Парламент «Фергана.ру» веб-сайтын жабууну чечти

Аталган басма 16-июнь күнү Жогорку Кеңеш генпрокуратурага 2010-жылы Ошто болгон этника аралык конфликт боюнча комиссиянын берген отчеттун негизинде веб-сайтты жабуу жөнүндө маалымат жазган. А эмми прокуратура сайтты жабуу боюнча чечимди четке кагып жатат.

Парламенттик депутаттар атайын комиссия 2010-жылдын июнь айында Кыргызтандын түштүгүндө болгон этника аралык конвликт боюнча өз иликтөөсүң жүргүзгөн соң веб-сайтты жабуу боюнча чечим кабыл алган.

«Маданият министирлиги, юстиция министирлиги, Кыргызстандын башкы прокуратурасы Республиканын маалымат аймагында иштеп жаткан «Фергана РУ» боюнча атайын чараларды колдонсун», - деп документтин пунктарынын биринде жазылган.

Парламенттик комиссиянын төрагасы Токон Мамытовдун айтымына караганда сайтты жабуу мамлекеттин кызыкчылыгын сактоого багытталган.

«Өлкөдөгү улуттар аралык конфликти чыгаргандар бул веб-сайт менен колдонуп, чындыкка төп келбеген маалыматты таратып, бир жактын оюн көздөгөн ишти кылып коюшу мүмкүн», —деп түшүндүрдү депутат.

Баардыгы болуп токтомдо 35 пункт бар. Анда улуттар аралык конфликти болтурбоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана диний уюмдардын уюштурулушуна көз салуу деген сыяктуу тапшырмалар жазылган.

Токтомдун текстин окуп чыгуу

Башкы прокуратуранын төрагасынын орун басары Рыскул Бактыбаев Kloop.kg га берген интервьсунда веб-сайтка кирүү боюнча тыюуу бул «Фергананын» өзүнүн чыгарганы.

«Башкы прокуратурага Парламенттин атынан мындай токтом келген эмес. Кыргызстандагы баардык ММКлар ачык», — деди Бактыбаев.

Токон Мамытов өз кезегинде документ эмне үчүн прокуратурага түшпөй калганыгы жөнүндө маалымат ыжок экенин айтты.

Kloop.kg порталынын корреспонденттери депутаттардан сурап, алар Россиялык басманын ишин улантууга тыюуу салынгандыгы тууралуу эштеке укпагандыгын айтышты.

«Ата-Журта» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бул жөнүндө укканын айтып, бирок өзү отурумга катышпаганын билдирди.

Социал-демократ Асилбек Жээнбеков, «Республикадан» Максат Сабиров бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.
Сурамжылоого катышкан депутаттардын көбү бул тууралуу эчнерсе билишпейт.

Ал эми сайттын жетекчиси Кислов Kloop.kg га берген маалыматында азырынча депутаттардын чечимине каршы барбай тургандыгын айтып, ал азыр «сунуштоо мүнөзүн» алаарын белгиледи.

«3 айдын ичинде парламенттин буйругу менен баш прокуратура, юстиция министирлиги, маданият министирлиги биздин сайтты блогко түшүрүү боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алмайынча биз каршылыгыбызды корсөтпөй туруп турабыз», — деди Кислов.

«Арсар болгон токтом»

Медиаөкүл институтунун директору Бегайымм Усенованын ою боюнча парламенттин чечими өлкөнүн аймагындагы медиаларга терс таасирин тийгизет.

«Бул арсар болуп жаралган токтом «Балта» катары өкүм сүрүшү мүмүн. Анткени бир кичинекей эле окуя болгондо журналисттин бетине такап башташат», — деп белгиледи Усенова.

2010-жылдын март айында Кыргызстандын интернет колдонуучулары «Фергана» веб-сайтына кирге албай калышкан. Анда өнүктүрүү фондунун активдери менен башкарган Евгения Гуревич аталган сайт финансылык операцияларды мыйзамсыз түрдө жарыялады деп өкмөттүн жардамы менен сайтты жабууну сунуштага.

Анда интернет-провайдерлер басмага кирүүнү токтотпогондугун айтып, андан тышкары чет өлкөлүктөр сайтка кирүүгө болоорун айтышкан.

Ошондо СДПК оппозициялык парламенттик фракциясынын депутаттары официалдуу түрдө өлкөнүн башчыларын веб-сайттын жабылышында күнөөкөр деген.

Редактор: Анна Лелик
Которгон: Кундуз Исмаилова