Ыссык-Көл облусунун аэропорту эл аралык статуска ээ болот

Вице-премьер министр Омурбек Бабанов аэропорттун реконструкциясы 2012-жылы башталат деп билдирди. Туристтик компаниялардын эсеби боюнча Ыссык-Көл облусунда аэропорттун ачылышы чет элдик туристтердин келишине мумкунчулук тузуп, алардын саны кескин көбөйөт.

«Аэропорт Ворлд» электрондук журналынын билдиргенине караганда, биринчи вице-премьер Омурбек Бабанов Ыссык-Көл облусундагы аэропортту кайра жасоо үчүн 80 миллион АКШ доллары кетээрин билдирген.

«Биз биринчи этапта 18 миллион долларды инвистицияладык»,– деп Бабановду «Аэропорт Ворлд» цитаталады

Бабановдун айтымында жаңы аэропортто заманбап жарык берүү орнотулуп, самолеттор күнү-түнү иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эл аралык журналдын билдирүүсүнө караганда, учактар конуп-учуучу территория кеңейтилип, такси үчүн жер каралып, перрон да чоңойтулат.

«Совет мезгилинде атактуу болгон эс алуу жайында туризмдин деңгээли күч алат деп өкмөт ишенет», – деп жазат «Аэропорт Ворлд» журналы

Турфирмалардын ою

Kloop.kg порталына «Кыргыз Трэвел» туристтик агенствосу аэропорт ачылса, Ыссык-Көлгө транспорт каттамы алда канча оңой болот деп билдиришти.
«Жолго акчаны коротуунун кереги деле жок болуп калат, түз эл аралык каттам болот. Бирок түз каттам деле болбойт болуш керек, балким туристтердин кобу Бишкек жана Алма-Атадан келишет», – дешет «Кыргыз Трэвел» туристтик агенттигинин кызматкерлери

«Муза Трэвел» туристтик агенствосу да өзүнүн конкурентинин ою менен бөлүшөт. Эл аралык аэропорт Ыссык-Көлгө келген чет элдиктердин санын арбытып, ишти алдыга жылдырат.
«Бизге да бул абдан кирешелүү болот», – деди компаниянын өкүлдөрү.

«Иссык-Көл» аэропорту

Ыссык-Көл облусунун аэропорту 2003-жылдын 9-августунда президент Аскар Акаевдин мезгилинде ачылган. Ал деңиз деңгээлинен 1659 метр бийиктикте жайгашкан.
Азыр анын көлөмү эл аралык негиздеги учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Азыркы тапта Кыргызстан боюнча 2 эл аралык статусу бар аэропорт орун алган. Алар Бишкектеги «Манас» жана Ош шаарындагы аэропорттор.
Бүгүнкү күндө «Манас» аэропортунда 13 авикомпания иш жүргүзөт.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Исмаилова Кундуз
Фото: Bc.kg