Ош шаарындагы коомдук транспортунун жол кире акысы 1 сомго кымбаттады.

Күйүүчү майга болгон баалардын кымбатташына жараша, 22-июндан тартып Оштун шаардык Кеңеши коомдук транспорттордун баардык түрүнө болгон жол киренин акысын көтөрүүнү чечти. Ал эми айдоочулар болсо, бааларды жогорулатуунун зарылчылыгы деле жок дешет.

Бул чечимге жараша Оштун троллейбус жүргүнчүлөрү үчүн 5 сом, автобус 6 сом, ал эми
маршруттук такси 8 сомду түздү. Шаардык Кеңештин депутаты Давлетбек Алимбеков
баалардын жогорулашы күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу, деп түшүндүрөт.

«Биз күйүүчү майды чет мамлекеттерден алып келебиз. Мурун майдын баасы 22-25 сомду
түзчү, ал эми азыр 35-40 сом болуп калды. Майдын баасын арзандатуу биздин колубузда
эмес, бул маселени чечүүнүн башка жолу жок», — дейт жергиликтүү эл өкүлү.

Ошондой эле жүргүнчү билети бар, мектеп балдары сентябрь айынан май айына чейин
жол киреге 1 сом төлөшөт. Ал эми алардын эс алуу мезгилинде баардыгы үчүн жалпы
төлөм — 8 сом түзөт деди.

Алимбековдун сөзүн шаардык антимонополия агенттигинин башчысы Арзыбек Жунусов
да тастыктады.

«Өткөн жылдын март айында жол кире 2 сомго кымбаттаган, азыр бир сомго көтөрүлдү,
бул анча деле көп акча эмес. Коомдук транспарттарга болгон жол кирени көтөргөндөн
башка, мындай кырдаалдан чыгуу амалыбыз калбай калды», — деп толуктады Жунусов.

Жунусовду билдиргенине жараша жеке маршруттук таксилер бир ай бою бир да пайда
көрбөстөн иштешкен жана ошондой эле алардын унаасына керек болгон тетиктерлин
баалары жогоруланууда.

Макул болбогон айдоочулар

Коомдук транспорттордун айдоочулары бааларды көтөрүүнүн зарылчылдыгы жок деп
эсептешет.

Айдоочу Сталбек Чолуев иш планынын өзгөргөнүн айтты.

«Биз баалардын көтөрүлүшүн деле каалаган эмеспиз, эми иш планыбыз жогорулады.
Анын үстүнө жүргүнчүлөр 5 сом төлөп жүргөндө айырмасын кайтарып берүү оңой
болчу, майда акча дайыма жаныңда болуш керек», — деди Чолуев.

Маматжан Багышов жол кире акысынын жогорулашына нааразы. Анын айтымында жаңы
тарифтер жүргүнчүлөрдүн санын азайтат.

«Жол кире акысынын көтөрүлүшү менен иш планыбыз да жогорулайт. Ага кошумча жай
айларында жүргүнчүлөрдүн саны эки эсе кыскарат», — деди айдоочу

Байыш Базарбаев жол акысын жогорулатуу чечимин туура деп эсептейт, бирок ал
жүргүнчүлөргө терс таасирин тийгизип коюшу толук ыктымал.

«Коомдук транспортторго болгон жол кире акысын жогорулаткандары жакшы, себеби
бизге тапкан акчабыз жетпейт, анын үстүнө күйүүчү май да өтө кымбат. Бирок бул
менимче, жүргүнчүлөр үчүн кымбат баа», — деди айдоочу

Жеке ишкер Гулайым Быкыева айдоочунун айтканына кошулуп, бекитилген баа абдан эле
жогору болуп калат деди, анткени ал Ош шаарынан 15 км алыс жайгашкан Кара-Сууга
күндө барып келип иштейт.

«1 сом эч нерсени деле чечип койбоорун билем. Бирок бир айдын ичинде ал чоң эле
чыгым болуп эсептелип калат. Мен Кара-Суу базарында иштейм, ишимди жүргүзүш үчүн
коомдук транспортко бир күндө көп эле түшөм», — деди Быкыева.

Баалардын жогорулашы Ош шаарынын баардык эле тургундарын нааразы кыла
бербейт

«Коомдук транспортторго төлөмдөрдүн кымбатташы мени анча деле түйшүккө салбайт,
анткени менин жеке автоунаам бар. Коомдук транспортко түшпөйм. Менимче жол кире
баасын көтөрбөстөн, андан көрө күйүүчү майды арзандатуу жолдору каралса болмок», —
деп эсептейт Бектур Эсекеев.

Редактор: Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Исмаилова