Залкар жазуучу Ч.Айтматов кайтыш болгондон бери биринчи сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бишкек шаарында биринчи жолу улуу жазуучу Чынгыз Айтматовко тиешелүү болгон буюмдар, сүрөттөрү жана чыгармалары менен сүрөт көргозмөсү ачылды. Аталган иш-чара мамлекеттик тарых музейинде жазуучунун үй-бүлөсү жана анын атын алып жүргөн фонд тарабынан уштурулган.

Көргөзмөнү уюштуруунун башкы демилгеси «Айкөл-Эл» партиясынын лидери Эдил Басаловко тиешелүү деп билдирет жазуучунун кызы Ширин Айтматова.

«Мындай ишти өткөрөлү деп биз 1,5 ай мурун эле ойлонуп жүргөнбүз. Тарых музейинин ичинде эштеке деле жок. Келгиле Айтматовдун көргөзмөсүн уюштурабыз деп ойлондук. Анан бул абдан сонун идея деп бир-бирибизди колдодук. Анын үстүнө «атабыздын» кайтыш болгонуна жакында 3 жыл толду», — дейт өз сөзүндө «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты.

Жана ушундай эле Айтматованын айтымында бул саамалык жазуучунун каза болгонунан кийин бир жыл толгондо өткөрүлмөк.

«Биздин бир аз убакыт кечигип калганыбыздын себеби Ошто кайгылуу окуя болуп калды. Аларды эскерип, аза күтүш керек болду», — деп түшүндүрдү жазуучунун кызы.

«Бул кайгырткан көргөзмө эмес, тескерисинче маанайдуу. Элдер келип, баарын корүп кетсе жакшы болот. Чынгыз Айтматов кандай энергиялуу жана кызыктуу адам экенин коомчулукка көргөзгүбүз келет. Бул биздин эмес элдин байлыгы» деп кошумчалады кызы.

Залкар инсандын иниси Ильгиз Айтматовдун айтканы боюнча мындай көргөзмөлөр бир кана Бишкек шаарында эмес, Кыргызстандын баардык аймактарында ачылса жакшы болмок.

Анын ою боюнча Айтматовдун китептерин окуп, бул адам негизи эле ким болгондугу тууралуу билген соң жаштар бири-бирине жакшы мамиле кыла баштайт.

«Өзгөчө азыр көпчүлүкгүбүз урушуп жатканда мындай иштер керек. Агабыз гуммандуулуктун улуу пайгамбары болгон деп эсептейм», — деди интервьюсунда иниси.

Көргөзмө 5-ноябрга чейин ачылат

Жазуучунун жеке буюмдары жана сүрөттөрүнөн тышкары элдер Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдерди көрүшөт.

Белгилеп айтчу нерсе бул саамалыкка Кыргызстандын башчысы жана башка коомчулуктун көрүнүктүу атуулдары катышышты.

Көргөзмөгө келгендердин ой-пикири

Филологиянын профессору Михаил Рудов бул сүрөт көргөзмө кыргыз эли үчүн «өтө маанилүү» экенин билдирип, Чынгыз Айтматовдун жасаганы «Түбөлүктүү» деди.

Мындан тышкары ал «Бул алгылыктуу иш. Анткени «Кумтөр» алардын алардын байлыгынын баарын жок кылат,- алтын акыры түгөнөт. Ал эми айтматовд – бул түбөлүктүу алтын, элдин жүзү», — деп билдирди өз оюн Рудов.

Банк тармагында иштеген Айнагуль Молдалиева Айтматов тууралуу жасалган документалдуу фильмден ал жөнүндө көп нерсени билген. Эгер Республиканын баардык аймактарында Залкар жазуучунун борборун ачышса жакшы саамалык болмок.

«Айтматовдун каза тапканынан бери 3 жыл болду, азыркы күнгө чейин анын айкели тургузула элек. Өкмөт ойлонуп, жогоруда айткандай эле Айтматовдун борборун жок дегенде ачып койсо, биз келген чет өлколүк туристтерди алып барып турмакпыз», - деп өз сөзүн кошумчалады Молдалиева.


Көргөзмөну демөөрчүлөрдүн колдоосу боюнча талаш-тартыштар

Kloop.kg порталына берген интервьюсунда Ширин Айтматова эскерүү сүрөт көргөзмөсүн уюштурууда жазуучунун үй-бүлөсү жана (Интернет сайт) «Твиттер» микроблогунун колдонуучуларынын салымы чоң.

Мындан бир аз мурун Айтматованын билдиргенинде «Шоро» алкоголсуз суусундук чыгаруучу компаниясы көргөзмөнүн ачылышында оз продукциясын берүүдөн баш тарткан. Мындай жаңылык интернет баракчаларын колдонуучуларынын арасында катуу талкууга алынган.

«Шоро фирмасы Айтматовдун сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында өз продукциясын берүүдөн баш тартты. Абдан жакшы ))», — деп Айтматова «Твиттердеги»  @thelostroom деген дарегинде жазган. .
Ал эми «Шоро»компаниясы маалыматты туура эмес деп, Айтматова компаниянын репутациясына шек келтирип жатат деди.

Компаниянын коом менен байланышуу боюнча директору Азиз Хасанов депутаттар тарабынан эч кандай телефондук чалуулар, даректүү каттар келген эмес. Ал эми келсе дагы башка жакка балким түшуп калган.

Бирок «Твиттердин»  @ErK_KG , компаниянын репутациясынын түшүшүнө фирманын өзүнүн кызматкерлери өбөлго болушууда.

«Шоро» компаниясы тууралуу Айтматованын сөздөрүнөн толугураак

Бир аз убакыт өткөн соң, жазуучунун кызы «шоро» компаниясынын башчыларынын бири Табалды Эгембердиев менен достошконун маалымдады.

«Рахмат)) Эгембердиев менен дос бодук)) баары жакшы)))», — деп «Твиттерге» Айтматова жазган.

Желенин кээ бир колдонуучулары Айтматованын компаниянын демөөрчүлүгү жөнүндө айткандарына тескери карашты.

«Шоро» бекер суусундук бергенге «милдеттүү эмес» деп эсептейт kloop.kg сайтынын окурманы Адилет.

«Айтматова компания милдеттүүдөй кылып жазган. Алар жок деп айтты, болду. Эмнеге ал жөнүндө жазат?», — деп суроо берет Адилет.

«Фэйсбуктун» колдонуучусу  Максат Джумабеков  "Шорону жок деп айткандан кийин каралап жазуу-бул туура эмес" деп жазган.

Дизель интернет баракчасынын колдонуучусу Майский Айтматов көргөзмөсүн эч ким демөөрчүлөөгө мажбур эмес дейт.

«Бул үй-бүлө жакыр эмес. Бирөөсү депутат, баласы казинодо ойнойт. Уят болуш керек да, кантип эле силер атаңардын арбагына багыштап бир нерсени уюштурп кое албайсынар?у», — дейт Майский.

Айтматов фондунун долбоордук жетекчиси Илья Лукашов фондтун кызматкерлери «Шоро» компаниясынын жетекчилигине туура эмес мамиле кылган.

«Биз эч кимге калп айткан жокпуз, кандай болсо, ошондой айттык», — деди  Лукашов.
Айтматова көргөзмө боюнча комментарий берип жатып төмөнкүлөрдү айтты; «Шоро улуттук компаниясынын демөөрчүлүк абалы көрүнүп турат, мен акча сыдыруучу эмесмин. Ушуну менен чекит. Мен комментарий берип жатам. Мында чоң айырма бар))», — деп жарыялады  депутат.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова