Таласта ноябрдан тартып картошка чипсылары чыгарылат

«Агро азык-түлүк корпорациясынын» билдиргени боюнча Таласта картошканы кайра иштеткен, чипсы өндүрүүчү заводу курула баштады. Заводко керектүү болгон жабдыктарды алуу үчүн 2,5 миллион долларды грант түрүндө Индия өкмөтү бөлүп берген.
Аталган корпорациянын жетекчиси Дуйшоналы Мамасалиев завод ушул жылдын ноябрь айында ишке киргизилиши толук ыктымал деп kloop.kg маалымат порталына билдирди.

«Заводту куруш үчүн биздин эсеп боюнча 38 миллион доллар сарыпталат экен», — деди Мамасалиев.

Курулуп жаткан заводто жүздөн ашуун киши иштеп, жыл сайын 420 тонна картошканы кайра иштетип чыгараарын билдирди жаңы заводтун жетекчиси.

«Негизинен чипсы чыгарабыз. Балким келечекте картошка унун жана крахмал да өндүрүп калышыбыз толук ыктымал», — дейт жетекчи

Ошондой эле Мамасалиев заводто өндүрүлгөн товар коңшу мамлекеттерге экспорттолоорун кошумчалады.

«Бул товарга болгон муктаждык дайыма боло берет. Анын үстүнө чет өлкөлүктөр бизде экологиялык таза кана азыктар чыгаарын билишет», — дейт «Агро корпорациянын» мүдүрү

Мурунку эт комбинат

«Агро корпорациянын» пресс-катчысы Болота Сатаркулов билдиргендей завод мурунку эт комбинатынын ордуна курулат.
«Бул имарат совет мезгилинен бери ээн турат. Аны биз реконструкциялап, жасайбыз. Инфраструктурасы, электр энергиясы жана суу түтүктөрү жаңыланып, киргизилет», — дейт Сатаркулов.

Курулушту бат бүтүрүү үчүн жумушчулардын саны 2 эсе көбөйтүлгөн.
«Чипсы чыгаруучу жабдыктар келип, азыр контейнерерде турат. Аны орнотуп, ишке киргизүү менен Индиялыктар алек болот», — деди пресс-катчы

картошка чипсылары ичке тууралып, майга куурулат. Көбүнчө учурарда аны пиво ичүү учурунда жешет.

Монополист «Кирби»

Кыргызстандын рыногунда монопоилст болуп «Кирби» чпсы чыгаруучу заводу эсептелет. Ал 1996-жылы биринчи жолу бул жаатагы мамлекеттин өзүнүн продукциясын өндүрүп баштаган.
Ал эми 2000-жылдан бери «Кирби» компаниясы чипсы жасалып жаткан картошканы өзүлөрү өндүрүп келишет.
«Картошканы өстүргөндө баардык агротехникалык керектөөлөр жасалат. Анын жыйынтыгында биз көпкө сактоого боло турган жана сапаты жогору болгон картошканы алабыз», — деп жазылган компаниянын интернет баракчасында.

Азыркы мезгилде компания картошка чипсыларын, котлет чыгарып, аны коңшу Казахстанга жөнөтүп турушат.
«Кирбинин» кызматкерлери Kloop.kg порталына өндүрүлүп жаткан продукциясынын санын атоодон баш тартып, Таласта жаңы курулуп аткан завод тууралуу комментарий берген жок.

Чипсылардын зыяны

«Я здоров», сайтынын билдиргенине караганда чипсыны күндө жегенде бир айдан соң амада зарына, ичеги оорулары жана гастрит пайда болот.

Автор: Бека Азаматов
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөт:  «Агро азык-түлүк корпорациясынын» расмий сайтынан алынды