Бишкекте Ч.Айтматовдун ысымы менен бульвар жана университет аталат

Парламенттин депутаттары Жаш Гвардия бульварын жана Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин залкар жазуучу Ч.Айтматовдун ысымын ыйгарууну чечти.

Өкмөткө Жогорку Кеңештин депутаттары Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу жана популяризациялоо боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле алардын билдирүүсү боюнча эми орто жана жогорку окуу жайларында айтматов тануу сабактары киргизилет.

Жазуучунун киндик каны тамган Талас облусунун Шекер айылында Айтматов атындагы музей ачылат. Парламенттин депутаттары Айтматов биринчи жогорку билимин алган Скрябин атындагы агрардык университетине жазуучунун ысымын ыйгарууну чечти.

Жогорку Кенештин депутаты Кенжебек Бокоевдин Kloop.kg порталына билдиргенине караганда, алар өкмөткө маркумдун атын кылымдарга сакташ үчүн музей ачып, район же көчөнүн атын Айтматовдун аты менен өзгөртүү ишин тапшырган.

«Токтомдун негизинде Жогорку Кеңеш аталган университеттин атын өзгөртүүгө кеткен чыгымдар кандай болоорун чечип, бул ишти ким жүргүзөөрүн талкуулашат. Балким демөөрчүлөр болот, же болбосо маданият министирлиги каражат бөлүп берет», — деди Бокоев.

Анын айтымында, эл тараптан Бишкек же Балыкчы шаарын Айтматовдун атын ыйгаруу сунуштары болгон.
«Эл Ч.Айтматовдун ысымына тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калды, жазуучу элдин мурасы экенин унутуп коюуу туура эмес. Өкмөт ошол үчүн бул боюнча баарын программалык жана комплекстүү түрдө ишке ашырыш керек», — дейт Бокоев

Депутат Талант Мамытов, өкмөткө Айтматовдун атындагы киномоторгафия сыйлыгын жакшы кинотасмаларга ыйгарып турууну сунуштаган. Мамытовдун айтымында, бул жаатта деле каржылоо боюнча коп оорчулуктар болбойт.
«Таласта каржылоо облустук масштабда өтүшү мүмкүн, эл жана өкмөт сөзсүз турдө бул демилгени колдойт. Айтматовдун атындагы сыйлыктарды татыктууларга тапшыруу жакшы саамалык», — деп билдирди депутат

Бишкектиктердин ою

Бишкек шаарынын тургуну Саламат Абдыкадыров Kloop.kg порталына берген интервьюсунда бул иш-чаранын өткөрүлүшү менен толук макул экенин билдирди.
«Чынында эле, Айтматов биринчи жогорку билимин Скрябин атындагы университетинен алган да, жазуучунун аты менен аташ, менимче туура», — деди Абдыкадыров.
«Жаш Гвардия бульварын гана эмес, дагы Чүй проспектисинин атын да өзгөртсө жакшы болот эле»,— деп белгиледи Бишкек шаарынын тургуну.

Бишкектик Бектурсун Калманов депутаттар туура чечим кабыл алды дейт
«Бул чечимди мурун эле кабыл алыш керек болчу. Айтматов Кыргызстанды бүткүл дүйнө жүзүно таанытты, ал залкар адам болгон», — дейт Калманов

Жазуучу Чыңгыз Айтматов

Ч. Айтматов 1928-жылы, 12-декабрда Талас облусуна караштуу Шекер айылында туулган. Чыңгызга 10 жаш толгондо анын атасы Төрөкул Айтматов «эл чыккынчысы» деп жарыяланып, атууга кеткен.
Ч.Айтматов 1948 Фрунзедеги айыл-чарба институтуна тапшырган. 1956-жылы атасын актаган соң Москвадагы жогорку адабиятт курсуна тапшырып, 1958-жылы «Октябрь» журналына анын алгачкы «Бетме- бет» аңгемеси жарык көргөн. Ошол эле жылы «Новый мир» аттуу журналынын беттеринен анын башка ангемелери орун алып, жазуучуга дүйнөлүк атак алып келген «Жамиля» повести чыккан.

2008-жылдын декабрь айында Айтматов 80-жашка толмок.
Ошол эле жылы «Кылымды карытаар бир күн» романын негизинде Казань шаарында көркөм тасманын тартылуусуна жазуучу катышууну көздөгөн.

16-майда Айтматовдун ден-соолугу начарлап, ал Татарстандын Республикалык ооруканасына жеткирилип, андан соң Германияга которулган. 10-июнь күнү жазуучунун акыбалы начарлап, ошол эле күнү кайтыш болгон.

Экс-президенттин буйругу менен 2008-жылдын 14-июнь күнү Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Ошол эле күнү Токтогул Салтыганов атындагы улуттук филармониянын имаратында элдер жазуучуну акыркы сапарга узатышты.
Айтматов Чоң Арык айылындагы Ата-Бейит мемориалдык комплексинде, атасынын жанына коюлган.

Редактор: Диана Рахманова

Которгон: Кундуз Исмаилова