Аты алмаштырылган Кыргыз-Озбек университетин жергиликтуу бийлик кабыл алган жок

2010-жылдагы коогалаңдан кийин «социалдык» деп аты которулган кыргыз-уйгур университети жергиликтүү бийлик тарабынан тастыкталып, официалдуу түрдө колдоого алына элек. Аталган ЖОЖдун мугалимдер жамаатынын айтымында, бул өз кезегинде «студенттер жана окутуучулар» үчүн көптөгөн тоскоолдуктарды алып келет.

Чечим 2010-жылдын 16-июнунда улуттар арылык коогаландан сон Ош облусттук мамлекеттик администрациясында мезгилдуу бийликтин отурумунда кабыл алынып, Ош кыргыз-озбек университетинин» аты "Ош социалдык" университети деп озгортулгон.

«Бугунку кундо биздин уничверситеттин аты официалдуу турдо кабыл алынган эмес», — деп билдирди Социалдык университеттин Профсоюз комитетинин торагасы Чынгызбек Мамажакып уулу.

Мамажакып уулунун маалыматына караганда окуу жайга келген фирмалык бланкттар, моорлордун баардыгы озгортулбогон мурунку эле аты менен келип тушуудо.

Анын айтымында мындай корунуштордон улам жогоруда турган инстанциялар менен юридикалык мааниде тушунбостуктор жана оорчундуу маселелер пайда болууда.

"Андан тышкары университеттин бутуруучулору озулорунун диплому жонундо коп суроолор менен кайрылып жатат" деп билдирет профсоюздун торагасы.

«Биздин талаптарыбыз эч кандай саясат максатты коздобойт. 2010-жылдын июнь айында болгон кагылышуу дагы бизге эч кандай тиешеси жок. Биз университеттин атын озгортуу боюнча сунушту 2008-жылы эле окмотко киргизип, окуу жайга Чынгыз Айтматовдун атын берууну отунгонбуз, бирок тилекке каршы бийлик окулдору буга эч кандай маани беришкен эмес. Биздин унивнерситетке болгону кана официалдуу турдо ат берсе жакшы эле болмок», — дейт университеттин профсоюз комитетинин торагасы.

Социалдык университетиндеги Каржы-экономикалык факультеттин деканы Шайдилло Шакиев кыргыз-озбек университетинде 17 жыл иштеген. Анын созуно караганда 1994-жылы аталган ЖОЖ Кыргызстан менен Озбекстандын ортосунда болгон келишимдин негизинде ачылган.

«Университтети ачуунун биринчи максаты болуп Озбекстандын жараны болгон кыргыз студенттери жана Кыргызстанда жашаган озбек улутундагы студенттердин талаптарын орундатуу болгон. Азыркы кундо болсо Ташкентте, Кыргыз-Озбек университетинин дипломун жаратпайт. Ошол себептен университеттин мурунку атын калтыруунун кажети деле жок. Мындан тышкары коптогон оорчундуу суроолор кундон-кунго куч алып жатат.окуу жайдын мугалимдери бутуруучулорго кайсы аталыштагы дипломдорду тапшырууну билишпей, чет олколук шериктешетерге каттарды, иш кагаздарын жиберуудо окуу жайдын кайсы атын коюш керек экендиги жонундо ойлонуп келишет», — дейт оз созундо Шакиев.

«Акыркы соз» окмот тарабынан айтылат

Билим жана илим министирлигинин пресс-катчысы Керез Жукееванын айтымында алар ушул жылдын март айында окмоттун аппаратына «Кыргыз-озбек университетинин» атын озгортуу боюнча долбоор-токтом жоноткон.

«Биз оз ишибизди аткардык. Эми акыркы соз премьер-министирде», — дейт пресс-катчы.

Студенттердин коз-карашы

Азиреткул Жолдошев азыр кыргыз-озбек университетинде алтынчы курстун студенти. «Эгер окуу жайдын аты «Социалдык» болуп озгортулуп калса, жакшы болот болуш керек» дейт.

«Биз азыр дипломду кандай алаарыбызды, качан алаарыбызды билбейбиз. Министирлик конктреттуу чечимин кабыл алса жакшы болот эле», — деп айтты Жолдошев.

Аталган университетте 3-чу курста окуган Азамат Олжобаев универститеттин атын озгортуу керек деп эсептейт. "Себеби Озбекистанда Кыргыз-озбек университетинин диплому кабыл алынбайт." - дейт ал.

Ал эми 5-чи курстун студенти Рустам Акимовдун ою такыр башкача. «Социалдык» деген атты алып жургон ЖОЖдун диплому кийин эч нерсеге жарабай калат." - деди студент.

«КМШ олколорунун кээ биринде дипломду кабыл албагандыктан оорчундуу маселелер болушу мумкун. Оштогу кыргыз-озбек университети 1994-жылдан тартып, 2004-жылга чейин озун жакшы жеринен коп мамлекеттер арасында коргозо алган. Ал эми мурунку аты озгортулуп калса, баарык нерсени жаныдан башташ керек болуп калат» деди оз созундо студент.

«Кажети жок»

«Маданият плюс» коомдук фондунун мудуру Алима Шарипова оз созундо «кыргыз-озбек университетинин атын озгортуунун эч кандай кажети жок. Маселен Ошто Россиялык мамлекеттик социалдык университет бар. Ал социалдык жааттагы адистерди даярдап чыгарат.» деп белгилейт.

«Ош кыргыз-озбек университетинин атын жаштардын келечеги учун калтыруу керек. Анткети бул окуу жайдын студенттери буткул дуйно жузуно озунун университети аркылуу чыгыш элин таанытат." -дешет университет кызматкерлери.
Университет озун копчулук мамлекеттик иштерди аткарып жатып элге тааныткан. Андан тышкары бул аталыш «90-жылдарда биздин олкодо болгон улуттар аралык конфликтинен кийин келип чыккан.

«Бул ЖОЖ олкодогу талеранттулукту, улуттар аралык тушунушуу, жаш кадрларды даярдоодо оз салымын абдан жакшы кошкон. Ошондуктан эгер окуу жайдын аты озгорууп кетсе, бир кана ошол имараттын ичинде тушунбостук болот. Мен университеттин атын озгортуудо коомчулуктун оюн эмес, ошол иште кызыктар болгон белгилуу бир адамдардын тобун белгилеп отом», — деп алардын атын айтпастан оз оюн билгизди Шарипова.

Автор: Азиз Ташбаев
Которгон: Кундуз Исмаилова