Оштун тургундары СМС аркылуу кабардар болушат


Оштогу ММКнын ресурстук борборун демилгеси менен, жаңылыктарды СМС аркылуу билүүнүү каалагандарга мүмкүнчүлүк түзүүдөө. Долбоордун журналисттери мындай ыкма жаңылыкты элге интернет жана газетадан да бат жеткирет деп билдирет.

Ресурстук борбордун мүдүрү Максуда Айтиеванын айтымында, СМС катары келген жаңылыктар Ош шаарынын тургундарына маалыматты алууга оңой жолду түзөт.

Айтиева билдиргендей Оштун тургундары борбордук ММК-берилбей калган жаңылыктарды билип, эң маанилүүлөрүн уюлдук телефондоруна алышат.

Жаңылыктарды өз ичине камтыган СМС-каттар 3 - кыргыз, орус өзбек тилдеринде элге акысыз таркатылат.

«Аталган кызмат долбоордун негизинде башталып жатат, ошондуктан 6 ай бою Оштун тургундары кыска билдируулорду акысыз алып турушат. Азыр биз жанылыктарды СМС-билдируу аркылуу кабарлануу учун, каалагандардын телефондук номерлерин чогултуп атабыз», ― деп билдирди Айтиева

Бул долбоордун автору, журналист Алла Пятибратованын айтымында, уюлдук телефон азыр баарында эле бар. Ал эми интернетти көбүнчө өзбек калкы абдан аз колдонот. Мунун кесепетинен маалыматты толук билбеген адамдар туура эмес жаңылыкты элге айтышы мүмкүн жана ар түрдүү түшүнбөстүктөр да келип чыгат.

«Бул ― “сарафан радиосу”, ал ушактарды жок кылуу оңой эмес. Мисалга телекөрсөтүүдө сюжетти даярдап чыгаргычакты убакыт кетет, радиону көп деле киши укпайт, ал эми газета маалымат алуунун эң эле жай жолу», ― дейт Пятибратова.

Журналист СМС-жаңылык бир гана саптан туруп, калганын сайтта тапса дейт. Толук маалыматты билгиси келгендер дал ошол сайтка окуй алышат. Бирок азыркы тапта интернет баракча толук жасалып бүтө элек.

«Тынчтыкты чыңдоо»

Пятибратованын айтымында, баардык маалыматтар адис журналисттер тарабынан жазылат.

«[Журналисттер] сөзсүз түрдө жазганды билет да, эки маалымат булагын колдонушат.Тагыраак айтканда ар бир жаңылык текшерүүдөн өтүп турат», ― дейт Kloop.kg порталына берген интервьюсунда Пятибратова

ШИИБ- пресс-кызматчысы Замир Сыдыков, так берилген маалымат аймактагы тынчтыкты чыңдоого чоң өбөлгө түзөт деди

«Ал эми ресурстук борбордун кызматкерлери ушактардын негизинде улуттар аралык кагылышууларды жандандыра турган болсо, бул албетте шаар тургундарынын аң-сезимине терс таасирин тийгизет. Бериле турган маалымат чындыкка максималдуу түрдө жакын болушу керек», ― деди Сыдыков

Пресс-катчы укук коргоо органдары аталган ресурстук борбор менен кызматташып,аларга жаңылыктарын берип тураарын кошумчалады.

Алла Пятибратова элдер негатив алып келген жаңылыктарды алуудан тажаганын айтат.

«Элдер терс маанайды алып келген жаңылыктардан тажады, аларга позитивдүү маалымат керек», ― дейт Пятибратова.

Бирок медиа-эксперт Александр Кулинский, болгон баардык жаңылыктарды бериш керек дейт. Алдыга эч качан позитивдүү гана жаңылык беребиз деп максат койбош керек деп эсептейт.

