Тез жардам кызматынын башчылары унаа жетишпей жатканын айтып, нааразы


Бишкек тез жардам кызматынын башкы даарыгери Гульнара Ташибекова баланста турган 37 тез жардам автоунаасы жетишпээрин айтып, дагы 60 унаа керек деп билдирди. Ал эми саламаттык сактоо министирлиги бүгүнкү күндө борбор калаада болгон тез жардам унаасы калкты тиешелүү деңгээлде тейлеп турганга жетиштүү дейт.

«Азыркы тапта биздин кызмат дагы 60 автоунаага муктаж болууда. Азыр абоненттердин чакырууларына 37 машина чыгып жатат», — деди Ташибекова.

Даарыгердин айтымында, өкмөт тиешелүү каражатты бөлуп бербегендиктен улам унаа тартыш болууда.

«Шаардык мэрия ар жыл сайын машина сатып алууну максат кылат. Мурун бизге өкмөт такыр эле каражат бөлүп берген эмес, эми алар акырындык менен унаа сатып берүүдө. Азыр төрт подстанция бар, анын ар биринде 4-тез жардам иштейт. Бирок тилекке каршы алардын баары керектүү каражаттар менен толтурулган эмес», — деди башкы дарыгер.

Негизи бул кызматта 37 машина бар. Алардын 7-немец грантынын негизинде алынган, 6-кордиологиялык, 3-неврологиялык жана 4 реанимациялык болуп эсептелээрин дарыгерлер билдиришти.

«Шаарда тез жардам унаалары жетиштүү»

Казымбек Мамбетов, саламаттык сактоо министринин орун басары азыр шаарда иштеген 34 тез жардам машина жетишип туураарын айтып, жабыркаган адамга унаалар өз убагында жетишине башка себептер тоскоол болоорун билдирет.

«Негизинен эле көчөлөр тиешелүү деңгээлде жарык берүү менен камсыздалган эмес. Үйлөрдүн тышында номерлер аз, бул көп эле учурда тоскоолдуктарды жаратат. Андан сырткары күндүз машина көп, кээ бир айдоочулар сирена менен келе жаткан тез жардамды өткөрбөй да коет. Өз кезегинде бул айдоочулардын маданияты жок экендиги жөнүндө айтып турат», — деди министирдин орун басары.

Мамбетовдун айтымында, келечекте тез жардам кызматына дагы көптөгөн кошумча подстанциялар керек.

«Бишкектин тегерек-четинде 50гө жакын жаңы конуштар пайда болуп, алардын көчөлөрүнө ат да бериле элек. Ушундай кеңейүүлөрдү эске алуу менен бизге дагы подстанцияларды ачуу зарыл», — деп кошумчалады Мамбетов.

«Эми 37 тез жардам машинасы калды»

Горький атындагы көчөгө жетпей Шабдан Баатыр көчөсүнөн 27-июнь күнү таңга маал мас абалындагы айдоочу тез жардамдын автоунаасын сүзүп алган.

Саламаттыкы сактоо министирлиги билдиргендей, кырсыктан жабыркагандардын баары №4 шаардык ооруканага оор акыбалда жеткирилген. Жабыркаган авто унаалар кайра оңдоп-түзөөгө жараксыз деп табылды.

«Спорт машинасы катуу келе жатып, биздин тез жардам авто унааны кагып кетти. Ичиндеги айдоочу бас экени билинди. Азыр тез жардам кызматкерлери №4 ооруканасында дарыланып жатышат», — дейт Саламаттык сактоо министирлигинин пресс-катчысы Светлана Байтикова.

Министрликтин пресс-катчысынын айтымында жараксыз болуп калган тез жардам каретасы 100 миң АКШ долларын түзөт.

Автор: Адилет Азимканов
Которгон: Кундуз Сырдыбаева