ИИМ:Бишкектин мектептери рэкет менен күрөшүүдө көмөк көрсөтүп жатат

Борбор калаанын мектептери укук коргоо органдары менен биргеликте рэкет менен күрөшүү иштерин жүргүзүп жатат, - деп билдирди шаардык рэкет менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Азиз Нурмаматов. Бирок жогорку класстын балдары акча тартып алуу өнөрүн токтото элек, - дейт окуучулар.

Нурматовдун билдиргенине караганда, мектептеги рэкетти токтотуу менен күрөшүү 2011-жылдын февраль айында башталган.

«Россия сыяктуу өлкөлөрдө, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүүгө, өз убагында тиешелүү көңүл бурулбай калган. Биздин бөлүм жарым жылдан бери кылмыштуулукту токтотуу үчүн мектептердеги окуучуларга профилактика иштерин жургузуп келет», - деди Нурмаматов.

Анын айтымында аталган иш-чаралар билим берүү жайларынын жетекчилери менен биргеликте жүргүзүлөт.

«Мектептер бизге жакшы көмөк көрсөтүп келе жатат. Бирок ата-энелер тескерисинче орто билим берүү окуу жайларына күнөөношот. Эгер өспүрүм балдар оз ара согушуп, бир-биринен акча тартып алса мектепти күнөөлөгөн болобу? Ошондуктан биз жоопкерчиликке балдар гана эмес, ата-энелер да тартылышын сунуштап жатабыз», — деди шаардык кылмыш иликтөө бөлүм башчысы.

Нурматов мектептеги зордук-зомбулуктар учурда ачыкка чыкпай, үстөмдүк кылгандар дале өз жазаларын ала электигин кошумчалады.

«Өспүрүмдөр арасындагы үстөмдүк көрсөткөн иштердин 10нун ичинен 2-3 гана сотко жетсе, калганы ата-энелердин бири-бири менен бир чечимге келиши же болбосо балдардын сүйлөшкөнү менен эле токтоп калат. Биздин ведомство мектептеги окуучулар арасында болгон зордук-зомбулук, рэкетчиликти тапканда, дароо эле ал балдарды учетко алат. Бирок алар көп убакыт ичинде кайра бул жолго барышпаса, анда учеттон дароо алынып, жазаланышпайт», — дейт бөлүм башчысы.

Kloop.kg медиа порталына берген интервьюсунда, №13 комплекс-мектеп лицейинин мугалими окуу жайында рэкетти жок кылуу үчүн ар кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты

«Мугалимдер жамааты окуучулар менен ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Балдар да буга активдүү катышып, өзүлөрүнүн мисалдарын кетиришет. Ал эми эгер зомбулук кылган, үстөмдүк кылган учурлар болуп калса, андан чыгуунун жолдорун чогуу издейбиз», — дейт окутуучу.

Жогорку класстын окуучулары кичүүлөрдү кармап алып аларды токмоктойт

№70- гимназия мектебинин окуучусу Дмитрий мугалим жана укук коргоочулардын атайын өткөргөн иштерине карабастан, жогорку класстын окуучулары дагы деле зомбулуктаганын айтты.

«Классташ балдар бири-бирибизден чоңдор кыйнап атат деп, бири-бирибизден кээде акча чогултабыз. Чоңдор кичинекей алсыздарды уруп койсо, алар эртеси чогулуп алып өч алышат», — деп Дмитрий Kloop.kg порталы менен бөлүштү.

«Эврика» жеке мектебинин окуучусу Алима өзүнүн классташтары менен өзүнөн кичүүлөрдүн үстүндө үстөмдүк кылганга катышканын, өзунун интервьюсунда айтып берди.

«Биздин класска жаңы окуучу келген. Аны биз жактырбай, дене-тарбия сабагында үстүңкү кийимин алып, мугалим келгиче бербей мазактаганбыз», — деди Алима.

Алиманын классташтары кээ бир алсыз окуучулардын буюмдарын алып, көп убакытка ээсине бербей койгонун айтат.

«Мисалга эгер партада уюлдук телефон турса, бирөө барып алып алчу», — дейт Алима.

Бишкектиктердин ою

Бишкек шаарынын тургуну Айканыш, балдардын тарбиясы алардын мектептеги дисциплинанын бузушуна өбөлгө түзөт деген ойдо.

«Эң биринчи кезекте ата-эненин гана берген тарбиясы баланын өзүн алып жүрүшүнө таасирин берет. Андан кийин гана мугалимдер жамааты аларды жакшы жолго үндөөгө аракет кылат. Ошол үчүн көбүнчө балдардын тарбиясы ата-эненин мойнунда», — деди Айканыш.

Бирок мектеп окуучуларынын бири Нурсулуу, ата-эненин берген тарбиясы балдардын өзүн мектепте алып жүрүшүнө таасирин тийгизбейт, деген тарапты колдоду

«Азыркы заманда балдардын көбү башкалардын оокатын алса болот деп ойлошот. Ошондуктан биздин [ата-энелер] тиешебиз жок», — деди Нурсулуу.

Мектеп жамааты окуучулардын көп иштерин байкамаксан болуп коет, ошондуктан күнөөлүүлөр жаза тартпай калат, - дейт студент Адилет

35 жаштагы Нургуль бул маселени чечүү үчүн коомдун жардамын зарылдыгын талап кылды

«Мектеп жетекчилиги менен ата-энелер гана рэкет маселесин чече алат. Менин азыр балам мектепте окуйт. Менин билгениме жараша азыр мектеп жамааты тиешелүү иштерди аз жүргүзүп жатышат», — деди Нургуль.

Бирок мектеп бүтүрүүчүсү Фарухтун айтканына караганда, «мектеп рэкети болгон жана дагы деле боло берет».

Автор: Бегайым Жуманазарова
Которгон: Кундуз Исмаилова