«Баардык эле жаңылыктарды ар бир адам өз каалоосу боюнча кабыл алат. Кээ бири жакшы, кээ бири жаман», ― дейт меди-эксперт

Ошондой эле ал шаардагы ушак айыңдарды СМС-жаңыыктар аркылуу жок кылуу абдан оор деп кошумчалады.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин мүдүрү Марат Токоев СМС-жаңылыктар идеясын колдоп, окуяны айтып берүүнүн ар түрдүү жолдорун колдонуу жакшы деп билдирди.

Өткөн жылдын июнь айында болгон этникалык кагылышуулардан кийин көбүнчө мааалымат булактары элге жеткиликтүү болгон эмес. Алардын катарына «Ош-ТВ» жана «Мезон-ТВ» кирет. Ошондо убактылуу өкмөт аймактагы жаңылыктарды СМС-билдируу аркылуу элге жиберип туруу чечимин кабыл алган.

«Июнда коогалаң башталгандан кийин, мен пресс-катчы катары элди тынчтыкка чакырган маанилүү жаңылыктарымды элге таратуу учурунда абдан көп кыйынчылыктарга кабыл болдум», ― деп билдирди Сыдыков.

Уюлдук операторлордун баш тартуусу

Ошто азыркы тапта үч, «Мегаком», «Билайн» жана «Фонекс» уюлдук операторлордун кызматы менен колдонот. Ал эми «0!» уюлдук оператору эми гана өз кызматын баштап келе жатат.

СМС-жаңылыктарды элге таркатуу демилгечилеринин айтымында, уюлдук операторлор бул ойду колдоого алган жок. Ошол себептен атайын программанын негизинде маалымат Oshmedia.kg интернет баракчасынын шаар тургундарына жетет.

«Мегаком» уюлдук операторунун пресс-катчысы Елена Копцева аталган идеяны кызыксыз деп атады.

«Бул маалымат таркатуу смс - булагына көз каранды болуунун кажети деле жок. Ал үчүн интернет баракчалары, маалымат агенстволору жана мобилдик интернет деле бар», ―
деди Копцева

«Билайн» жана «О!» операторлору бул материалды чыгаруу алдында жеткиликтүү болбой калды.

Ал эми «Фонекстин» кызматкерлери Kloop.kg порталынын журналисттеринен бул маалыматты биринчи жолу угуп жатканын билдирди.

Элдин ою

Оштун тургуну Айбек калктын көбүнчө эле пайызы объективдүү маалымака чаңкап турат дейт.

«Эгер бул абоненттер үчүн бекер болсо, албетте мен каршы эмесмин. Бул абдан актуалдуу болот. Себеби мен жаңылыктарды билүү үчүн кээде мобилдик интернетке кирем, ал эми бул идея аркылуу СМС-жаңылык өзү эле келип турат», ― дейт шаар тургуну

Атын атагысы келбеген Оштун дагы бир тургуну бул иш-чараны бир гана Ошто эмес, бүткүл Кыргызстандын аймагында өткөрүлуп, өлкөдо болуп жаткан баардык жаңылыктарын жазылыш керек дейт.

Ош университетинин студенти Русан, Япониядагы жер титирөөнү мисал катары келтирди. Анын айтымында Япония тургундары бул тууралуу дал ушул СМС-жаңылык аркылуу маалымдалышкан.

Аудиожаңылыктар

«Куш Кабар» долбоору ушул жылдын февраль айында башталган. Анын негизинде баардык аймактын тургундары өзүнүн уюлдук телефонунан кыска сандарды терип, жаңылыкарды уга алчу.

Аталган долбоордун коррсепонденти Наталья Сикерина жаңылыктарды орус жана кыргызтилинде угууга болоорун билдирет. Анын айтымында «Куш кабар» менен кызматташууга
бир гана «Фонекс» уюлдук оператору макул болгон.

«Твиттер» аркылуу жаңылыктар

2010-жылдын июль айында «Мегаком» компаниясы өз абонеттери үчүн «Твиттерден» жаңылыктар опциясын кошкон, ал эми 2011-жыдын апрель айында компаниянын башкы каршылашы «Билайн» аталган кызматты ишке киргизе баштаган.

Редактор: Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Исмаилова