Мамкаттоо жана «Ата-Мекен» партиясы паспорт берүүнүн жолун жеңилдетүүнү ойлонуп жатышат

Мамлекеттик каттоо кызматы, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Равшан Жээнбековдун демилгеси боюнча алар «Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту» деген мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Депутаттын билдиргенине караганда паспорт алуу үчүн чогултулган документтердин саны бешке чейин азаят, жана эң башкысы жарандар бул документти 14 жашка толгондон баштап ала башташат.

Жээнбеков Kloop.kg порталына берген маалыматында паспорт берүү процесин жеңилдетүүнү ойлонуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө жарандыкты тастыктаган күбөлүктү алуу үчүн «13кө жакын керектүү документтерди чогултуу керек»

«Менин мыйзам долбоорума ылайык 14 жашка жеткен жарандар паспорт алуу үчүн 5 документ кана чогултат. Анткени бүгүнкү экономикалык кризисте Кыргызстандыктар бала кезинен эле иштеп башташат. Ошол себептен биз аларга паспорт берип, кандайдыр бир жарандык-мыйзамдык карым-катнаштарды жасоого өбөлгө түзүп беришибиз керек», — деди Жээнбеков.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Анара Мамытованын айтымында Мамкаттоонун инструкциясына ылайык Кыргызстанда паспорт берүү 16 жаштан башталат.

«Жээнбеков сунуштап жаткан мыйзам долбоору 14 жаштан өдө паспорт берүү керек экендигин өз ичине камтыйт. Ал эми биздин инструкция боюнча 16 жаштан жарандыгын тастыктаган документ берүү башталат», — деп түшүндүрдү башкармалыктын жетекчиси.
Андан тышкары МК кызматы ИИМ боюнча баардык текшерүүнү алып салууну пландаштырууда дейт Мамытова.

«Биз эки айдан ашык убакыт күтүп атабыз, бирок ИИМден жооп жок. Алар ишти кармап атат. Биз инструкцияга ылайык ИИМсиз жарандарга паспорт бере албайбыз. Ал эми жаңы инструкцияга ылайык, баардыгын ИИМден текшерүү пунктун алып салгыбыз келип жатат», — деп өз сөзүн толуктады Мамытова.

Бирок ИИМдин пресс-кызматынын башчысы алардан тиешелүү болгон документ 3 күндүн аралыгында берилээрин айтты.
«Өтө керектүү болгондору бир кундө ал эми жөнөкөйлөрү ашып кетсе 3 күндүн ичинде жарандарга тапшырылат», — деди ИИМдин пресс-катчысы.

Сеитов болсо өз кезегинде МК кызматынын оюн комментарийлеп, төмөнкүлөргө токтоду:
ИИМнин текшерүүлөрүн жүргүзүү бизге эмес, каттоо кызматына абдан эле керек.

«Биз паспорт беребиз деп эчкимден убада алган эмеспиз. Эгер биз кайсы бир жарандын соттолгону жөнүндө билгибиз келсе, өзүбүздүн базадан карап алабыз. Алар өзүлөрү бул маселени чечип алышсын», — деди Сеитов.

Бишкектиктердин пикири

Башталгыч класстардын мугалими Наталья паспортту 16 жашка чыккандан кийин берүү кажет, себеби бир нерсени толук түшүнө элек жаш балдар документти жоготуп алуусу мүмкүн дейт ал.
Бирок мугалим паспортту алууга 5 кана документ чогултулат дегенге туура көз карашын билдирди.

21-жаштагы Нурдин Бишкек шаарынын тургуну. Ал бул мыйзам долбоорун колдогон жок. «14 жаштагы бала кичинекей деп эсептелет. Ал ошол мезгилде өзү үчүн чечим кабыл ала албайт. Ошондуктан ар кандай механизация башталышы толук ыктымал», — деди Нурдин.

Бишкек шаарынын 13 жаштагаы тургуну Канышай бул өзгөртүү болооруна сүйүндү, 14 жаштан паспорт алуу бул — «супер».
«Башкалар үчүн айта албайм. Бирок мен буга так мамиле жасайм. Ал эми эгер 5 документ чогултсак паспорт алуунун жолу абдан жеңилдеп калат», — деп өз ою менен бөлүштү Канышай.

Паспорттордун тарыхы

Кыргызстанда паспорт биринчи жолу 1994-жылы чыккан. Ага чейин СССрдин жарандык паспорттору колдонулуп келген.
1994-жылдын документтери өкмөт тарабынан өз мөөнөтүнөн ашык бир нече жолу узартылган. 2009-жылы депутаттар анын убактын дагы 2010-жылга чейин созуп, ал эми 2011-жылдын 14-апрелинде паспортту колдонуунун мөөнөтүн чечти.

2004-жылы Миграция боюнча эл аралык уюмдун жардамы менен мамлекетте жаңы образецтеги паспортту тастыкташкан. Анда ички (ID-карта) жана эл аралык деп бөлүнүп, алар бүгүнкү күндө колдонулуп келет.

ID-паспорт 16 жаштан баштап берлип, 10 жыл колдонууга болот. Ал эми 55 жашка жеткенден кийин – паспортту алмаштырбастан өмүр бою колдонсо болот.

Документ ИИМге караштуу паспорт бөлүмү жана территориалдык паспорт бөлүмчөлөрү тарабынан жарандарга берилет.
ID-паспорт алуу үчүн документтердин тизмеси

Которгон: Кундуз Исмаилова