмөттөрдө да өткөрүлөт.
Ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Жээнбеков бул саамалык өткөрүлүп жаткандыгын эл арасындагы ар түрдүү чагымчыл жана экстремистик күчтөргө каршы деп түшүндүрдү.
«Бүгүнкү иш чара кыргыз жергесинде тынчтыкты орнотуу, мурда болуп келген стабилдүүлүктү кайра калыбына келтирүү максатында болуп жаткан иш-чара. Бул иш-чаралар кээ бир провакациялык же экстремистик күчтөрдүн чагымчылдык кылуусуна бөгөт коюуучу демилге», - деди ал.
Муфтийдин түштүк регион боюнча биринчи орун басары Убайдулла ажы Сарыбаев уюштурулган иш айласыздан кылынып жатканын белгиледи.
« Бул өкүнүчтүү иш-чара айласы жоктун амалы. Негизгиси [этникалык конфликт] болбош керек эле, Алланын тагдыры экен, болду. Бүгүн жарашуу иш-чарасы болуп жатат. Мусулман үчүн уят иш. Кайтып жарашуу иштерине жараша иштерди кылбасак […]
«Быйыл баш аламандыкка жол берилбейт»
ИИМдин кызматкери Эмил Жээнбеков быйыл андай кооптонуулар жок деп эсептейт.
«Эл ичинде жүргөн сөздөр бул жон кана ушактар. Ички иштер министрлиги, коргоо министирлиги, улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте ар тараптуучаралар корулуп жатат. Негизинен быйыл андай кооптонууга себеп деле жок», - деп айтты.
Карасуу районун акими Байыш Жусупов да анын оюн колдоп, бул жылы андай иштерге жол бербөөгө чакырды. Анын айтуусуна караганда быйыл мамлекет толугу менен даяр жана былтыркы окуялар кайталанбайт деп ишендирип кетти.
«Биздин армия да, күч органдары да даяр,быйыл биз былтыркыдай алсыз эмесмпиз. Айта кете турган нерсе быйыл куда кааласа андай иштер болбойт. Бизде буйрук бар, эгер дагы ошондой баш аламандыкка үндөгөн эл бузарлар келсе каттуу чара көрүлөт», - деп аким билдирди.
Интернационалдык үй-бүлөлөр
Эмил Жээнбековдун пикирине караганда ушундай үй-бүлөлөр азыр элдерди жараштырууда чоң рол ойнойт.
«Интернационалдык үй-бүлөлөр коомдогу достуктун жана ынтымактыктын дагы да чыңдалышына себеп болот деп ишенебиз.Ушундай үй-бүлөлөр көбөйсүн элибизде улутуна карап бөлүү жок болсун деген максатта жогорудагыдай саамалыктарды өткөрүп жатабыз», - деп ал айтты.
Бул иш-чарага катышкандардын бири 30 жылдан бери бирге жашап келген Каныбек Ысманов жана Лайли Абдраимова , кыргыз жана өзбек улуттарынын өкүлдөрү. Алар жаштарды ушундай үй-бүлө курууга чакырып, озулорунун уй-булолук жашоосун мисал катары келтирет.
«Ушул отургандардын бары эки улуттан курулган үй-бүлөлөр. Биз өткөнкү болгон окуяларда ким өзбек ким кыргыз экенинин ойлогон жокпуз. Элге кайрылып кетким келет, улут деген нерсе эч нерсени чечпейт .Эң негизгиси дилибиз таза болсун. Элибизде ынтымак болсун.»,- деп каалады Лайли Абдыраимова.
Сайипжан Закиров Мады айылынын тургуну анын үй-бүлөсү да эки улуттун өкүлүнөн куралган. Ал өз сөзүндө баш аламандыктарды болтурбоо үчүн интернационалдуу үй- бүлөлөрдон көбүрөк болсо жакшы болушун айтты.
«Кечекидей иштерде биринчи эле балдар көзгө көрүнөт экен.Биз өзбек -кыргыз болсок балдарга эмне болот деп коркот экенсин. Интернационалдык үй-бүлөлөр көбөйсө ушундай кырсыктар чыкпайт»,- деген ойду айтты.
Бирок азырка учурда Совет мезгилиндегиге караганда жаштардын арасында кыргыз жана өзбек улутун өкүлдөрүнүн баш кошуусу бир кыйла төмөндөдү.
Ош жана Жалал- Абадта, 2010 жылдын 11-14 июндарында кыргыздар жана өзбектердин ортосунда этникалык кагылышуу болгон. Жана анын натыйжасында 427 адам өлгөн.
Автор: Абдижалил уулу Бекжан