ГКНБ: Депутат Абрахмановдун жардамчысы Иманалиев Бабанов жана Бакиевдин ортосунда болгон телефондук суйлошууну атайын жасап койгонун мойнуна алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Кенешбек Душебаев «Ата-Мекен» партиясынан Омурбек Абдрахманов аудио ундорду интеренет баракчаларына киргизуу учун «тиешелуу тапшырмаларды бергендигин айтты». Ал эми Иманалиев бул тууралуу оз оюн айтуудан баш тартууда.

Kloop.kg порталына берген интервьюсунда Дуйшобаев мындай дейт: «Абдрахмановдун жардамчысын 9-июнь куну улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери 24-майда интернет баракчаларына тушкон биринчи вице-премьер министр Бабанов менен Максим Бакиевдин аудио суйлошуусу боюнча окуяны «аныктоо» учун Иманалиев чакырылган.

Душебаевдин айтымында Иманалиев интернет баракчаларындагы аудио жаздыруу боюнча бул актыда «озу тиешелуу маалыматтарды» берген.

«Аны [Иманалиевди] кундузгу саат эки, эки жарымдарда чакырып, ал кечкиге чейин биздин кызматкерлер менен иштеди» дейт улуттук коопсуздук башчысы.

Мындан тышкары Душебаев оз созун вице-премьер министр жана Максим Бакиевдин телефондук жаздырылган суйлошуусу интернетке депутат Абдрахмановдун буйругу менен чыккан деп толуктады. «Омурбек Абдрахманов жардамчысына сайттын аталышын берип, ошого адио жаздырууну тушуруш керек экенин айткан. Бул боюнча биз азыркы кундо деле текшеруу иштерин жургузуп атабыз» деди ал.

Урмат Иманалиев kloop.kg порталына улуттук коопсуздук кызматкерлери чынында 9-июнь куну 6 саат бою аны тергегенин айтты. Бирок ал эмне жонундо суйлошуу болгонун айтуудан баш тартты.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Омурбек Абдрахманов анын жардамчысы Иманалиевдин кармалганы боюнча оз нааразычылыгын билдирди.

«[ГКНБ] сен аудио жаздырууну интернетке таркаттын деп университеттин жаш бутуруучусун [Иманалиева] 6 саат тергешкен. Мен Дуйшобаевдин озуно чалгандан кийин кана аны кое беришти» — деди депутат.

Андан тыкары Абдрахмановдун божомолу боюнча анын жардамчысына улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан кысым корсотулгон. «6 саат кармоо — бул кысым жасоо болуп эсептелет. Аяктан кайдан компьютерге уйрондун, кандай котордун, эмнеге котордун» деген суроолорун беришкен деди Абрахманов.

13-июнь куну депутаттын айтымында аны да коопсуздук кызматкерлери суракка алууга умтулушкан. «алардын ою боюнча мен М.Бакиев менен О.Бабановдун суйлошуусун жасап, таркаткатыптырмын», — дейт «Ата-Мекендик» депутат.

Анан депутат улуттук коопсуздук кызматкерлерин эки тараптын суйлошуусуно катышкан кишилерди жана бул боюнча маалыматы бар Дуйшобаевдин озун суракка алуусун айтып, «кууп чыккан»

Суйлошуунун аудиожаздыруусу

«Ютуб» видео-сервисинин Колдонуучусу newaccount201111 24-май куну биринчи вице-премьер министр менен мурунку президенттин баласынын ундору менен суйлошкон «О.Бабанов М.Бакиевден жардам сурап жатат» деген аталыштагы аудио унду интернетке киргизген.

Анда кызмат абалы менен колдонгон деген Бабановко, депутаттык комиссия тарабынан откорулуп жаткан текшеруу иштерин токтотуу боюнча соз болгон.

«Бул комиссиянын ишин токтотуу учун мен эмнени карманышым керек?», — деп белгисиз адам Бабановдун уну менен М.Бакиевден сураган имиш.

Божомолдуу, Максим Бакиев жаздырууда аны колдой турганын айтып, акча берээри тууралуу соз козгогон.

«Орой жасалган фальш»

25-майда окмоттун пресс-кызматы вице-премьер министр Максим Бакиев менен суйлошкону калп экендиги жонундо маалымат тараткан.
«Мен Максим Бакиевден акча сурамак турсун, аны менен суйлошкон да эмесмин», — деп жарыялады Бабанов.

Ал таркатылган маалыматты «орой жасалган фальш» деп, ал «Бабановду жана окмотту каралаган» деди.

Бабановдун айтканы боюнча

26-майда «О.Бабанов менен М.Бакиевдин суйлошуусу, эксперттик тастыктоо» деген темада популярдуу «Дизель» форумунда тема чыккан.

Бул темада,колдонуучу аудио жаздыруунун
анализин жарыялаган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча аудио жаздыруу «бири-бирине чапталган». Ал — Максим, Жаныш Бакиевдин мурунку суйлошкондору, Омурбек Бабановдун 2009-жылы «СТАН-ТВ» га берген интервьюсунан алынган.

Авторлор: Диана Рахманова, Эльдияр Арыкбаев
Которгон: Кундуз Исмаилова