«Ар-Намыс» партиясынын депутаты «Дизель» форумун мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну талап кылууда

Парламенттин кезектеги отурумунда депутат Турсунбай Бакир уулу «Дизельге» улуттар аралык конфликтти жараткандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо керек деп жарыялады. Медиа-эксперттер бул депутаттардын жөн кана сайтты жабуу аракети дешсе, «Дизель» популядруу сайтынын жетекчилиги депутаттын айтканын комментарийлөөдөн баш тартты.«Ар-Намыс» фракциясынын депутатынын ою боюнча «Дизель» веб-сайтынын «Саясат жана коом» бөлүмүндө кыргыз, өзбек жана орус улутундагы элдерди кемсинткен сөздөр орун алып келет.

«Бул материалдар июнь коогалаңынын бир жылдыгында жарыяланган. Сайттын модераторлору анын баарын жок кылышы керек», — дейт Бакир уулу, Kloop.kg. Берген интервьсунда.

Мында сайттын жабылышы эмес, анын жетекчилигин жөн кана жазага тартуу жөнүндө сөз болуп жатканын эл өкүлү баса белгиледи.

«Дизель» форумун жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш, парламенттин отурумунда спикер тарабынан колдоого алынып, ЖКнын пресс-кызматына кароого берилген.

«Пресс-кызмат ишти карап чыгып, аны билим, маданият жана маалымат профилдик комитетине бериши зарыл. Андан соң иш башкы прокуратурага берилет», — деп кошумчалады депутат.

«Ата-Журт» партиясынын өкүлү кесиптешин колдоп, улуттар аралык конфликтти жараткан сайттарды «Жок кылыш керек» деди.

«Улуттар аралык конфликтти жараткан маалыматтары бар сайтты [анын жетекчилигин] сотко тартып токтобостон, түп орду менен жок кылуу керек, анткени ал [сайт] коомчулуктун аң-сезимине таасирин тийгизет. Ал эми элдин маанайы өлкөнүн саясий гана эмес, экономикалыкөнүгүшүнө да таасирин тийгизбей койбойт», — деп өз оюн түшүңдүрдү Молдобаев.

Ширин Айтматова, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты, Бакир уулунун бул иш-аракетине каршы чыгып, тескерисинче «Дизель» форуму июнь коогалаңында позитивдүү маанайда болгонун айтты.

«Мен азыр деле унута элекмин. Так ошол мезгилде [июнь окуясында] бул интернет баракчасы элден Түштүк жергесинин жашоочуларына гумманитардык жардам сурап, коомчулуктун үнүн угузганга аракет кылган. Ооба, ал жакта төлөнгөн саясат күчтөрү бар. Бирок бу сөз эркиндиги барөлкөдө жашап жаткандыгыбызды билдирет», — деди Айтматова.

СДПК фракциясынын депутаты Олег Домшенконун оюна караганда, аталган сайттын жетекчилигин мыйзам чегиндеги жоопкерчилигине тартуу ишин укук коргоо органдарына тапшыруу зарыл.

«Сайтты жабуу аракети»

«Интернеттин саясатынын жарандык демилгеси» фондунун мүдүрү Татту Мамбеталиеванын айтканына жараша Кыргызстандагы бардык эле сайттардын бирин жабуу демилгеси — «Социалдык чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн».

«2005, 2010-жылдардагы төңкөрүштөрдүн алдында да ушундай болгон. Бирөөнүн оозун жаабуу аракети-бул жаман белги. Бул саясат аренасындагы жагдай башкарылбай, көзөмөлдөнбөй калгандыгын түшүндүрөт», — деп айтты Мамбеталиева.

Мындан тышкары ал кандай кана интернет сайт болбосун аны жаап салууга каршы оюн билдирди.

«Интернет ресурстарын жабуу эч нерсени өзгөртпөйт. Сайттарды ишмердүүлүгүнө бут тосуу, анын тамырын жок кылбайт. Алардын да архиви бар. Баардык маалыматтар катталып турат. Ошондуктан аларды жабуунун кажети деле жок», — деп эсептейт Мамбеталиева.

Ал эми «Медиа Полис институту» коомдук фондунун мүдүрү Бегайым Усенованын оюнда, улуттар аралык конфликтти күчөтүп жаткан сайттын ананимдүү колдонуучуларын жоопкерчиликке тартуу оор.

«Бакир уулу кантип ошол билдирүүлөрдү жазган кишилерди тапкысы келип атат? [улуттар аралык конфликтти күчөткөн] Кылмыш ишин козгогондо, укук коргоо органдары ошол билдирүүээлерине эмес, форумдун жетекчилигине кысым көрсөтөт»,— деп билдирди.

«Дизель» форуму

Малик аттуу колдонуучу 1998-жылы атактуу «Дизель» форумун ишке киргизген.
Сайтта 80ден ашуун ар кайсы темадагы бөлүмдөрдүн түрлөрү бар. Алардын эң эле популярдуусу «соода-сатык», «саясат жана коом» жана «Музыка» жана башкалар.
Форумдун жетекчилери билдиргендей «Дизельге» күнүнө 2000 ден ашуу колдонуучулар кирет.

Автор: Александр Садков
Которгон: Кундуз Исмаилова
Фото: Сүрөт report.kg сайтынын макулдугу менен алынды