Россиянын ФСБ академиясынын 2011-жылынын эн мыкты бүтүрүүчүлөрү кыргызстандыктар болду


Тышкы иштер министрлигинин бидиргенине караганда, 2011-жылы аталган академиядан 9 кыргызстандык бүтүрүүчүлөрү алтын медаль алышты. Улуттук коопсуздук комитетинин пресс-кызматы, бүтүрүүчүлөрдүн мынча көп медалды өз мекенине алып келиши, алгачкы жолу экенин айтты.

Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына жараша Россия Федералдык Академиясын алтын медаль менен бир эле Кыргызстандын 9 жараны аяктады.

Улуттук коопсуздук комитетинин [ГКНБ] биринчи орун басары Марат Иманкулов азыркы тапта академиянын мыктылары өз мекенине кайтып келе жаткандыгын билдирди.

«Алар атайын текшерүү тестин өтүшкөн. Келээри менен жумушка кирүү үчүн экзамен тапшырышат», — деди Иманкулов.

Улуттук коопсуздук комитетинини төрагасы Кенешбек Дүйшебаев, биздин өлкөнүн жарандары академиянын медалын алгандыгында эч бир таң калыштуу нерсе деле жок,- дейт.

Кыргызстандагы Россиянын элчиси Виктор Харченко, академиянын бүтүрүүчүлөрү өлкөнү коргогонго толук даяр деди.

«Биз Кыргызстандын мындай ийгиликтерин чогуу бөлүшөбүз. Бул эки тараптуу жүргөн карым-катнаштын жемиштүү жыйынтыгы», — деди Харченко.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Сүрөттүн автору: Ирина Василевицкая