Турсунбай Бакир уулу: калп тапкыч детектордун парламентте колдонулушу зарыл

Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөгөн баардык расмий адамдарга жана депутаттык комиссиянын башчыларына атайын калп тапкыч детекторунун орнотулушун талап кылды. Бирок «чындыкты аныктагыч» депутаттардын өзүнө кереги жок,- дейт Бакир уулу.

Алгач бул идеяны Турсунбай Бакир депутаттар алдында экс-башпрокурор Кубатбек Байболов жана вице-премьер Өмүрбек Бабанов суйлоп жатканда сунуштаган.

«Экинчи ирет омбудсмен Турсунбек Акундун ММКадан жана МЭУ кочурулгон, жасалма докладынан кийин бул демилгени кайрадан көтөрүп чыккам. Бирок тилекке каршы аны депутаттар колдошкон эмес», — деди депутат.

Турсунбай Бакир уулунун ою боюнча калп тапкыч детектору парламентте чындыкты орнотуу үчүн керек.
Ошондой эле Бакир уулунун билдиргениндей парламенттин регламентине атайын пункт киргизиш керек. Ага ылайык Жогорку Кеңештин отурумдарында расмий адамдар жана депутаттык комиссиянын башчыларынын баардыгы, сөзсүз түрдө калп тапкыч детектордун алдында сүйлөшү керек.

«Мен өз оюмду сунуштадым жана аны парламент колдойт деп ойлойм. Калп тапкыч детектор доклад жана отчет берүү маалында трибунада орнотулуп турат.», — деп түшүндүрдү Бакир уулу.

Бирок бул аппаратты депутаттар арасында колдонуунун кажети жок деди депутат.
«120 депутаттын баары сүйлөгөндөн эч жыйынтык деле болбойт. Андан көрө депутаттык комиссиялардын жетекчилери калп тапкыч детектор алдында сүйлөсүн», — деди «чындыкты орнотуунун» колдоочусу.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун ою боюнча, детектор парламентте иштебейт, анткени ал түрткү берүүчү механизм эмес.
«Калп тапкыч детекторунун канчалык деңгээлде эффективдуу экени белгисиз. Калп тапкычты мамлекеттик органдарда да орнотуу аракет болгон», — дейт Никитенко.
Депутаттын маалымында бири-бирибизге жана бийликке дагы ишенүү кажет.

«Эгер калп тапкыч детекторуна эле ишенип, бири-бирибизге, бийликке ишенимди артпасак-бул структуранын мааниси эмнеде?», — деп өзүнө суроо берди Никитенко.

«Калп тапкыч детектор кайсы бир адамды тигил же бул кызматка беките электе эле колдонулуш керек»,- деп билдирди «Республика» партиясынын депутаты Алтынай Омурбекова.

«Өзүбүз ишенбей турган адамдарды кызматка алып жатканыбыз эле, анын кесепеттери менен күрөшүүгө алып келет», — деди Омурбекова.
Анын ою боюнча бул аппарат парламентке жакшы таасирин тийгизиши толук ыктымал.

«Кээде трибунада туруп сүйлөп жаткан адамга ишенээриңди же ишенбей коюшту билбейсиң. Мындай учурларда детектор керек эле болот», — деп эсептейт эл өкүлү.

Социал-демократ Мамытбай Салымбеков, Бакир уулунун сунушу «максатсыз» деди.
«Калп тапкыч детектордун алдында туруп бирди айтып, ал эми мындай чыкканда өз билгениңди кылса болот. Негизинен эле менин ага болгон көз карашым терс», — деди Салымбеков.

«Ата Журт» партиясынын депутаты Роман Шин Бакир уулунун сунушун колдойт.
«Менин оюмча, бул өзүнүн оң таасирин тийгизет», — деп эсептейт депутат.

Парламентте калп айта алышпайт
Бишкек шаарынын жашоочуларынын биринин ою боюнча калп тапкыч детектору парламентте иштебейт.
«Турсунбай Бакир уулу өзү паракорчулук менен алектенбесин. Биз аны сыйлабайбыз, биринчи кезекте Бакир уулун алып салыш керек», — деди ал.

Детектор 100%га жардам берет дейт Канат.
«Бирок бул демилге парламенттен өтпөй калат деп ойлойм», — деп эсептейт Бишкек шаарынын тургуну.
Ал эми пенсионер Евгениянын ою боюнча парламентте детекторсуз деле калп жок.
Борбор калаанын тургуну Светлана Ивановна «балким кандайдыр бир чындык чыгышы мүмкүн, бирок ал адамды кемсинтет» дейт.

«Саясат [парламент] бул кандайдыр бир жөнөкөй көрүнүш-шоу эмес. Калп тапкыч аппаратын колдонуп көрсө болот, бирок анын жыйынтыгын ММКда айтуунун кажети жок. Бул кишини унизительное положение», — деп эсептейт Светлана.

«Чындык аныктагыч»
Бул адамдын эмоциясы аркылуу ойдун негизин аныктай турган техникалык аппарат.
1881-жылы аны биринчи жолу Италиялык кримминалист Чезаро Омброзо колдонгон.
1930-жылдан тартып АКШда бул аппарат чыгарылып, аны көп учурларда полиция кызматкерлери колдонушкан.
Бирок XX кылымдын 30-жылдарында СССРде ал илимий эксперимент катары эсептелип, колдонуудан алынып салынган.

Калп тапкыч детектор Кыргызстанда официалдуу түрдө 2010-жылдын 4-сентябрында колдонула баштаган. Анда президент Роза Отунбаевага аппарат башкаруу кадрларын тандоо жана аттестациялоодо кандай колдонулаары көрсөтүлгөн. Бир аппаратын баасы 7миң долларды түзөт.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Фото: Vibragiel