Өлкөдөгү «маселелерди чечүү» боюнча студенттер өзүлөрүнүн долбоорлорун сунушташты

Борбор калаада «Прорыв —2011» жарманкеси отүп, анда элди колдоого алган 15 долбоор сунушталды. Уюштуруучулардын айтымы боюнча бул иш-чара жаштарды социалдык мобилизациялоого багытталган.

Жаштардын Республикалык союзунун [ЖРС], долбоордук менеджери Руслан Канабек уулунун билдиргенинен карганда, жарманке жашарга өзүлөрүнүн долбоорун сунушап, аларды ишке ашыруу үчүн донорлорду табууга жардамын берет.

«Негизинен долбоорлор мага жакты, бирок алардын көбүнчөсү актуалдуу болуп, ишке ашырылган», — деп өз оюн билдирген «Достояние Республики» коомдук бирикмесинин президенти Элийзар Тилебалды уулу.

ЖРСтин өкүдөрү мындан мурун 6 млн. Сом турган дагы 10го жакын долбоор ишке кирип, алардын көбү жаштардын кызыкчылыгын көздөгөн.
Канатбек уулу дагы буга көрсөтүлгөн долбоорлор жаштарды маалымдоого, аларды жумуш менен камсыз кылууга багытталган.

Бул саамалыкка жаштра министирлиги, 3 эл аралык уюмдарды кошкондо 100дөн ашык киши чакырылган. Бирок алардын жарымы кана келген.
Аталган иштин баардык катышуучуларына атайын дисконттук карта берилген. Анын жардамы менен алар коммерциялык компаниялардан сатып алууларга жеңилдик алып, ушул жылдын аягына чейин колдонушат.

Жарманкени уюштуруу Эл аралык карым-катнашуу боюнча Германиялык коомго да таандык.
Студенттердин баардык долбоорлору атайын өткөрүлгөн тренингден кийин жасалган.

Иш-чаранын долбоорлору

Республикалык жаштар демилгеси жарманкесине баардыгы болуп 234 долбоор берилип-анын он беши эки донор — Борбордук Азия университети жана «Достояние Республики» коомдук бирикмесине көрсөтүлгөн.

Алардын эң жакшысы болуп «Жаштардын дисконттук картасы» долбоору болду —бул долбоордун иштеп чыгуучулары жаштарга арналган атайын дисконт карталарын чыгарууну сунуштайт. Ал бир нерсени сатып алууда жеңилдетүүлөрдү берет.

Ал эми «Жаштардын өнүгүу банкы» аттуу долбоору бул иш-чарада эң кымбат деп табылды. Анын ээлери жаштардын жеке ишмердүүлүгүн колдой турган банкты ачууну сунушташты.

Алардын ичинен эң масштабдуусу болуп «Социалдык маршрут» эсептелинди. Жаштар Республиканын аймагында чың-денсоолук боюнча пропаганда иштери менен маалымат тур өткөрүүнү айтышты.

Маевка конушунун «Жаштар жалыны» инициативдуу тайпасы ар түрдүү улуттагы жаштарын коммуникативдүү жай куруу менен бириктирүүн айтышты.

«АРАКЕТ» инициативдүү группасынын өкүлү Чыңгыз Намазалиев негизинен алганда бул иш-чара жакшы өттү деп белгиледи.
«Менин «Элдик Козотол» долбоорум социалдык маселелерди, жаштарды активизациялоо, шаардын жашоочуларын жергиликтүү өзүң-өзү башкаруу кызматкерлери менен болгон кармы-катнашын жакшыртууга багытталган», — деди иш-чаранын катышуучусу

«2011 — прорыв» иш-чарасынын катышуучусу Олег Алесиевдин айтымында бул керектүү нерсе.
«Бул жаштарга өзүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берген саамалык», — деди Алесиеров.
Уюштуруучулардын билдиргенине караганда эн юакшы деп табылган долбоорлор донор табылганда ишке ашырылат.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова