Кыргызстанда мобилизациялоо кызматын алып салууну ойлонуп жатышат


Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети айлык мобилизациялоо кызматынын ишин токтотууну ойлоп жатат. Ал эми коопсуздук жана коргоо министирлиги аталган кызматтын мөөнөтүн тескерисинче жөн гана 3 айга улантууну өтүнүүдө.

Комитеттин орун басары Кенжебек Бокоевдин айтымында комитеттин төрагасы Исмаил Исаков мобилизациялоо кызматынын ишин токтотуп, 36 ай жүргөн альтернативалык мөөнөттү 18 айга чейин кыскартуу боюнча долбоор иштеп чыгууда.

Бокоев жарандар бир айдын ичинде жетиштүү деңгээлде эффективдүү даярдана албай тургандыгын жана баардык каражаттар бюджетке эмес, коопсуздук министирлигинин казынасына түшөөрүн айтты.

«Военкоматка эле 7 күн, ары-бери барып келгенге 7 күн кетет. Аржакта калган 15 күндүн ичинде киши аскердик өнөрдүн баарын үйрөнүүгө жетише албайт. Ушул эле мөөнөткө 12 миң төлөнөт, а каражат коргоо жана коопсуздук министирлигине түшөт», — дейт Бокоев.

Комитеттин төрагасынын орун басарынын айтымында ушул себептен 100 миң кызмат өтөөчүлөрдүн арасынан 10 миңин гана армия чакырса болот.

Эгер бул мобилизациялык негизде кызмат өтөөнү токтотпостон уланта берсе, элдер көп акча төлөп калаарын билдирди. Бирок мырзалар аскер кызматына 3 ай даярданууну же бир жыл бою альтернативалык аскер кызматын өтөө жолдорунун бирин тандап алууга мүмкүнчүлүк алат дейт Бокоев.

Коргоо жана коопсуздук министирлигинин пресс-кызматынын башчысы Мурат Ашырбековдун билдиргенине караганда, мобилизациялоо кызматын 3 айга улантыш керек.

«Убакыт тар болбой, кызмат өтөөчүлөр баардык аскердик өнөрлөрдү үйрөнүш үчүн биз анын мөөнөтүн бир айдан үч айга чейин узартууну сунуштап жатабыз», — деди Аширбеков.

Пресс-катчы билдиргендей, аскердик кызмат өтөгөн адам төлөгөн акча каражаттын 90% согуш болуп калса, ошол адамга эле кайра жумшалат, ал эми 10% материалдык-техникалык базаны чыңдоого сарыпталат.

«Бир айдын ичинде сен мылтыктан атууга гана үйрөнөсүң, ал эми калгандарына аз дегенде 6 ай кетет», — деп эсептейт Кыргызстандын жараны Бакыт Турманов.

Аскердик кызмат өтөөгө чакыруу

Аскердик кызмат өтөөгө мырзалар атайын чакыруу барагы менен аскерге чакырылат. Же жарандар контрактык негиздеги аскердик кызмат өтөшөт.

Аскерге 18 жаштан 27 жашка чейинки Кыргызстандын эркек жарандары, сөзсүз түрдө аскердин учетто турган, кызмат учурунда андан бошотула турбагандар чакырылат.

Бирок кээ бир мырзалар өз каалоосу менен альтернативалык же мобилизациялык кызматты өтөй алышат. Альтернативалык кызмат өтөөнү каалаган жарандар биринчи кезекте райондук чакыруу комиссиясына кат жүзүндө арыз өткөрүшү керек.

Эгер анын арызын райондук комисстя колдобосо, анда ал облустук чакыруу комиссиясына кайрылат, ал эми ал жактан да терс жооп келсе, сотко кайрылып, так жоопту ала алат.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөттүн автору: Дарья Ленц