Борбор калаанын башкы көчөлөрүндө орнотулган гүлдөр тактасына кеткен каражаттын көлөмү эксперттердин көңүлүнө ынабайт

«Зеленстрой» бөлүмүнүн кызматкерлери борбордун көчөлөрүнө гүл такталарын орнотууүчүн, 10 миллион сом сарыпталганын билдиришет. Бирок жашылдандырууга кеткен сумма рацианалдуу колдонулбагандыгын, экономика жаатынын эксперттери айтышты.

Бишкек шаарынын агроному Сергей Кравер «вертикалдуу жашылдундыруу» долбооруна
10,5 миллион сом каралгандыгын билдирди.

«Азыр долбоорду ишке ашыруу иштери бүттү. Шаардын башкы көчөлөрүндө 20,085
балкон жащиктери, 196 термочашка жана 15,955 көчөт гүлдөр отургузулган», — деп
билдирди шаардын агроному

Андан тышкары Кравер Кытайдан атайын алынып келген гүл чакаларынын ар биринин
баасын айтты

«Биз 10 жыл кепилдиги бар термочашаларды сатып алдык. Термочашанын ар бири 5,532
сом, ал эми балкон жащиктери эки 4,420 сомду түздү», — деди Кравер

«Зеленстрой» бөлүмүнүн башчысынын орун басары Вера Слесарева Kloop.kg порталына
берген интервьюсунда эмнеге Бишкектин көчөлөрүндө гүл такталары орнотулганын
айтып берди

«Жыл өткөн сайын бизге кислород берип туруучу өсүмдүктөрдүн саны азайып баратат.
Аны менен катар эле бул жагдай ымыркайларга да таасир берип, алардын көбүнчөсү ар
кандай ооруларга чалдыгышат. Ошол себептен биз шаарды жашылдандырып жатабыз», —
деди Слесарева

Вертикалдуу жашылдандыруу Кравердин айтымы боюнча Бишкектен чыгып бара
жаткандагы Манас аэропорту, Ыссык-Көл тарапка жана Чолпон-Ата, Жибек – Жолу, Ак –
Таш көчөлөрүнө орнотумакчы.

10 миллион сом рацианалдуу сарыпталган эмес

Борбор Азиялык институтунун президенти Мирсулжан Намазалиев шаарды
көрктөндүрүүгө каралган каржатты бийлик туура эмес колдонгон, деди Kloop.kg
медиасына берген маалыматында

«10 миллион сомду натыйжасыз короткондон көрө мугалим, дарыгерлерге айлык
маянасын көтөрүп койсо болмок», — деп эсептейт Намазалиев

Намазалиевдин оюн экономика эксперттери жана Бишкек ишкердик клубунун мүдүрү
Улук Кыдырбаев да колдойт.

«10 миллион сомду социалдык маселелерди чечүүгө жумшаш керек эле», — деди ал

Экономист Аскар Бешимов шаарды жашылдандыруу элдин гана кызыкчылыгы үчүн
жүргүзүлүшү керек дейт

«Эгер көрктөндүрүү элдин кызыкчылыгын көздөп жасалган болсо мен каршы эмесмин»,
— деди фондтун директору

Кравердин билдириши боюнча аталган каражат өз нугу менен эле сарыпталып, башка
керектөөлөргө кеткен эмес.

«Ар бир каржылоо белгилүү бир ишти аткарууга кетет. Биз жашылдандырууга берилген
акчаны мугалим жана медицина кызматкерлерине сарыптай албайбыз. Мисалга
пенсионерлеге берилчү деле каражатты биз жашылдандырууга кетиргенге укугубуз жок
да», — деди шаардын агроному

Бишкектиктердин ою

«Шаарды көрктөндүрүүгө ушунча көп акчаны сарыптабай эле коюшса болмок, андан
көрө аңгыл-дөңгүл болуп турган калаанын жолдору оңдолсо, бир топ эле жакшы болоор
эле», — дейт шаар тургуну Гуля

Надежда аттуу студент бул гүлдөр жайында эле көрк берип, кышында шаарга төп келбей
калаарын айтты.

Бирок Мээрим бул ойго кошулбастан шаар жетекчилери аткарган ишти жактырды.

«Шаарда кетип баратып бул гүлдөрдү көргөндө кадимкидей маанайын ачылат. Бул абдан
сонун идея» — деди ал

Таксит Адилет да гүлдөрдүн орнотулушун жактырды.

«Көңүлгө жага турчу баардык нерсе арзан болбойт. Шаарда кетип бара жатып гүлдөрдү
көрүп кадимкидей кубанасың», — деди таксист.