Бишкекте түштүктөгү тынчтыкты колдогон акция старт алды

21-июндан 24-июнга чейин «Демилгенин жакшы жарчысы: Бакыт баарына жетет!» аттуу акция старт алды. Анын алкагында Мамлекеттик кызматкерлердин өкүлдөрү, тынчтык орнотуу максатында Жалал-Абад жана Ош шаарларына барышат. Азыр бул облустарда былтыр болуп өткөн этникалык конфликттен кийин, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Каданбай Бактыгулов, иш-чаранын уюштуруучусу бул демилге элди биримдикке, улуттар аралык достукка чакырууга багытталган деп эсептейт

«Эгер достук, тынчтык болбосо, баарын кайра өз калыбына келтирип, бузулган имараттарды кайра салуунун кандай кажети бар? Биз шаардыктарды биримдикте иштешкенге, өсүп-өнүгүүгө, өлкөбүздүн алдыга карай жылышына салым кошууга элди үндөйбүз», — деди Бактыгулов бизге берген интервьюсунда

Бишкек шаарында акциянын алкагында концерт уюштурулуп, анда элди биримдүүлүккө үндөгөн чакырыктар болду.

Акция 3 күн уланат. Ош жана Жалал-Абад шаарларында ишембилик өткөрүлүп, балдардын асфальтка сүрөт тартуу майрамы болот. Ошондой эле акция учурунда асманга «Тынчтык, достук, өнүгүү» деген жазуулар менен символикалык шарлар кое берилет.

Көрүүчүлөрдүн ою

«Билайн» уюлдук операторунун эл менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчысы аталган акцияны уюштурууда жардам берип жатат. Анын ою боюнча ушул сыяктуу социалдык иш-чаралар өлкөдөгү стабилдүүлүктү жана этникалык конфликттерди чечүүдө чоң ролду ойнойт.

Ал эми белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиева жер жүзүндө «Жаман калк болбойт, жаман адам болот» деп айтты.

«Мен баардык Кыргызстандыктарга бакыт каалайм. Биз ар дайым тынчтык жана достук мамилелеринде гана жашайлы», — деди ырчы

Пенсионер Ольга Түштүктүн жашоочуларын колдогон акциянын демилгесин абдан жакшы деп белгиледи.

«Концерт бул анча деле маанилүү эмес, андан мурун бул акциядан кийин кандай жыйынтык болот? Мына ушул баарыбызды ойго салат. Мен бул иш биздин өлкөдөгү тынчтыктын башталышына өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп эсептейт Ольга

Акциянын көрүүчүсү Алмаз, бул иш-чара кыргызстандыктар үчүн жаңы жашоонун башталышы болушу мүмкүн дейт.

«Ар бир адам өзүнүн атынан бир иш кылыш керек. Аракетенип, ишеничти жоготпоо зарыл», — деди Алмаз.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова