Фракциялар арасында өткөрүлгөн мини-футбол боюнча «Ата-Журт» партиясы биринчиликти алды


Мини-футбол боюнча биринчилик Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары арасында алгачкы жолу өткөрүдү. Көрүүчүөрдүн айтымында элдик өкүлдөрдүн бул оюну абдан кызыктуу болгон. Жакшы саамалык «Спартак» стадионунда болуп өттү.

Оюндун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп «Ата-Журт» партиясы табылды.
Экинчи орунга «Республика» партиясынын депутаттары жетишсе, СДПК партиясы төртүнчү орунга татыктуу болду.

Бул өткөрүлгөн футболдо «Ар-Намыс» партиясы аутсайдер болуп, ал эми «Ата-Мекен» партиясынын депутаттары төртунчү орунду алды.

Жогорку Кеңештин депутаттары арасындагы биринчилик «Спартак» стадионунда 25-26 июнь күңдөрү өткөрүлдү.
Жаштар саясаты, өнүгүү жаана ден-соолукту чыңдоо боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекованын айтымында мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жататканын билдирди.

«Мурун мындай оюндар Жогорку Кеңештин бөлүмдөрү арасында өткөрүлүп келген, депутаттар бири-бири менен ойноп көргөн эмес. Биз атайын сурамжылоо өткөрүп, анын жыйынтыгында ушундай футболду уюштурдук», — деп белгиледи Султанбекова.

Төрайымдын айтымында мини-футбол баардык элдерди биримдикке чакыруу максатында өткөрүлгөн.
«Биз жөн гана биримдикке чакырып, спорт ишин уюштурдук. Антвени спорт бул достук, тынчтык болуп эсептелет да. Депутаттар өзүлөрүнүн кызматынан бир аз четтеп, спорттун жана дене тарбиянын өнүгүшүнө да көңүл буруусун ойлоп, ушул ишти уюштурдук», — деди Султанбекова.

Судья Ырыскелди Мусаевдин айтканына караганда матч баардык эрежелерди сактоо менен өттү.
«Кээ бир депутаттар спорт менен мурун эле машыгып жүргөнү байкалды», — дейт оюндун судьясы.

Бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы Рузабек Суранов бул иш-чараны уюштурууга алардын казынасынан 200 миң сом кеткенин айтты.
Биринчи орунга татыктуу болгон команда атайын медаль жана 10 миң сом акчалай сыйлык алды. Ал эми утулуп калган командага жөн гана 1000 сом тапшырылды

Партиялыктардын ою

Мини-футбол боюнча биринчиликке катышкан беш фракциянын депутаттары оюн тууралуу мындай деп айтышты
«Бул сыяктуу иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу керек», — деди «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Акын Мусадинов.

«Ата-Журт» фракциясынан Эркин Сакебаев, футбол депутаттардын ден-соолугуна жакшы таасирин тийгизет деп эсептейт.
«Жылдын ар бир мезгилине жараша оюндарды өткөрсөк болот. Кышында лыжа тээп жарышсак, жайында валейбол, футбол жана башка», — деди Сакебаев.

Жаман эмоциялардан депутаттар арыла алат

Көрүүчүлөрдүн бири Тахир Саитов депутаттардын футболдогу таймашуусун көрүү абдан кызыктуу экен дейт.
«Депутаттарды биз көбүнчө эле костюм чымчан, расмий түрдө гана көрөбүз. Ал эми азыр алар баардыгы бирдей болуп алып, топ тээп жүрүшөт», — деди Саитов.

«Кээ бир эл өкүлдөрү парламентте орурганда бири-бири менен чатакташып кетишет, ал эми мындай жамааттык иш-чарада алар достук мамилеге келишет деп ойлойм. Жогорку Кеңеште бир аз ыйкы-тыйкылар болуп калганда эле аларды спорт оюндарына чакырыш керек», — деп айтат Азамат.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова