Музыка жана поэзиянын кезектеги 10- фестивалы Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналды

18-июнда «Метро-пабда» «Түштөр көп нерсени айтат» музыка жана поэзия фестивалынын алкагында «Теңирчиликтин шооласы чачсын» аттуу концерти болуп өттү. Иш-чараны уюштуруу демилгеси Rock.kg жамааты, «Ковчег» чыгармачылык бирикмеси жана дизайнер Роман Кириченко таандык.

Аталган концерттин уюштуруучуларынын бири Каныкей Манасованын айтымында, фестивалдын башкы максаты эл менен музыка аркылуу баарлашууну жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов даңазалаган «бийик сүйүүнү» билдирүү болуп эсептелет деди.

«Бул иш-чарага биз исскуствого кызыктар болгон, өзүнүн оюн көрүүчүлөргө чыгарма аркылуу билдире алган өнөрлүү адамдарды гана эмес, көрүүчүүнүн өзүн сахнага чыгарууга аракет кылабыз. Мындай ыкма «жандуу диалогко» алып келет деп ишенебиз», — дейт Манасова.

«Фестиваль эми жаңы форматта өткөрүлөт. Келечекте акын, музыканттар менен чектелбестен, жаш, таланттуу сүрөтчүлөр катышууга чакырылат», — деп кошумчалады Манасова.

Концертке «Аннапарадис», «Дис#Гармония», «Эхолами», аткаруучу Нурбек Савитахунов, Алевтина Баталова, жана акын Михаил Левантовский, Талант Жолдошбеков, Александр Шабалин, Кристина Убайдуллаева, Ульяна Копытина, Юлия Барабина жана башка «Ковчег» адабият тобунун өкүлдөрү катыша алышты.

«Дис#Гармония» тобунун музкыканты Леонид Мишуровдун айтымында, бул кеченин коноктору күндөлүк концерт көрүүчүлөрүнөн алда канча айырмаланып турду.

«Биз чыгармачылыгыбызды тартуулап жүргөн көрүүчүлөрдөн бул аудиториянын айырмасы абдан чоң. Анткени алар бийлеп, сайрандап кетүү эмес, тескерисинче биздин чыгармаларыбызга сүнгүп кирип, анын маазмунун түшүнүүгө аракет кылышты», — дейт музыкант.

Леонид Мишуров ушундай поэзия жана музыка кечелерин бат-баттан уюштурулуп туруусу зарыл деп эсептейт.

«Биздин өлкөдө буга окшош иш-чараларды уюштурган топ бар экени мени сүйүндүрбөй койбойт. Ушундай концерттер адамдарды исскуство жана жандуу музыканы ар дайым эстеп туруусуна өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Мишуров.

Фестивалдын уюштуруу тобунун билдиргенине караганда поэзия жана музыка дүйнөсүнө арналган саамалык 2008-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми кийинкиси 2011-жылга пландаштырылууда.

Угуучулардын ою

Алтынай Джуманазарованын ою боюнча, мындай иш-чараларды дайыма элдин алдына алып чыгып туруу керек.

«Таланты бар, бирок тилекке каршы өз чыгармачылыгын эл алдына алып чыга албай жаткан чыгармачыл атуулдарыбыз көп. Ал эми ушул сыяктуу иш-чаралардын уюштурулушу аларга көп мүмкүнчүлүктөрдү берип турат. Өз күчү менен ушул саамалыкты бизге тартуулаган уюштуруучуларга мен абдан ыраазымын», — деди Джуманазарова Kloop.kg порталына берген интервьюсунда.

Студент Аскар дагы Джуманазарованын көз карашын колдоду.
«Мында поэзия менен музыканын аралаштырылышы менин көңүлүмө жакты. Бүгүн концертке коомчулуктун ар кандай катмары келген. Бирок аларды артисттердин чыгармачылыгы бириктирип турду. Баары бул кечеден ырахат алды деп ойлойм», — деп баса белгиледи Аскар.

Ал эми Булат Хожамбердиевдин айтымында көрүүчүлөр дайыма эле активдүү боло берген жок.
«Көрүүчүөрдү дайыма бир темпте кармап туруш керек эмеспи. Бирок алар кээ бир учурларда пассивдүү болуп отурганы көрүнүп турду», — дейт Хожамбердиев.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов

Ч. Айтматов 1928-жылы, 12-декабрда Талас облусуна караштуу Шекер айылында туулган. Чыңгызга 10 жаш толгондо анын атасы Төрөкул Айтматов «эл чыккынчысы» деп жарыяланып, атууга кеткен.
Ч.Айтматов 1948 Фрунзедеги айыл-чарба институтуна тапшырган. 1956-жылы атасын актаган соң Москвадагы жогорку адабиятт курсуна тапшырып, 1958-жылы «Октябрь» журналына анын алгачкы «Бетме- бет» аңгемеси жарык көргөн. Ошол эле жылы «Новый мир» аттуу журналынын беттеринен анын башка ангемелери орун алып, жазуучуга дүйнөлүк атак алып келген «Жамиля» повести чыккан.

2008-жылдын декабрь айында Айтматов 80-жашка толмок.
Ошол эле жылы «Кылымды карытаар бир күн» романын негизинде Казань шаарында көркөм тасманын тартылуусуна жазуучу катышууну көздөгөн.

16-майда Айтматовдун ден-соолугу начарлап, ал Татарстандын Республикалык ооруканасына жеткирилип, андан соң Германияга которулган. 10-июнь күнү жазуучунун акыбалы начарлап, ошол эле күнү кайтыш болгон.

Экс-президенттин буйругу менен 2008-жылдын 14-июнь күнү Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Ошол эле күнү Токтогул Салтыганов атындагы улуттук филармониянын имаратында элдер жазуучуну акыркы сапарга узатышты.
Айтматов Чоң Арык айылындагы Ата-Бейит мемориалдык комплексинде, атасынын жанына коюлган.

Автор: Елена Егорова
Которгон: Кундуз Исмаилова